Путин кытайлык кесиптеши менен Сирия кризиси жана эл аралык терроризмге каршы күрөш маселесин талкуулады

275
0

Россия президенти Владимир Путин Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен 25-июнь күнү Пекинде Сирия кризиси жана эл аралык терроризмге (Исламга) каршы күрөш о.э. Кореянын ядролук маселесин талкуулады. Путиндин Кытайга сапары учурунда Россия жана Кытай ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимдер түзүлдү жана бир нече документтерге кол коюлду. Мындан тышкары, глобалдык стратегиялык туруктуулукту бекемдөө жана соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү боюнча ортоктош билдирүүлөргө кол коюлду.

Путин Кытай жетекчиси менен өткөргөн жолугушуудан кийин сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүү берди.

“Биз эл аралык жана аймактык маанилүү маселелерди жөнгө салуу тууралуу талкуулаштык. Бул эл аралык терроризмге каршы күрөштү, Азия жана Тынч океаны регионунда коопсуздукту күчөтүүнү о.э. Корея жарым аралындагы туруктуулук жана коопсуздукту сактап калуу жолунда кызматташтыкта аракет кылуу үчүн таштала турган келечектеги кадамдарды камтыйт”, – деди Россия президенти.

Путин Москва менен Пекиндин кадамдары БУУ, Шанхай жана Брикс алкагына ылайык экендигине ишара кылып, Россия менен Кытайдын эл аралык маселелер боюнча ээлеген позициялары бири-бирине өтө жакын жана окшош экендигин кошумчалады. Өз кезегинде Кытайдын президенти да алакаларды бекемдөө о.э. эл аралык майдандагы кырдаалга каршы саясий кызматташтыкты күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи. Эки жетекчи глобалдык стратегиялык туруктуулукту бекемдөө о.э. маалымат тармагында да кызматташтыкты күчөтүү боюнча ортоктош билдирүүлөргө кол коюшту.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here