Британия Европа Союзунан чыкты

274
0

Британиянын Европа Союзунун курамында калышы, же андан чыгышы боюнча референдум болуп өттү. Референдумда англис калкынын көпчүлүгү Британиянын Европа Союзунан бөлүнүп чыгышын жактап добуш берди. Бирок, референдумдун натыйжасы Европадагы саясий жетекчилерди кубандырган жок.

Германия канцлери Ангела Меркел Британиянын Европа Союзунан чыгуу чечими Европа үчүн жакшы жышаан эместигин билдирди. Меркел Федералдык жыйында Британиянын Европа Союзунан бөлүнүп чыгуу чечими жөнүндө билдирүү берип, анын бул чечимин кайгыруу менен кабыл алгандыгын айтып: “Бүгүн Европа үчүн жана Европаны бириктирүү жараяны үчүн чегинүү чекити болду”, – деди.

Мындан кийинки кырдаалды талдоо зарыл экендигин баса белгилеген Меркел бул жаатта туура чечимдерди кабыл алуу зарыл экендигин айтты. Меркелдин айтымында, бул чечимдин келечекте кандай натыйжаларга себеп болушу калган 27 мамлекеттин тыянак чыгарышына байланыштуу. Антпесе, бул нерсе Европа Союзунун бөлүнүп кетишине себеп болушу да мүмкүн.

“Европада ар түрдүүлүк бар. Европадагы адамдар канчалык бири-биринен айырмаланса, Европа Союзунан күтүлгөн иштер да кудум ошондой айырмалуу”, – деди Германия канцлери Ангела Меркел.

Көбүнчө Европанын биригүү жараянына шек-күмөн менен карап келгендигин билдирген Меркел бул күмөн Британияга эле эмес, башка мамлекеттерге да тиешелүү экендигин билдирди.

АКШ президенти Барак Обама болсо Британияда өткөрүлгөн референдумдун натыйжалары жөнүндө сөз кылып, англис калкынын тандоосун урматтай тургандыгын билдирди.

Обама АКШ менен Британия ортосундагы “жекече алакалардын” уланып жаткандыгын билдирип, Британиянын НАТОго мүчө экендигин о.э. Британия АКШнын коопсуздук, экономикалык жана тышкы саясаты үчүн маанилүү орун ээлей тургандыгын баса белгиледи. О.э. АКШнын Европа Союзу менен да мамилеси өтө жакшы экендигин айтып өткөн Обама Британия АКШ үчүн өнөктөш бойдон кала тургандыгын кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here