23-24-июнь күндөрү Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары кеӊешинин юбилейдик жыйыны болуп өтөт. Бул жыйынга Өзбекстан президенти Ислам Каримов төрагалык кылат.
Бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги ушул иш-чарага байланыштуу брифинг өткөрдү. Анда саммитке ШКУга мүчө мамлекеттерден Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай Элдик Республикасынын башчысы Си Цзиньпин, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондор катыша тургандыгы кабарланды.
Байкоочу мамлекеттерден Афганистан президенти Ашраф Гани, Белорусия президенти Александр Лукашенко, Монголия президенти Цахиагийн Элбэгдорж, Пакистан президенти Мамнун Хусейн, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф о.э. конок катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов катышат.
Жыйынга ошондой эле ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов жана ШКУ аймактык антитеррор түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев катышат.
Ошону менен бирге ШКУнун эл аралык өнөктөштөрүнөн БУУнун башкы катчысынын орун басары Джефри Фелтман, КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа, АСЕАНдын башкы катчысы Ле Лыонг Миньдер катышат.
Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Анвар Насировдун билдиришинче, ушул иш-чарага катышуу үчүн Ташкентке ШКУга мүчө мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк ЖМКлардан болуп 1000 өкүл келет.