Бокстун королу маркум Мухаммад Алинин Хизб ут-Тахрирге мамилеси

491
0

Мухаммад Али өткөн кылымдын 60-жылдарында Америкада расалык жаӊжал чокусуна чыккан бир учурда Исламды кабыл алган атактуу адамдардын бири. Анын мусулман болушу миңдеген кара түстүү жаштардын Исламга киришине себеп болгон. Албетте аларды Исламга тартууда Мухаммад Алинин салымы өтө чоӊ эле.

Бокс королу дүйнө бойлоп элүүдөн ашуун мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп  жаткан Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгү менен таанышууга да жетишкен. “Исламий турмушту кайрадан баштоо” жана “Халифалык” деген түшүнүктөр Орто Азияга кирип келишине себепкер болгон Хизб ут-Тахрирдин активдүү мүчөлөрүнүн бири доктор Мухаммад Малкавий бокс королу Мухаммад Али менен жолугушуусун мындай эскерет:

“Мен Мухаммад Али менен Чикагонун түндүк бөлүгүндө жайгашкан ага караштуу “ал-Фатир” мечитинде жолугуштум. Жума намазында менин хутбамды уккан Мухаммад Али намаздан кийин мени менен маектешүү үчүн күтүп турган экен. Ошондогу хутбам Халифалык мамлекетинин жакырчылык жана расачылыкты жоюшу о.э. адамдарды кулдуктан азат кылышы тууралуу болчу. Халифалык мамлекети туурасындагы хутбаны тыӊдаган Мухаммад Али эгерде жардам керек болсо, жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Жигиттерибиздин бири күтүүсүздөн чечкиндүүлүк менен: “Албетте эй чемпион, сиздин жардамыӊыз керек. Исламий жашоону кайрадан баштоо жана Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу маанилүү экендигин бардык мусулмандарга таркатышыӊызды каалайбыз”, – деп жооп берди. Муну уккан Мухаммад Али: “Каржылык жактан жардам берсем болбойбу?” – деп кайрадан сурады. “Жок, каржылык жактан кереги жок”, – деген жоопту алган Мухаммад Али таӊ калгандыгын жашырбастан: “Өмүрүмдө биринчи жолу менден акчадан башка нерсе талап кылынды. Мен аябай курсант болдум”, – деп жиберди. Ошондон кийин Мухаммад Али Хизб ут-Тахрир жигиттерине – Халифалык тууралуу хутбаларды кылуу үчүн о.э. сабактарды, халкаларды өткөрүү үчүн – көптөгөн жылдар мечитинен пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Аллах Таала акыретте бул жакшылыктарын өзүнө жолдош кылсын”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here