Саудия шахзадасы реионалдык маселелерди АКШ жетекчилери менен талкуулашты

360
0

Саудия Арабиянын экинчи мураскор шахзадасы Мухаммад бин Салман Жакынкы Чыгыш регионунда жүз берген проблемаларды Ак үй менен чечүү үчүн  АКШга сапар тартты.

АКШ президенти Барак Обама жума күнү шахзада Салманды Ак үйдө кабыл алды. Кабыл алуу учурунда АКШ президенти эки мамлекет ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана Жакынкы Чыгыш регионундагы проблемалар тууралуу талкуулашты. Обаманын айтымында, АКШ өкмөтү эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн о.э. Жакынкы Чыгышта коопсуздук жана туруктуулукту колдоп-кубаттоо үчүн Саудия королдугу менен кызматташтыкты улантышы керек.

Шахзада Мухаммад бин Салман Пентагондо АКШнын коргоо министри Эштон Картер менен да жолугушту. Шахзада Салман регион өтө чоӊ коркунучка дуушар болуп жатканын билдирип, айрыкча “терроризм” эң чоӊ коркунуч экендигине көӊүл бурду. Шахзаданын айтымында, Саудия өзүнүн союздаштары менен, айрыкча Вашингтон менен ушул коркунучка каршы күрөшүүдө.

“Бүгүн мен өтө назик бир учурда биз менен союздаш болгон бир өлкөдөмүн. Биз (Жакынкы Чыгыш) регионунда туруксуздук же террор сыяктуу өтө чоӊ коркунучтун ичинде жашап жатабыз. Бүгүнкү күндө бул коркунучтарды жок кылууда АКШ жана анын союздаштарынын өтө маанилүү ролу бар. Бул коркунучтар жалпы көрүнүштө бүт дүйнөгө таасир көрсөтүшү мүмкүн. Биз бул проблемалады чечүү үчүн катуу аракет кылып жатабыз”, – деди Мухаммад бин Салман.

Саудия шахзадасы АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен да жолугушту. Жолгушууда регионалдык проблемалар талкуулангандыгы айтылууда. АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, (Керри жана Салман) өткөн аптанын аягында Орландодо жүз берген чабуулдарды да талкуулашкан жана экстремизмдин жайылышына каршы күрөштө кызматташтыкты уланта тургандыгын билдиришкен.

О.э. Мухаммад бин Салман Америка расмийлери менен региондогу кризисти талкуулашты. Шахзада Сирия кризиси жана башка маселелер боюнча республикачылар жана демократтар партияларынын жетекчилери менен о.э. бир катар Конгресс мүчөлөрү менен жабык эшиктер артында жолугушууларды өткөрдү.

АКШнын аскерий кызматтар жана тышкы алакалар комитетинин мүчөлөрү жана жетекчилери менен да жолугушкан шахзада Салман эки мамлекет ортосундагы саясий жана коопсуздук маселелеринде кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашты. Сирия кризисин чечүүдө жана АКШ менен кызматташууда Саудиянын жетекчи ролу макталды. АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби Саудия ИШИМге каршы эл аралык коалицияны негиздөөчүлөрдүн бири экендигин айтып өттү.

“Эгерде Саудиянын ролу болбогондо, Сирия кризисине саясий чечим табуу үчүн жыйырма чакты мамлекеттен түзүлгөн “Сирияны колдоп-кубаттоо” эл аралык коомчулугу да болбойт эле”, – деди Жон Кирби.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here