АКШ жана НАТОго мүчө мамлекеттер алдыдагы төрт жылдын ичинде Афганистан армиясы жана полициясы үчүн 15 млрд доллар бөлүп берүүнү пландаштырууда.
Бул тууралуу ишемби күнү “Washington Post” басылмасы кабарлады. Мындай чечим июль айында Варшавада өтүүчү Түндүк альянстын саммитинде кабыл алынары күтүлүүдө.
“Washington Post” басылмасы американын расмий өкүлүнүн кабарына таянып: “АКШ жана анын союздаштары афган коопсуздук күчтөрүн каржылоо үчүн 2020-жылга чейин 15 млрд доллар чогултууга аракет кылууда. Бул каражаттын 10,5 млрд долларын АКШ бөлүп берет”, – деп билдирди.
Учурда афган армиясында жана коопсуздук күчтөрүндө 300 миӊдей адам бар. Мындан тышкары, мамлекетте НАТОнун 12 миң аскери бар болуп, алардын 10 миңге жакыны америкалык аскерлерден турат. Бул күчтөрдүн командачысы генерал-лейтенант Жон Николсон Афганистанда жакынкы жылдарда бул күчтөрдү канчалык өлчөмдө калтыруу маселеси боюнча АКШ коргоо министрине жана президентине сунуштарды даярдап жатат.
Туркистон:
АКШ Афганистанга согуш ачып, бир нече жылда шерменде болуп жеӊилди. Эми ал афган калкынан турган аскерлерди сатып алып, мусулмандарга каршы согушту алардын колу менен улантууну көздөп жатат. АКШ айлакердик менен мусулмандардын артына өтүп алып, согушту мусулмандар аралык согушка айландырып алууда. Ал убада кылып жаткан акча болсо, болгону убактылуу кыйматка ээ болгон жана АКШ тынымсыз басып чыгарып жаткан бир кагаз гана.
Афган армиясына чыккынчылыкты сунуштап, ага убада кылып жаткан миллиарддаган долларлар өзү түздөн-түз согушуп жатканда кетирген акчалардан ондогон эсе аздык кылат. Мындан тышкары, курмандык берилип жаткан миӊдеген америкалык аскерлер проблемасы да бар эле. АКШ бир ок менен бир нече коёнду атып алмакчы болууда.
АКШ 2014-жылдан баштап, Исламды жана анын коргоочуларын мусулмандардын колу менен жок кылуу саясатын баштады. Мындан тышкары, АКШ өзүнүн өнөктөштөрү болгон бир нече куфр мамлекеттерин да мусулмандарга каршы багыттап жатат. Буга Россия жана Европа мамлекеттерин мисал келтирсек болот. Путин акыркы билдирүүсүндө, АКШ жападан-жалгыз дүйнөлүк держава экендигин тан алды. О.э. “Американын башка мамлекеттердин ички иштерине аралашуусу туура эмес. Жакынкы Чыгышта жүрүп жаткан согуштар жана Россияга киргизилген санкциялардан АКШ эч кандай зыян тартпай жатат. Бул санкциялар Европа менен Россияны алдан тайдырып жатат”, – деп айтты.
Жакында Ислам дүйнөсү бутка турат. Муну эч кандай кубат токтотуп кала албайт, инша Аллах. Абал өзгөрбөй тура берсе, Европа жана Россиянын бүгүнкү тартып жаткан зыяндары эч нерсе болбой калат. Тышкы исламий кубаттын таасиринен тышкары, алар өзүнүн ичинен жарылып кетет. Себеби, Америка аларды кыйын абалга кептеп туруп, мусулмандарга зулум кылууга мажбур кылууда. Булар болсо, мусулмандарга каршы жийиркеничтүү жана ыпылас иштерди кылып жатышат.
Афганистан өкмөтү жана армиясы куфр мамлекеттеринин катасын кайталап жатышат. Алар да АКШдан үмүттөнүшүп, өзүнүн боордошторуна каршы аракет кылууга ыраазы болуп жатышат. Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия мамлекеттери да кудум ушундай абалда саясат жүргүзүп жатышат. Алардын бардыгы куфр менен аскерий, сакафий, саясий жана экономикалык тараптардан кызматташууга келишип алышты. Куфр дүйнөсү болсо алардан, негизинен Ислам түзүмү турмушка кирип келишине тоскоолдук кылууну талап кылууда.
Дүйнөлүк ааламдашкан эл аралык система Ислам жана мусулмандарга каршы зулумдарын Афганистан жана Сирияда аскерий кубаты менен ишке ашырып жатат. Жакынкы Чыгышта болсо экономикалык колония саясатын күчөтүү жолу менен бара жатат. Кыргызстан жана Казакстан сыяктуу мамлекеттерде сакафий жана идеологиялык басым өткөрүү үчүн маалыматтык согушту күчөтүп жатат. Өзбекстан жана Тажикстанда болсо авторитардык режимдерди пайда кылып, мусулмандарга карата өтө катуу саясатты колдонуп жатат. Бул ыкмалар ар түрдүү багытта жүрүп жаткан болсо да, булардын максат жана мазмуну бир тарапка каратылган. Т.а. дүйнөлүк куфр системасын сактап калуу жана исламий мабдаъий системанын коомдорго келишин мусулмандардын колу менен тосуп калуу же мүмкүн болушунча кечиктирип туруу.
Тыянактап айта турган болсок, баарыбыз т.а. дүйнөдөгү бардык мусулмандар куфр системасынын курмандыгы болуп жатабыз. Куфр дүйнөсү исламий мамлекеттердин ар бирине ар түрдүү тармактардан жана ар түрдүү ыкмалар менен сокку берип жатышат. Бирок, максаттары жана ыкмалары дээрлик бирдей. Т.а. алгач биздин өлкөлөрдө жакырчылык абалын пайда кылышат. Андан соӊ, арабыздан ач көз жана кыянатчыл мусулмандарды бөлүп алышып, аларга бийликти алып берип, биздин мал-дүйнөбүздү талап-тоноого шарт түзүп беришет. Мына ошондон кийин бул чыккынчыларга жогорудагыдай миллиарддаган долларларды сунуш кылышат.