Мухаммад Ширин Фахм төрагалыгындагы Каир соту Мисирдин мурдагы президенти Мухаммад Мурсини Катардын пайдасына тыӊчылык кылганы үчүн өмүр бою камак жазасына өкүм кылды.
Соттук отурум Мисир телевидениеси аркылуу түз эфирден көрсөтүлдү. Дагы 6 соттолуучу өлүм жазасына өкүм кылынды.
Ушул кылмыш иши боюнча бардыгы болуп 11 адам жана Мурси тергөөгө алынды. Алардан 3 адамга сыртынан өкүм чыгарылды. Сыртынан өлүм жазасына өкүм кылынгандардын үчөө журналисттер болуп, алардын экөөсү “Ал-Жазира” телеканалынын кызматкерлери Иброхим Хилал жана Аля Сабалян, ал эми үчүнчүсү “Расад” маалымат булагынын журналисти Асма ал-Хатиб болчу.
Мурдагы президент жана Мисирде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөлөрү Мурси мамлекетти башкарып турган учурда Катардын разведкасына Мисирдин атайын кызматына жана армиясына тиешелүү өтө жашыруун документтерди мамлекетти алсыратуу максатында жеткирип бергендикте айыпталышты.
Соттолуучулар ушул айыптарды моюнга алышпады жана бул «жаӊы өкмөт ойлоп тапкан айыптар» экендигин айтышты.