Эрдоган Путинге кат жолдоду

295
0

Россиянын саоллётун Түркия атып түшүргөндөн бери эки мамлекет бири-бирине каршы билдирүүлөрдү берип келе жаткан эле. А бирок, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Россия президенти Путинге 12-июнь “Россия күнү” менен куттуктоо жолдоп, Түркия-Россия мамилесин кайрадан тикелөөнү каалай тургандыгын билдирди.

Спутник маалымат агенттиги кабар беришинче, Президент Эрдоган “Россия күнү” шылтоосу менен Путинге куттуктоо жолдоп кат жазган. Ал катында Москва менен Анкара ортосундагы алакалар мурдагы абалына кайтып, татыктуу деӊгээлге жетишинен үмүттөнгөндүгүн билдирген.

Эрдогандын катында: “Президент  мырза, түрк элинин атынан бардык орус элин Россия күнү менен куттуктаймын. Айрыкча, Россия менен Түркия ортосундагы мамиле жакынкы келечекте татыктуу деӊгээлге көтөрүлүшүн каалаймын”, – деп жазылган.

Өз кезегинде Түркиянын премьер-министри Бинали Йилдирим да кесиптеши Дмитрий Медведевге кат жолдоду. Йилдирим катында мамлекеттердин мамилеси эки элдин кызыкчылыгына дал келген жаӊы деӊгээлге жетишине кызыкдар экендигин билдирди.

Премьер-министр Йилдиримдин Медведевге жазган катында: “Мамлекеттерибиз ортосундагы кызматташтык жана мамилелердин жакынкы күндөрдө элдерибиздин жалпы кызыкчылыктары үчүн зарыл болгон деӊгээлге жетишин каалаймын”, “Сиз себептүү бүтүндөй орустарга саламаттык жана жыргалчылык насип кылышына тилектешмин “, – деп айтылат.

Эрдоган жана Йилдиримдин Путин менен Медведевге куттуктоо жолдошу Россиянын аскерий самолёттору Асад күчтөрү менен биргеликте Сириянын Дамашк, Идлиб жана Халаб шаарларында мусулмандарды кыргын кылып жаткан учурга туура келди.

Башкы штабы Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия күзөтүү обсерваториясы, Сирияда Рамазан айынын биринчи аптасында 224 адам өлтүрүлгөндүгүн билдирди. Өлтүрүлгөндөрдүн 67си жаш балдар жана 28и аялдар болгон.

Асад жана Россия күчтөрү Рамазанда иптар жана саарлык убактысын канга боёп жатышат. Кечинде адамдар иптар үчүн отурган убакта авиа соккулар башталып, натыйжада көптөгөн үй-бүлөлөр урандылар астында калып өлүп жатышат. Чабуулдар негизинен адамдар жыш жайгашкан кварталдарда ишке ашырылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here