Актөбө чабуулдарында “Сирия изи” табылды
Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов “Актөбөдөгү чабуулдарды уюштурган террорчулар Сириядан буйрук алышкан” деп билдирди.
“Актөбө чабуулдарына катышкандар жана уюштургандардын бардыгы кармалды же жок кылынды. Мен бир нерсени анык айта аламын, алар бир үйгө чогулушуп сириялык бир имамдын кайрылуусун угушкандан кийин биз жихад кылышыбыз керек деп айтышкан”, – деди Касымов Астанада журналисттер менен жолушуу учурунда.
Министрден имам кайдан экендиги суралганда, ал Сириядан болушу мүмкүндүгүн айтып, тергөөнүн аягында белгилүү болушун баса белгилеген.
5-июнда бир топ адам Актөбөдөгү эки курал саткан дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул кылган эле. Натыйжада үч аскер кызматкери жана беш жаран өлгөн. 12-июнда аяктаган антитеррор операциясы учурунда 18 кылмышкер жок кылынып, дагы 12 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлерден алынган бардык куралдар конфискацияланган.
Туркистон:
Эң оӊой,кабатырсыз жана дүйнөдө адатка айланып бара жаткан жол ушул. Т.а. ачылышы мүмкүн болбогон кылмыштардын бардыгы исламий жамааттарга жана мусулмандарга жүктөлөт.
Кудум ушул сыяктуу эле Андижан окуясы; эки жолу кайталанган Ош окуясы; өзбектер менен этникалык түрктөрдүн ортосундагы окуялар; Казакстандагы Актөбө окуясы, – булардын бардыгы жергиликтүү өкмөттөрдүн катышуусу, ыпылас кызыкчылыгы жана тышкы күчтөр менен кызматташтыгы негизинде ишке ашырылган.
Көӊүл бурган болсоӊуз, бардык окуялар, бышып жетилбеген кандайдыр жасалма козголоңчулар тарабынан, түшүнүксүз, күӊүрт максаттар астында уюштурулат. Чыныгы козголоңчулар көрсөтүлбөйт. Анын ордуна башка адамдардын өлүгүн таштап коюшат. Же алдоо менен туйгуланып көчөгө алып чыгылган карапайым жарандар өлтүрүлөт (Андижан окуясы сыяктуу). Андижан окуясына күбө болгондордун айтымында, коопсуздук кызматынын кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, адамдарды нааразылык акциясына чыгууга үгүттөшкөн.
Казакстанда да нааразылык маанайы күчөп бара жаткан бир учурда кайдан-жайдан бир исламий күчтөр келишип, курал-жарак дүкөнүнөн куралдарды тартып алышып, Назарбаевге жардам берип жиберишти. Ооба, жардам берип жиберишти! Он чакты гана мужахид бүтүндөй бир мамлекетке каршы куралдуу согуш ачкан имиш. Жок, алар Назарбаевдин режими үчүн ыӊгайсыз күчтөрдү тазалап алышына жакшы эле шарт түзүп беришти. Жогоруда келтирилген ушул сыяктуу уюштурулган козголоңдордун бардыгы бирер ыңгайсыз күчтөрдү тазалап алуу максатында уюштурулат.
Өзбекстандагы түрктөрдүн жасалма козголоңунан кийин түрк улутундагылар чыгарып жиберилди.
Андижан козголоңунан кийин Каримов Батыш дүйнө карашын колдогондорду алып кирип келе жаткан жана анын режимине коркунуч туудуруп жаткан бардык күчтөрдү мамлекеттен чыгарып жиберди. О.э. тышкы күчтөргө кызмат кылуучу бардык мамлекеттик эмес уюм жана маалымат каражаттарын да чыгарып жиберди. Каримов бул күчтөр мусулмандарга карата ишке ашырылып жаткан зулумдарга тоскоолдук кылат деп ойлоду.
2010-жылдагы Ош окуясына келсек, муну кыргыз элитасы Бакиевди кууп чыгарууда шерик болгон Кыргызстандагы өзбек элитасын жок кылуу үчүн уюштурду. Себеби, алар Өзбекстан менен кызматташа баштаган эле.
Актөбөдөгү абал да жогорудагылардан айырмаланбайт. Бул жерде да, пикирий нааразылык көрүнүшү атайылап куралдуу кагышууга айландырылды. Эми бул куралдуу адамдарга исламий согушкердик түсү берилип, Назарбаевдин режимине нааразы болгон бардык адамдар т.а. нааразылык акцияларында көзгө көрүнгөндөр жана башкалар камакка алынышат. Назарбаев авторитардык режимин күчөтүп албаса, анын бийлиги кулап кетүүнүн астында турат. Ал да Каримовдун режими сыяктуу катуураак бир түзүм пайда кылып алууга аракет кылат. Ушул аркылуу өзүн, үй-бүлөсүн жана режимин көбүрөөк убакыт сактап турууну көздөп жатат.