BBC маалымат агенттиги Иран Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомений Шах Пехлевини кулатышынан мурда АКШ админстрациясы менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү жөнүндө жазып чыкты.
BBC кабарчысы Камбиз Фаттахтын кабарына таянсак, Хомений 1979-жылы 27-январда Жимми Картер админстрациясына кат жолдоп, “Иран аскер башчылары сизди угат, Иран калкы болсо мени ээрчийт” деген келишимди сунуштаган.
Айтылышынча, Хомений Картерден бийликти алууда Иран армиясы аркылуу жардам беришин суранган. Өз кезегинде Хомений Иранды тынчтандырып, туруктуулукту орнотуп, Иранда Америка кызыкчылыктарын жана жарандарын коргошу керек болгон.
ВВСнин макаласында төмөнкүдөй келет: “Революциянын бул доорунда студенттер жана профессорлор аракетине нефти тармагынын жумушчулары кошулуп, нефть өндүрүү токтоп калган жана Батыш кызыкчылыктарына зыян жете баштаган эле. Хоменийдин Париждеги сүргүндөн Иранга кайтуу үчүн тезирээк аракет кылышы да ошол учурга туура келет. Аятолла Ак үйгө биринчи катын жөнөтүп, америкалыктарга карата эч кандай душмандык болбостугун билдирди. Бирок документтерде келишинче, Хомений АКШга биринчи катты 1979-жылы эмес, 1963-жылы т.а. Тегеранда үй камагында жаткан кезде Кеннеди админстрациясын колдой тургандыгын билдирип жөнөткөн эле. Хомений биринчи катында да Иранда АКШнын кызыкчылыктарына каршы эместигин баса белгилеген. Ал тургай, Хомений “АКШ Иранда Британия менен СССРдин таасирине каршы бар болушу зарыл” деп эсептей тургандыгын билдирди. 5-январь күнү Францияда ага жолугуу үчүн келген америкалыкка Хомений: “Нефт жаатында тынчсыздануу болбошу керек. АКШга нефть сатпашыбыз туура эмес”, – деди жана бул сөздөрүн Вашингтонго жеткирип коюуну өтүндү.15-январь күнү Хомений Картер админстрациясы менен эки апталык жашыруун сүйлөшүүлөрдү баштады. 16-январь күнү Шах мамлекеттен качып кетти. 1-февраль күнү Хомений жеӊүүчү революционер жетекчи катары Иранга кайтып келди. Хомений Иранды өнүктүрүү үчүн чет өлкөлөргө, айрыкча Америка Кошмо Штаттарына муктаж экендигин билдирди. Ал америкалыктарга: “Силер христиансыӊар, Аллахка ыйман келтиресиӊер, алар (СССР) ишенбейт. Орустарга караганда силер менен жакын болуу жеӊилирээк”, – деп кайрылуу жолдогон.
Туркистон:
Хомейни Иранда «Революцияны» ишке ашырган соӊ адамдар Ислам менен өкүм жүргүзүлүшүн күтүшкөн эле. Бирок, Хомейни «Ислам республикасын» жарыя кылып, анын конституциясын иштеп чыкты. Бул конституциянын эч бир беренеси Ислам алкагында эмес эле. Ошондуктан, Хизб ут-Тахрир Хомейниге Исламдагы башкаруу түзүмү республика эмес, Халифалык экендигин баян кылуу үчүн шайх Ахмад Даур башчылыгындагы делегацияны жиберди. Хомейниге жана Ирандагы башка атайын тараптарга таасир кылып, Исламга тескери болгон конституция беренелеринен четтеп калышар деген үмүттө ушундай кылынды. О.э. Шайх Даур башчылыгындагы Хизб делегациясы Иранда Мадорий, Нажафий, Колбайконий, Руханий, Жаввд Нахунор, (Хомейнинин ошол кездеги орун басары) Мунтазирий жана башка көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушту. Бирок, алар Хизб ут-Тахрир делегациясын жакшы кабыл алышпады. Тескерисинче, түзүм республикалык бойдон кала берди, конституция да кандай болсо ошондой бойдон өзгөрүүсүз кала берди.