Өкмөт диний катмарларды аябай кордой баштады

152
0

Туркистон:

Жалал-Абад облусунун Ноокен районанда облустук милиция, УКМК жана казыяттын өкүлдөрү биргеликте экстремист деп шектелген бир катар адамдарга карата оперативдик иш-чараларды өткөргөн имиш. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун  кыргыз кызматы 11-июндагы уктуруусанда  кабарлады. https://www.azattyk.org/a/27791994.html

Эгерде бул фитнакеч, батышчыл радионун айткандары чын болсо, анда Кыргызстан муфтияты орган кызматкерлери менен биргеликте иштешип жаткан болот. Бул нерсе алардын светтүүлүк саясатына туура келбесе керек эле. Т.а. алар дин кызматкерлеринин мамлекеттик иштерге аралашуусу жакшы эмес жар салышат эле го.

Өкмөт диний катмарларды аябай кордой баштады. Кааласа, аларды таптакыр эч нерсеге аралаштырбай коёт. Кааласа, аларды кордоп, чыккынчылар сыяктуу өздөрү менен ар түрдүү ыпылас иштерге алып чыгышат. Мындан улам: Мамлекетте эмнелер болуп жатат өзү? – деген суроо пайда болот.

Кыргызстан мамлекети алдан тайып бара жатат. Себеби, ал светтүүлүк деп аталган, демократия акыйдасына оролгон бир дайынсыз жолду тандады. Светтүүлүктү ал тургай  алардын өздөрү да ар түрдүү түшүнүшөт, кээ бирлери болсо таптакыр эле түшүнүшпөйт. Коом болсо көпчүлүгү мусулмандардан түзүлгөн болуп, анда исламдашуу жараяны өтө тездик менен жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү бузуку саясий элита болсо, президенттик шайлоодон кийин орундарын сактап калуунун жолдорун издеп жатышат. Кыргызстан жарандары исламдашып бара  жаткандыктан, саясий элита бир нече кландарга бөлүнүп кетүүнүн астында турат. Алар азыртадан баштап белгилүү диний адамдарды жана жамааттарды өз ара бөлүштүрө башташты.

Президент муфтийди, Жанар Акаевди жана башка дагы бир катар адамдарды кабыл алды. Ошондон кийин азирети муфтий өзү үчүн президенттин позициясын борбор кылып алды жана маалымат жыйынында Чубак ажынын позициясына каршы сүйлөдү. Демек, президент Чубак ажынын Жанарга, СДПКга каршы билдирүүсүн, өзүнө жана жетекчи топко каршы багытталган саясий аракет деп билди. Өз кезегинде ал да, Жанар Акаевди коргоосуна алып, кол астындагы муфтиятты ишке салды. Эгерде президенттин ойлогон ою чын болуп, кандайдыр күчтөр исламий уламалардын саясий алсыздыгынан пайдаланып, аларды саясий майданга алып кирүү менен саясий атаандаштарына каршы багыттап жаткан болушса эмне болот? Жогорудагы орган кызматкерлери, казыяттын өкүлдөрүн коопсуздук иштерине тартып, оперативдик иш-чараларды биргеликте ишке ашырып жатышкан болсочу? Бул от менен ойноо эмеспи?

Алар шыктандырып жаткан исламий күчтөрдүн ар бири, бири-бирине каршы багыттала баштаса эмне болот?  Исламий өкүлдөрдүн ар бири  айланасына тарапкерлерин топтой баштасачы? Кырдаал курчугандан-курчуп, чыӊалуу даражасы чегине жетип калганда, ЦРУ же ФСБ сыяктуу тышкы үчүнчү күчтөр бирер мечитти жардырып жиберсе, иш кайсы жакка кетип калышы мүмкүн?  

Кыргыз элитасы ичинде мындай пикирлей турганы аз окшойт. Алар тышкы күчтөрду гана ыраазы кылуу максатында, уламаларыбызды куфр атамалары боюнча “мээлүүн кылуу” жана “радикалдарга” каршы багыттоо жөнүндө ойлонуп жатышат. Ушундан келип чыгып, казыларды коркутуп болсо да операцияларга шерик кылып жатышат. Натыйжада, мусулмандар орган кызматкерлерине болгон терс туйгуларын эми казыят жана муфтиятка да каратып жатышат. Бул болсо, куфр үчүн ыӊгайлуу абалды пайда кылып берет.

Бул багыттан кайткыла, эскертип өтөбүз, куфрдун Кыргызстанга карата ниети күн өткөн сайын бузулуп бара жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here