МУНАФЫКТАРДАН БОЛУП КАЛБА

328
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

МУНАФЫКТАРДАН БОЛУП КАЛБА

Шарият боюнча адамдар момун же кафир болуп эки тайпага бөлүнүшөт.

Сен кимсин? Кайсы тайпадансыӊ?  Же төмөнкү тайпадансыӊбы: “Адамдар арасында ушундай кишилер да бар, өздөрү момун болбогон абалда «Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик», дешет. Алар Аллахты жана ыймандуу адамдарды алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын дилдеринде мараз-оору бар эле, анан Аллах мараздарын дагы да ашырып койду. Алар үчүн жасаган жалгандары себептүү  жан чыдагыс азап бар…. (2:8-11).

Шарият алдында:

  1. Кафирлер – “уктук жана баш тарттык….. дешет”(4:46).
  2. Момундардын урааны; «Уктук жана моюн сундук. Роббим, күнөөлөрүбүздү кечиришиӊди сурайбыз, жана Өзүӊө гана кайтабыз ». (2:285).

Беш маал намаз окууга ишенет. Кудум ушундай эле алгач жамаат болуп, андан кийин даъват кылуу керек деп да ишенет. Ар бир рекетинде бир жолу рукуъ жана эки жолу сажда кылуу керектигине ишенет. Аптада халкага барып, сабак алуу жана сабак берүү шарт деп ишенет. Кудум ушундай эле алгач фикрат жана тарыйкатты жакшы билген, миллиондогон  мүчөсү бар “хизб” пайда болгондон кийин гана коомдо иштөөгө өтүү керек деп ишенет, себеби, ал момун да! Акылы жетпесе да шаръий өкүмдүн алдында жообу: «Уктук жана моюн сундук» деп, ушуну ишке ашырууга тезинен киришет.

  1. Мунафык болсо – өкүнүчтүүсү ал да бизден болуп көрүнөт, арабызда жүрөт, элдин баары аны бизден деп ойлойт, мусулманмын деп дааба кылат. А бирок, дили кафир болгон наалаты кимсе.

لَعْنَةَ اللَّهِ عَلَى الْكَاذِبِينَ

– “… Аллах жалганчыларды наалаттасын …”.   [3:61]

Аларды билүү мүмкүн эмес, себеби дилдердин Ээси кабарын бермейинче эч ким биле албайт, бирок алардан болуп калбастык үчүн алардагы белгилер келтирилген, мисалы:

1). Дили башка, тили башка болуу т.а. дилиндеги райын ашкере кылбай, андан башка райды сүйлөйт. Сенчи?

يَقُولُونَ بِأَفْواهِهِمْ مَا لَيْسَ فِي قُلُوبِهِمْ

“Алар оозунда көӊүлдөрүндө болбогон нерселерди айтышууда. Аллах болсо алардын жашырган сырларын абдан жакшы билүүчү”. (3:167)

2). Жалган сүйлөө, аманатка кыянат кылуу жана убадага тескери иш кылуу: Сенчи? аманатты билесиӊби? Жалгандан тообо кылдыңбы? Берген убадаларыӊ эсиӊдеби? Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген: «Мунафыктын белгиси үчөө: сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада кылса тескерисин кылат, аманат берилсе кыянат кылат» (мутафакун алайх).

Уккан нерсесин текшербестен айтып жүрүү кишинин жалганчы экендигине жетиштүү болот. Сенчи? Мунафыктарга окшоп “мен укканымды айтып жатам” деп кутулмакчы болосуӊбу? Абу Хурайра (р.а.) риваятында Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Уккан сөзүн сүйлөй берүү кишинин жалганчы экендигине жетиштүү»,  – деген. Муслим риваяты.

Эң чоӊ аманат – бул Ислам. Ага кыянат кылбастан туурасын жеткирүү – бул Расулуллах (с.а.в)дын мураскору болуу. Ал эми, бузуу – мунафыктык.

  Абдуллах ибн Амр (р.а) риваят кылган хадисте Пайгамбар (с.а.в) мындай деген: «Төрт касиет бар, кимде алар болсо, кырт мунафык болот. Кимде алардын бири болсо, аны таштамайынча мунафыктыктын бир касиети бар болот. Алар: …убадалашса, кыянат кылат…» (мутафакун алайх).

3). Ислам негизинен, анын өкүмдөрү ишке ашуусунан качат. Сенчи? Фикратты көпчүлүк туура деп тан алууда т.а. фикратка маани бергендей эле тарыйкатка да маани берип жатасыӊбы? Эгерде биз өткөн кылымда пайда болгон аракеттердеги уюшууларды карап чыксак, уюшуунун туура эмес тарыйкаты алардын ийгиликсиздигинин негизги себеби болгонун көрөбүз. Т.а. намазды Расулуллах (с.а.в)дан үйрөнгөндөй эле Исламды турмушка кайтарууну да шаръий өкүмдөр негизинде ишке ашырып жатасыӊбы? Расулуллах (с.а.в) алгач “тирүү Куран”дарды Аркам (р.а)нун үйүндө даярдап алуудан мурда коомго Исламды алып чыкпаган, демек, Исламды алып чыгуу жолу ушул. Т.а. Исламды – фикратты (адам өзүнүн муктаждыктарын кандай кандырышына тиешелүү Аллахтын өкүмдөрүн) жакшы билүү. Карапайым адам өзү үчүн жашоосунда зарыл болгон маселелерди билүү болсо да, Үммөткө жетекчилик кылып жаткандар жашоодо учурашы мүмкүн болгон бардык маселелерди жакшы билүү о.э. тарыйкатты (Исламды турмушка алып келүүнү…) жакшы билгенден кийин ишти баштоо. Сага каршы болгон боордошуӊду Ислам негизинде талкууга чакыргансыӊбы же сени чакырганда “лаббей” деп баргансыӊбы:

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَى مَا أَنزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ رَأَيْتَ الْمُنَافِقِينَ يَصُدُّونَ عَنْكَ صُدُودًا

“Качан аларга: «Аллах түшүргөн Китепке жана пайгамбардын үгүттөрүнө келгиле», – делинсе, бул мунафыктардын сенден катуу баш тартышканын көрөсүн” (4:61)

Мунун жолу алгач Исламды үйрөнүү. Үйрөнүү болсо албетте Исламды жакшы билген үйрөтүүчү менен болушу шарт, тескерисинче, Исламды үйрөнүү таалимсиз да болот деп билүү Аллах Тааланын буйругуна тескери келет. Себеби, Аллах Таала “Куранды” араб тилинин усталарына проблемаларын чечип берүүчү кылып, араб тилинде түшүрүшү менен бирге аларга Курандан таалим берүү жана баян кылып берүү милдетин  Расулуллах (с.а.в)дын мойнуна жүктөдү жана бул милдет Расулуллах (с.а.в)дан кийин мураскорлоруна калган:

وَأَنزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ

– “Сага болсо адамдарга түшүргөн нерселерди (шарият өкүмдөрүн) баян кылып беришиӊ үчүн сага бул эскертмени – Куранды түшүрдүк”.   [16:44]

Сахабалар – Аллах алардан ыраазы болсун – араб эле. Араб тили алардын эне тили болчу. Алар араб тилин кеӊири түшүнө турган аалымдар эле. Куран түшүрүлүп  жатканда алар Расулуллах (с.а.в) менен бирге эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) окуялар жөнүндөгү Аллахтын өкүмүн алардын көз алдында баян кылар эле. Алар шариятты жакшы билүүчү уламалар эле. Ошондой болсо да, Исламды үйрөнүүдөгү таалим ишине кайдыгер болуп калбасын үчүн сахабаларга карата Аллах Таала төмөнкү аятты түшүргөн:

 “Бардык момундар жихадга чыгуулары зарыл эмес. Акыры алардан ар бир топтон бир тайпа адамдар жихадга чыгышпайбы?! (Калгандары болсо) динди үйрөнүп, жихадга кеткендер кайтып келгенде, ал коомдору Аллахтын азабынан сактануулары үчүн,  өздөрү үйрөнгөн нерселерди аларга да үйрөтүшсө болбойбу?”.                                                              [9:122]

Исламды куфр каалагандай, алардын максатына ылайык, Ислам негиздерине тескери болуп калбастыгы үчүн же ар ким өз билгенинче үйрөнүп жатамын деп,  Исламды “бузбастыгы” үчүн амирибиз шаръий өкүмгө ылайык негизги китептерди мушриф менен окуп чыгууга буйруду. Бул китептердин саны он үч болуп, буларды мушриф менен окуп чыкпаган хизбий күнөөкөр болот, себеби бул амирге моюн сунуу болуп – момун ишенет о.э. «Уктук жана моюн сундук» десе, мунафык ойлонуп көрүп, мындан качуунун жолун табат – ага тескери иш кылуу мунафыктыктын белгиси болуп эсептелет. Себеби: Хизбге дарс алууга келе жаткан жаңы жигиттерге көбүрөөк көӊүл бурулушу о.э. мушрифтикке жөндөмдүүрөөк жана кудуреттүүрөөк жигиттер тандалышы важиб.

Же Хизбий болбогон дарис халкага мушрифтик кылышы жаиз эмес. Халкага мушрифтик кылуу фақат сакафий жана идарий жактан мушрифтик кылууга кудуреттүү болгон кишиге тапшырылат. Халкага мушрифтик кылууга кудуреттүү эместигин билдирген ар бир киши дарс берүүдөн бошотулат жана ага башка сакафий иш жүктөлөт.

Же Халкаларга мушрифтик кылуучулар да башка апталык халкаларда дарс алышы жана шахрий халкага катышуусу важиб. Эгерде апталык халкада хизбий сакафат китептерин окуп бүткөн болсо, шахрий халкага чектелет, эгерде ушул китептердин кээ бирлерин кайрадан окуу зарыл деп билсе, ага дарс берилет. Ооба, момундар; «Уктук жана моюн сундук. Роббим, күнөөлөрүбүздү кечиришиӊди сурайбыз, жана Өзүӊө гана кайтуучубуз» деп, шаръий өкүмгө моюн сунушат. Ал эми мунафыктар болсо, “ойлонуп көрөйүнчү, мындан качуунун жолу бар бекен” деп туруп калат. Себеби, ал мусулманмын деп койгон да.

4). Коркок болушат, а сенчи? Тогуттан коркуп, өз ишиӊди таштап койгон жоксуӊбу?

إِذْ يَقُولُ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ غَرَّ هَؤُلَاءِ دِينُهُمْ وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَإِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

“Ошондо мунафыктар жана дилдеринде мараз-оору болгон кишилер: «Аларды (мусулмандарды) диндери алдап жиберди (т.а. аз гана адам менен ушундай чоӊ кошуунга каршы согушмакчы болуп жатышат»), – дешти. (Мунафыктардын бул сөздөрү туура эмес) ким Аллахка таянса, анда, албетте Аллах үстөмдүк жана даанышмандык ээси”. (8:49).

5). Мунафыктардын эркектери да, аялдары да бирдей; Мункарга буюрушат, маъруфтан кайтарышат, а сенчи? Билип туруп акыйкаттан тосуп жаткан жоксуӊбу?;

الْمُنَافِقُونَ وَالْمُنَافِقَاتُ بَعْضُهُمْ مِنْ بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمُنْكَرِ وَيَنْهَوْنَ عَنْ الْمَعْرُوفِ

 وَيَقْبِضُونَ أَيْدِيَهُمْ نَسُوا اللَّهَ فَنَسِيَهُمْ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ هُمْ الْفَاسِقُونَ

 “Мунафык эркектер жана мунафык аялдар бир-бирлеринен (т.а. кафирликте бир-бирлерине окшошот). Алар жамандыкка үндөшөт, жакшылыктан токтотушат жана (Аллах жолунда кайыр-садага кылуудан) колдорун (өздөрүн) тыйышат. Алар Аллахты унутушкан соӊ, Аллах да аларды унутту. Албетте, мунафыктар чыныгы фасик-итаатсыздар”. (9:67)

Аллах Таала айтат: „Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылган-буйруган убакта бир да момун эркек жана момун аял үчүн (Аллахтын өкүмүн коюп) өз иштеринен ыктыяр кылуу жаиз эмес. Ким Аллахка жана Анын пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек, ал ачык жолдон адашуу менен жолдон адашыптыр”. [33:36]

Демек, момун адам шариятка гана моюн сунат. Шариятка тескери иш болсо т.а. мункарды көрсө, ага “амри маъруф, нахий мункар кылуу” важиб болот. Буга далалат кылуучу хадистер өтө көп болуп, бул хадистер аалымдарды да, акимди да амри маъруф, нахий мункар кылуу важиб экендигине далалат кылат. Чындыгында, Расулуллах (с.а.в) акимдин ката иштерин четке кагууга буйруду жана мында кудуреттүү болгон ар кандай ыкма менен – кылыч көтөрүү даражасына барбастык шартына ылайык кол менен т.а. мункарды жоготуу талап кылынат. Эгерде алсыздык кылса, анда тил менен т.а. ар кандай сөздөр менен жана эгерде колу жана тили менен алсыздык кылса, дили менен четке кагууну (жылмайып тосуп албастан, тескерисинче ага капа экендигин, анын иштерине ыраазы эместигин көрсөтүүнү) важиб кылды. Ким четке какпаса, күнөөдө акимга шерик деди.

Бул орунда маъруф иштерге буйруу жана мункар иштерден кайтарууга тийиштүү иштер менен мункар иштерди жок кылууга тийиштүү иштердин ортосунда айырма бар экендигине көңүл бурмакчыбыз. Маъруф ишке буйруу жана мункар иштен кайтарууга тийиштүү иштер сөзгө гана чектелген. Мункар ишти жок кылууга тийиштүү иштер болсо сөзгө эле чектелбестен, балким, материалдык күч иштетүүгө да өтөт. Бул пикир имам Муслим Абу Саъид ал-Худрийден рыбаят кылган хадистеги Расулулла jдын сөзүнөн алынган: «Силерден кимде-ким мункар ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Буга кудурети жетпесе, тили менен өзгөртсүн, буга да кудурети жетпесе, дили менен өзгөртсүн. Бул болсо ыймандын эң алсызы». Бул хадис жеке адамдар тарабынан кылынып жаткан мункар ишти жок кылуу үчүн күч иштетүү керектигин жана аны жок кылууга жетиштүү күч-кудурет болушу керектигин түшүндүрөт. Бирок, мунун шарты: күч иштетүү чоңураак мункар ишке, мисалы, фитна, адам өлтүрүү, кылыч көтөрүү сыяктуу иштерге алып барбасын. (“Хизбут-Тахрирдин өзгөртүүдөгү программасы” китебинен алынды).

Момундар Аллах Таалага берген убадасында турушат: А сенчи? Берген убадаӊа туруп, ичкен касамыӊды актап жатасыӊбы?.

وَاذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَمِيثَاقَهُ الَّذِي وَاثَقَكُمْ بِهِ إِذْ قُلْتُمْ سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

“Аллахтын силерге берген неъматын жана: «Уктук жана моюн сундук» деген чагыӊарда силер менен байлаган убада-шертин эстегиле! Аллахтан корккула! Албетте, Аллах дилдерди ээлеген (сырларды) билүүчү”. (5:7).

Бардыгы өзүн туура деп билет, бирок, Ислам гана туура. Себеби, мункар кылуучулар да өздөрүн түзөтүүчү-оңдоочуларбыз деп эсептешет:

“Аларга: «Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла», – делинсе, «Биз түзөтүүчү-оӊдоочубуз» дешет. Байкагыла, булар албетте бузукулар, бирок өздөрү муну сезишпейт..”. (2:11-12)

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here