Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Түркиянын жакынкы жылдарда Европа Союзуна мүчө болуп кирүү мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтты. Кэмерондун айтымында, азыркы абалды эсепке алганда Түркия Европа Союзуна 3000-жылдан кийин гана мүчө болушу мүмкүн.
Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон: “Түркиянын Европа Союзуна мүчө болушу ыктымалдан алыс. Мындай жүрүп отурса, ал тургай “ыктымалды” белгилөө үчүн да ондогон жылдар өтүп кетет”, “Алар 1987-жылы кайрылышкан эле. Бүгүнкү жылышына караганда, алардын Европа Союзуна кириши акыркы божомолдорго ылайык, 3000-жылга туура келиши мүмкүн”, – деди.
“ITV” телевидениеси уюштурган телепрограммага катышкан Кэмерон Британия Европа Союзунан бөлүнүп чыгышы үчүн кампания жүргүзүп жаткандарга каршы пикир билдирди. Кэмерондун айтымында, алардын Британия калкына қарата “Биз Түркиянын Европа Союзуна мүчө болушуна тоскоолдук кыла албайбыз. Ошол себептен улам, Европа Союзунан чыгууга добуш бергиле” деген чакырыгы чындыкка туура келбейт. О.э. Кэмерон Англиянын да – Европа Союзунун бардык мүчөлөрү сыяктуу эле – Европа Союзуна мүчө болууга умтулган ар кандай мамлекетке карата вето коюу укугу бар экендигин айтып өттү.
Түркия НАТОнун мүчөсү. 1996-жылдан бери Европа Союзу менен бир катарда бажы союзуна да мүчө. 1987-жылдан бери Европа Союзуна мүчө болууга аракет кылып келген бул мамлекет, 1999-жылы талапкер деген статуска ээ болгон. Келишимге ылайык, Түркия Европа Союзуна мүчө болуу үчүн анын 72 талабын аткарышы керек.