Таъзия

286
0

…إِنَا لِلّهِ وَ إِنَا إِلَيهِ رَاجِعُونَ.

Бир апта бою Орто Азия регионунда аба-ырайынын кескин өзгөрүшү себептүү катуу шамалдар жана сел жүрүүлөр болуп өттү. Мындай абал айрыкча, Тажикстандын түндүгүндөгү тоолуу аймактарда болуп өттү. Күчтүү жамгырдын артынан 15 сантиметрге чейин калыңдыктагы мөндүр жаады.  Мөндүрдүн тынымсыз жаашынын натыйжасында көптөгөн бак-дарактар талкаланды. Тажикстан ӨКМ кабарлашынча, сел агымы 27 километрден көбүрөөк жолду жарактан чыгарган жана 3 чоң көпүрөнү бүтүндөй ойрон кылган. 603 гектар эгинзар талкаланган,  7 чоң электр энергия жеткирүүчү компания иштен чыккан,  186 бодо мал өлгөн, 107 үй толугу менен суу астында калды. Айрыкча Тажикстандын Панжакент, Айний жана Согду облустарында жана Рудакий, Файзобод, Варз жана Дарвоз райондорундагы катуу жаандан 2700дөн ашык турак-жай зыян тарткан. Эң эле аянычтуусу селдин күчтүү агымы түндүн жарымында болуп, бир нече тажик жараны көз жумду. Арасында, жаш балдар, аялдар да бар. Мындан тышкары, табиат кырсыгы регион калкына үй-чарба жаныбарларына, тургундарга үлкөн зыян жеткирген.

Хизб-ут-Тахрир, Кыргызстан мусулмандары  атынан Тажикстандык бир туугандарыбызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллахым жоготууга учураган үй-бүлөлөргө сабыр берсин. Биз сиздердин дартыңыздарга шерик экенибизди билдирип, Алладан ырайым жана коргоо сурап калмакчыбыз.

Ассаламу алайкум ва рахматуллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here