Путиндин тоталитардык саясаты, Крымды басып алышы артынан АКШ жетекчилигиндеги Европа мамлекеттери колдогон санкциялар Россияны саясий жана экономикалык кризистин жакасына алып келди. Мунун натыйжасында Россиянын Орто Азия республикалары үстүнөн болгон таасири алсырап кетти. Учурдан пайдаланган Америка, бул регион үстүнөн жоготкон ордун кайтадан тикелөөгө аракет кыла баштады.
Өз табиатына ылайык “аюуча саясат” жүргүзгөн Россиядан айырмаланып, АКШ Кыргызстанда негизги этибарын саясий жана сакафий жактан таасир көлөмүн кеңейтүүгө каратууда. Бул максатта түрдүү конференция жана жыйындарды уюштуруу аркылуу коом ичинде Ислам жана мусулмандарга карата терс пикирлерди пайда кылууда. Буга улай мусулмандарды “мээлүүн”, “салттуу” жана “радикал” сыяктуу топторго бөлүп таштоо планын ишке ашырып келүүдө. Акыркы убакта АКШ тарабынан түрдүү конференция, семинар жана жыйындар өткөрүлүп жатканы тууралуу кабарлар тез-тез пайда боло баштады.
Ушундай семинарлардан кезектегиси УКМКда 11-май күнү Башкы штаб жана коргоо министрлигинин жетекчилери үчүн “Ислам далилдери менен радикализмге каршы күрөш” деп аталган семинар болуп өттү.
Семинарга коргоо министрлигинин, Башкы штабдын жетекчи жана кызматкерлери, “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, Муфтияттын аттестация комиссиясынын башчысы Замир Ракиев, УКМКнын атайын өкүлдөрү о.э көз карандысыз эксперттер катышты.
Семинарда сөзгө чыккан “Ыйман” фондунун төрагасы Кадырбеков күч органдарын сабаттуу жана динден кабардар болушу абдан маанилүү экенин белгиллеп өттү.
“Бүгүнкү күндө дүйнө кандай өзгөрүп баратканын көрүп турабыз, терроризм жана экстремизм барган сайын татаал көрүнүшкө ээ болууда. Мында идеологиялык күрөш биринчи планга чыгып калды. Биз түрдүү диний агымдарга тыюу салуудан баш тартып туура чечим кабыл алдык. Дүйнө тажрыйбасында тыюу салуу аларды жашыруун иш алып баруусуна жана коомдун радикалдашуусуна себеп болоору маалым. Ошондуктан, калктын бардык катмары – мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмдөрү жана өкмөттүн башка өкүлдөрү сабаттуулугун жогорулатууга абдан муктаж. Артыкчылыктуу идеологияны аныктоо жана аны бекем кармоо зор мааниге ээ. Бизде динди иштеп чыгуу концепсиясы бар. Анда биздин менталитет жана тарыхыбызга жакын болгону үчүн Ханафий мазхабынын ролу анык белгиленген”,- деди Кадырбеков.
Өз кезегинде аттестация комиссиясынын мүдүрү Замир Ракиев, коомдогу заманбап адамдар Ислам атын жамынып алып коркунучтуу радикал жана экстремисттик пикирлерди жайып жатканын айтты.
“Булардын бардыгы Исламдын атын кара кылып көрсөтүү үчүн кылынып жаткан олуттуу аракетке байланыштуу. Бул күчтөр эч нерседен тартынышпайт жана Исламды террор жана зомбулук сыяктуу көрсөтүү үчүн бардык механизмдерден пайдаланууда. Ушуга карата бүгүнкү вакыйлыкты көрсөтүп берүү үчүн окуу семинарларды өткөрүү зарыл. Терроризм, экстермизм жана зомбулук Ислам динине чоочун экени баарыбызга маалым. Ислам ар дайым террор жана зомбулуктун баардык көрүнүштөрүн четке кагып келген”, деди Ракиев.