АКШнын Кыргызстанда жүргүзүп жаткан эки жүздүү саясатынын акыбети эмнеге алып келет

291
0

Түркистон:

АКШнын бир катар өлкөлөрдө ишке ашырган, азыр да улантып келе жаткан эки жүздүү саясаты кандай акыбетке алып келгенине көңүл бурушубуз керек. Бул кыргыз саясатчылары жана жарандары үчүн абдан маанилүү. Афганистан, Ирак, Пакистандын мисалын алсак, АКШ бул жерлерде алгач, өкмөт кызматкерлери жана күч түзүмдөрү ичинде агитация жана пропоганда иштерин алып барды. Бул аракеттеринин натыйжасында, америкапарас же илманийлик тарапкечи болгон демократ катмар өсүп чыкты. Кийин алар ар кандай жыйын жана конференциялар аркылуу мусулмандарга “террорист, экстремист” сыяктуу куфр атамаларын жабыштырып, мусулмандарга каршы агитация иштерин алып барды.

Экинчи тараптан болсо, демократия идеясын курал кылып, мусулмандардын этикаддарын коргош керек деген шылтоо менен бардык бейөкмөт уюмдарды ишке салат. Өзү бир тараптан өкмөттү мусулмандарга каршы багыттайт. Башка тараптан болсо, бейөкмөт уюмдар аркылуу өкмөттүн зулумдуктарын ачып таштайт. Муну менен мусулмандардын өкмөткө карата жек көрүүсүн күчөтөт. Бирок, бул эки ишти тең АКШга көз каранды уюмдар ишке ашырат. АКШ муну менен эки тарапты бири-бирине каршы даярдап, жек көрүү, кескиндиктерди күчөтүп бара берет.

Максатына жеткенден кийин т.а өкмөт менен мусулмандар ортосунда жек көрүү позициясын калыптандыргандан кийин кезектеги иш-чараларына өтөт. Мусулмандардын атынан көтөрүлүштөрдү уюштуруп, эки тарапты физикалык кагышууларга багыттап жиберет. Буга Пакистан менен Афганистанда “Талибан” исламий жамаатына өкмөт басым өткөрүп жатканда күбө болдук. Иракта “ИГИЛ”ди пайда кылып жатканда да ушуга окшогон абал жүз берди.

Учурда АКШ өзүнө тийиштүү күч менен Кыргызстанда ыплас иштерин баштап жатат. Ал “ыйман” деген ыймансыз фонд түзүп, Ислам уламаларына арзыбаган стипендия берүү менен, алар аркылуу УКМК, ИИМ жада калса аскерлер ичинде да пропоганда иштерин алып барууда. Мында, максат жана иш-аракеттери Афганистан менен Пакистандагыдан өзгөргөн жок.

Экинчи фронтто да, пропоганда иштери таасирин жайып, өкмөт мусулмандардын кыймылдарына агрессивдүү мамиле жасаары менен, бейөкмөт уюмдар “диний эркиндиктер бузулуп жатат” деген шылтоо аркылуу мусулмандардын коргоочусу катары көрүндү.

Мындан тышкары үчүнчү кезекти күтүп турган эң ыплас иштерди амалга ашыра турган уюмдар да бар. Алар кырдаал кескиндешип, бышып жетилгенде пайда болушат. Бул катмар жашыруун уюм болуп, эки жакты материалдык жактан куралдандыруу менен алектенет. Бул уюмдар өтө жашыруун иш алып барат. Алар башка бир мамлекетти пайдаланып, өзүнүн таасириндеги тараптарды куралдандырат. Маселен алар Ирак менен кызматташып “ИГИЛ”ди куралдандырды. Ирак миңдеген аскерий техникаларын жана банкта калып кеткен миллиондогон долларларын согушта жеңилгендей көрсөтүү менен “ИГИЛ”ге тапшырып берди.

Ушул үч багытта иш алып барган уюмдардын баары АКШнын таасири астында. Башка колонизатор мамлекеттердин да бул сыяктуу иш алып барган күчтөрү бар. Бирок, учурда алардын мүмкүнчүлүктөрү АКШга салыштырмалуу өтө эле чектелген. Кыргызстанда иш алып барган уюмдардын дээрлик бардыгы  АКШ таасири астында.

Айрым эксперттер, Кыргызстан “мындай кетишинде Украинадагы сыяктуу абалга барып такалат” деп билдирүүдө. Бирок, биз мындай деп билбейбиз. Биз Украинадагы же Грузиядагы сыяктуу түстүү революциялардан үмүт кылбайбыз. Анткени биздин мамлекеттин жарандары мусулмандардан турат. Биз эч качан Батыштын бир бөлүгү боло албайбыз. Ал үчүн биз алардын динин кабыл кылышыбыз керек болот. Ислам дини, эркекти эркекке, аялды аялга баш кошуусуна эч качан уруксат бербейт. Буга ыраазы болмоюнча Батыш бизди эч качан бир бөлүгү катары кабыл кылбайт.

Демек, АКШнын биздеги иш-аракеттери Афганистан, Пакистан, Ирак же Сириядагы  долбоорлоруна окшошот жана ошол вакыйлыкка алып барышы мүмкүн. Биздин элитабыз, саясатчыларыбыз жана диний жетекчилерибиз бул маселеге бүгүн этибар бербей жатат. Алар куфр долбоорлорунан өздөрү үчүн убактылуу пайда издеп жатат. Куфрдун кызыкчылыктары үчүн, күч органдарыбыздан тартып армиябызга чейин эшиктерди кең ачып беришүүдө. Жөнөкөй жарандарды пикирий жетектеп кетүү үчүн уламаларыбыз баш болуп, куфр түзүп берген “мээлүүндүк” сыяктуу долбоорлорго даъват кылышууда.

Бул стратегиялык мааниге ээ маселе бир нече жылда өз натыйжасын көрсөтөт. Бирок, ушул күндөн баштап бул ыплас долбоорго карата чара көрүлбөсө, кийин абдан кеч болуп калат. Албетте, учурда өкмөт органдарынын абалы абдан аянычтуу болуп калган. Алар жада калса бул маселени сезип турса да, эл аралык коомчулук деген атка жамынып кирип келе жаткан күчкө каршы тура албайт.

Бирок, биз мусулмандар, атайын тыгыштырылып жаткан “экстремизм, терроризм, мээлүүндүк” сыяктуу атамалардан таасирленбей, алардын куфр атамалары экенине даъват кылышыбыз керек. Куфрдун мусулмандарды бир нече бөлүктөргө бөлө турган долбоорлорун аң-сезимдүү түрдө түшүнүп, аны четке кагышыбыз зарыл. Бул албетте натыйжа берет, инша Аллах. Анткени, үстүбүздө зулум кылып жаткан күч органдарынан бери мусулманбыз. Аларды болгону убактылуу пайдалар чалгытууда. Буга кошумча, куфрдан таасирленген айрым уламаларыбыз жыйындарды уюштуруп, тыным албай аларды чалгытуучу пикирлер менен динден буруп, мусулмандарга каршы багыттап жатат.

Куфр күчтөрү кырдаалды өз кызыкчылыктарына бурушу үчүн мусулмандар алардан толугу менен таасирленип, бири-бирибизге каршы тура турган даражага жетип барышыбыз керек болот. Алардын планы мына ушул. Алар ушул күндү жакындаштыруу үчүн мусулмандардын үстүнөн дооматтарды уюштура баштады.

Алар мусулмандардын ортосунда жек көрүүнү пайда кылуу үчүн мечиттерди жардырып, аны башка бир жамаатка төңкөрүүдөн да кайра тартпайт. Эгер биз мусулмандар ушул күндөн баштап өз каталарыбызды оңдобосок, акыйкат менен батылды ажыратып, куфрга караганда жаман да болсо мусулман бурадарыбызды абзел көрбөсөк, мусулмандарга каршы бараткандар, куфрду ыраазы кылып Алланын ыраазылыгын ойлобосо, АКШнын бул планы албетте жүзөгө ашат.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы0hizb-340x264-300x233

15.05.2016.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here