Кыргызстан: «Кандай Ислам…»
“Панисламизм”, “исламий фундаментализм”, “радикалдуу ислам”, “салттуу ислам”, “ислам экстремизми”, “мээлүүн ислам” – булардын бардыгы капиталисттик Батыш идеологдору жана политтехнологдору ойлоп тапкан долбоорлор. Демократия маскасын кийген капитализм бүткүл дүйнөгө өкүмдарлык кылгандан тартып, анын ордун кайрадан Ислам ээлебеши үчүн, мына ушундай долбоорлорду ишке салып келүүдө.
“Панисламизм”. Империалисттик Батыш мусулман өлкөлөрүн Халифалыктан тартып алып, колония кыла баштаганда, мусулмандар андан кутулуп, кайрадан исламий жашоого кайтууга аракет кылышты. Батыш муфаккирлери мына ушундай аракетти – “панисламизм” деп аташты. Халифалык кулатылгандан кийин болсо, мусулмандар аны кайрадан тикелөөгө аракеттеништи. Мындай аракеттер да кафирлер тарабынан “панисламизм” деп аталып, алар күч менен аёосуз бастырылды.
“Исламий фундаментализм”. Эми исламий жашоону алып келүүгө кайрадан аракеттер жандана баштаганда, капиталист кафирлер “исламий фундаментализмди” ойлоп табышты. Алар Ислам динин да христианчылык сыяктуу бир куру рухий дин катары көрсөткөнгө аракеттенишип, мына ушундай куулукту ишке салышты.
Фундаментализм термини алгач АКШда колдонулган. Анда бул термин илим-билимдин өнүгүүсүн тан албаган христиан секталарынын эскичилдигине каршы иштетилген. Кийин бул термин таквадар мусулмандарга каршы ишке салынды. Кафирлер куулук менен: “Бул мусулмандар илим-билимдин өнүгүүсүн четке кагып, 7-кылымдагы жашоону кайра алып келүүнү каалашат. Алар илимий өнүгүүнү четке каккан христианчылык секталарына окшош. Ошондуктан, аларды ислам фундаменталисттери деп тааныйбыз”, — деп сайрашты. Ошентип, светтик (лат. saecularis) моделди тан албаган ар бир мусулман кафирлер тарабынан “фундаменталист” деп атала турган болду.
Светтик модел дегени (секуляризм) – бул дин турмуштан ажыратылган, диний нормалар менен эмес, жарандык нормалар негизине курулган мамлекеттик түзүлүш дегени. Б.а. мында адамдар дин мыйзамдары менен эмес, адамдар тарабынан чыгарылган мыйзамдар менен жашайт. Эгер светтик модел мусулмандарга так ушундай түшүндүрүлсө, анда мусулмандар муну таптакыр кабыл алышпас эле. Ошондуктан, кафирге малай мусулмандар муну арабчага “илманий” деген сөз менен которушту. Бул “илимге негизделген жашоо системасы” дегенди түшүндүрөт деп алдашты. Мусулмандар “Ислам илимди четке какпайт” деген негизде, бул системаны кабыл ала башташты.
Мындай куулук-шумдуктун акыйкатын түшүнгөн мусулмандарды “фундаменталист” аташып, калкка жаман көрсөтүштү. “Диний кызматкерлер” деген бир тайпа кишилерди чыгарып, аларды коомдон обочолонгон билимдерге, жүрүм-турумдарга чектешти. Муну менен келечек муун, мусулмандар дегенде “селде-чапанчан, маасы-гөлөшчөн молдокелерди” түшүнүп калышын көздөштү.
Өсүп келе жаткан муунга жалаң гана светтик жана атеисттик билимдерди беришти. Дин турмуштан ажыратылгандыгынын натыйжасында, калк ичинде кээ бир шаръий өкүмдөр салт катары гана аткарыла турган болуп калды.
“Радикалдуу ислам”. Ислам дининин табияты жана мусулмандардын динине берилгендиктери кафирлер түзгөн долбоорлорду ийгиликсиздикке учуратты. Мусулмандардын баары “светский” болуп кеткен жок. Светтик моделге кызмат кылып жаткан айрым фасык мусулмандар да, светтик акыйданы кабыл алышкан жок. О.э. бул кафирлер динди өздөрү айтышкан “диний кызматкерлерге” чектеп коё алышпады. Калк ичиндеги калыс аалымдар динди талаптагыдай жеткирүү кербенин улантышты. Буга жинденген капыр Батыш, аларга “радикал” сыпатын тагышты.
Бул “радикалдарга” каршы “салттуу ислам” өкүлдөрүн ишке салышты.
“Салттуу ислам”. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, дин турмуштан ажыратылгандыгынын натыйжасында, кээ бир шаръий өкүмдөр калкыбызда салт катары калыптандырылды. Мисалы бизде, СССР доорунда, нике, жаназа сыяктуу айрым өкүмдөр гана аткарылчу. Алар “кыз ала качуу”, “кырктык” деген салттык адаттар менен бир катарда туруп калган.
Кийин коммунисттик идеологияны кулатуу үчүн капиталисттик Батыш, Союз курамындагы мусулмандарга “диний ишеним эркиндигин” алып кирди. Мусулмандар муну “динибизди эркин карманат экенбиз” деп түшүнүп алышты. Батыштын “дин турмуштан ажыратылган” системаны алып киргенин түшүнө алышпай, диндин толук колдонулушуна карай талпынышты. Бирок Батыш, мусулмандар динин “светтик мамлекет” менен чектеп койду. Бул светтик мамлекетте дин саясатка аралашпайт, жашоо мыйзамдары шарияттыкы эмес, парламенттеги депутаттар чыгарган мыйзамдар болот.
Диндин болсо, союз кезинде салт ырасымдары катары колдонулуп келген көрүнүштөрүнө жана СССРди уратуу үчүн атайын жайылтылган өкүмдөрүнө гана уруксат берилди. Мисалы, нике жана жаназаларга кошумча, намаздар окулуп, орозолор эркин кармала турган болду ж.б.у.с. Диндин мына ушул бөлүктөрүнө гана амал кылынышына ыраазы болуп, саясатка аралашпастан, парламент мыйзамдары колдонулушун колдоп жашоо – салттуу ислам деп аталды.
“Ислам экстремизми”. “Салттуу исламга” ыраазы болбой, Ислам дининин өзү саясат, андыктан, дин турмушта толугу менен колдонулушу даркер. Депутаттар чыгарган мыйзамдар менен эмес, шарият мыйзамдары менен жашашыбыз керек, — деген мусулмандар “диний экстремисттер” аталды. Бул мусулмандар саясатка тиешелүү шаръий өкүмдөргө амал кылып, саясатка исламий көрүнүштө жандашышты.
“Мээлүүн ислам”. Мусулмандардын саясатка исламий көрүнүштө аралашууларын “салттуу ислам” тосо албай калды. Андыктан, кафирлер эми “умеренный ислам” долбоорун иштеп чыгышты. Анын шарты боюнча, эми мусулмандар саясатка аралашса болот, бирок ал үчүн, “демократия баалуулуктарын” тан алып, саясатка шарият негизинде эмес, демократия негизинде катышуулары керек болот.
Жогоруда аталган атамалардын бардыгы кафир Батыш терминдери болуп, алардын Исламга каршы күрөшүп жаткан долбоорлору болуп саналат. Андыктан, ал проектилер алкагына кирип иш кылуу – кафирлердин тузагына түшүү болуп эсептелет. Бирок тилекке каршы, арабыздан ушул долбоорлорго билип-билбей кызмат кылып калган боордошторубуз көп кезигет. Билип туруп бул проектилерди актап, ал тургай жактап чыккандары да бар. Мисалы, сарай уламалары “светтик” деген терминди “илманий” деп которуп элди адаштырышканы сыяктуу эле, “умеренный ислам”ды да актап-жактап, мусулмандарды адаштырып жатышат. Алар “динибиз терең кетпеген, аша чаппаган дин, андыктан, “умеренный” деген түшүнүккө дал келет” дешип, ал тургай аяттарды таъвил кылып, далил келтиришүүдө.
Ушул сыяктуу эле, “салттуу исламды” да акташып, ар түрдүү шылтоолорду айтышкан. Мисалы, “биздин Орто Азиядагы мусулмандар ханафий мазхабын карманып келишкен. Андыктан, биз да ушул мазхабды карманабыз, мына ушул биздин салттагы динибиз” дешкен. Бирок, бул актануучу шылтоодон башка нерсе эмес экени айдан ачык. Жогоруда баяндап өткөнүбүздөй, бул “салттуу исламда” баягы эле, нике, жаназа ж.б.у.с. айрым тармактарда гана ханафий мазхабынын фикхине кайрылынбаса, турмуштун башка иштери демократиялык мыйзамдар менен башкарылууда. Анан кайдагы мазхаб?! Ачык эле көрүнүп тургандай, эч кандай мазхаб карманбай эле, республикалык куфр түзүмүндө жашап жатабыз. Мисалы, гейлердин, сойкулардын укуктары корголот – негизи, эгер алар чын айтып жатышса – алар ханафий мазхабында шаръий өкүмгө ылайык катуу жазаланышы керек эле. Кен байлыктарыбызды чет элдик инветорлор талап-тоноп кетүүдө – эгер алар чын айтып жатышса – бул маселеге да ханафий мазхабынын чечими бар жана ушул боюнча чечилиши керек эле…
О.э. Кыргызстанда “салттуу ислам” проектисин колдонуу мусулмандар биримдиги үчүн кызмат кылат деп көрсөтүштү. Негизи, ал мусулмандар арасын ажыратуу, Исламга каршы күрөшүү үчүн кафирлер тарабынан иштелип чыккан долбоор болуп, айрым бир “аалымдардын” аны башка багытка буруп жиберүүсү мүмкүн эмес. Мына, турмуш чындыгы көрсөткөндөй, бул долбоор “салафийлик” багыты менен “суфийлик” багытын карманган мусулмандар ортосунда ыр-чырдын оожалышына алып келди.
Мунун каршысында, Кыргызстанда салттуу диндердин бири катары таанылган православие чиркөөсү менен протестанттык багыттагы христиандардын ортосунда эч кандай чыр-чатак деле жок. Ошондуктан, эгер ири державалар менен мамлекет тил бириктирип, атайлап мусулман жамааттары арасында бир кутумдарды уюштурбаса, мусулмандар ортосунда эч кандай жаңжалдар келип чыкпайт деп ишенимдүү айтууга болот.
Азыр Кыргызстанда “дин кишилери” “салттуу ислам” менен “мээлүүн ислам” долбоорлорун аралаш ишке ашырып жатышат (негизи, алар бул эки долбоорду так айырмалай алышпайт). Мисалы, ибадат маселесинде “салттуу исламды” колдонушса, шайлоо маселесинде “умеренный” болушуп, ага демократиялык мыйзамдар негизинде катышууда. Ушуну менен, акырындан “умеренный ислам” долбооруна өтүү процесси жүрүп жатат.
СССР урагандан кийин, андан бөлүнүп чыккан мусулман өлкөлөрүндө, советтик доордо медресе жана хужралардан билим алган мусулмандар даъватты жаюуга катуу киришишкен эле. Алардын ичинен светтик саясатка моюн сунгандарын мамлекет тандап алып, “салттуу ислам” долбоорун жүзөгө ашыртуу үчүн ишке салган. Буга улай, Түркия, Пакистан, араб мамлекеттеринин расмий таалим тармактары тарабынан “светтик-диний илимдүүлөр” жетишип чыкты.
2014-жылы февралда, КР Коргоо кенешинде “диний тармак боюнча мамлекеттик саясат” маселеси каралып, президент тарабынан анын чечимине кол коюлду.
Чечимде мындай сөздөр келген: КР Конституциясынын адам укуктарын жана ишеним эркиндигин камсыздоо боюнча шарттарына негизделип, диний уюмдар ишмердүүлүгүн теске салууну жөнгөрүү мамлекеттин биринчи кезектеги милдеттеринен болуп саналат. (Байкап коюңуздар, мында “Матуридий акыйдасына жана Ханафий мазхабына негизделип” деп айтылган жок).
Ушул жыйын алкагында президенттик аппарат “Ыйман” фонду менен кызматташып, ага колдоо көрсөтө турган болду. “Ыйман” фондунун милдети “коомчулукту жана дин кызматкерлерин дин тармагындагы мамлекеттик саясаттан кабардар кылып туруу” болуп белгиленди.
Ушул жылы күзүндо Мусулмандар Диний Башкармалыгына караштуу кызматкелерди аттестациялоо болду. Ошондо МДБ: “Аттестация жыйынтыгында жалаң исламга карата салттуу көз караштагы диний кызматкерлер тандалып алынат” деп билдирүү жасады. Аттестациядан өткөн кызматкерлер “Ыйман” фондунан стипендия ала турган болушту.
Бул аттестация талаптарында светтик көз караштагы шарттар көп камтылгандыктан, айрым имамдар аттестацияга катышуудан баш тартышты. Бирок, алардын баш тартуусун Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия четке какты. Анын директору “көпчүлук диний кызматкерлер ал тургай Куран окушту билбейт экен” деп, имамдарды айыптап чыкты. Негизи, тээ 2008-жылкы аттестацияланган имамдардын 93% ы талап кылынган билимге ээ экендиги жарыяланган эле.
Мындай аттестация 2015-жылдын аягында да болуп өттү. Анда аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдулла Асыранкулов: “Бардыгы жакшылап билип коюшсун, бизде ханафий мектеби таанылат жана ал көпчүлүк мусулмандар үчүн салттуу болуп саналат. Башка агымдар, мисалы вахабизм, биз үчүн жат”, — деп билдирүү жасады. Бирок аттестацияда болсо: светтик жогорку билимге ээ болуу, мамлекеттик мыйзамдарды жакшы билүү – мына ушулар талап кылынган негизги шарттар болуп калды. Натыйжада, 2,5 миң имамдардын ичинен 800ү гана аттестациядан өтө алды. Калгандарынын ордуна светтик жогорку билимге ээ, мамлекеттик светтик мыйзамдарга кыңк этпей баш ие турган, мамлекет уруксат берген көлөмдө гана ханафий мазхабын биле турган кадрлар тандап алына турган болду. Диний окуу жайларынын мугалимдеринин 42%ы аттестацияга катышууга укугу жок болуп чыкты. Анткени, алардын светтик жогорку билими жок болчу. Ошентип көптөгөн имам жана мударристерибиз “умеренный исламдын” курмандыктары болуп калышууда.
Ушинтип, Кыргызстанда “умеренный ислам” долбоору ишке ашырыла баштады. “Ыйман” фонду баштаган “умеренныйлар” ИИМ жана УКМК кызматкерлерине “экстремизмге каршы” сабактар өтө башташты. Бул сабактарды жакшылап текшере келсең, алар үчүн “Сирияга кеткендерди кантип токтотобуз”, “ИГИЛге кантип каршы турабыз” деген темалар бир шылтоо эле экени айкын болот. Негизи буга чейин, калкты Исламдан чоочутуу үчүн, мамлекеттик атайын кызматтар Сирияга баруучулардын уюшуусуна жана алардын ал жаккка кетүүсүнө атайлап шарттарды түзүп беришкен. Эгер чындап көзөмөлдөй турган болсо, чегарадан “чычкан да жорголоп өтө албайт”. Мына биздин “кара тизмедеги” жигиттерибиз, жада калса, иштеп келүү үчүн чет өлкөлөргө чыга албай жүрүшөт. Ушундан улам да, жогорудагы тренингдер Хизбут-Тахрир исламий-саясий партиясына гана каршы багытталган деп айтууга болот. Андагы суроо-жооптор, пикир алышуулар ж.б. иш-чаралар бүт бардыгы негизинен Хизб тууралуу болууда. Буга катышуучулардын өздөрү да күбөлүк беришүүдө. Хизбге мындай каршылыктын себеби, анын чыныгы исламий долбоорду көтөрүп чыгып жаткандыгында.
Ал эми, “салттуу ислам”, “умеренный ислам” деген долбоорлор – биздин жерлерди басып алган, динибизди колдонуудан калтырган — кафирлер проектилери болуп, кимде-ким бул долбоорлорго катышып кала турган болсо, анда алар кафирлердин Исламга каршы күрөшүнө жардам берген болуп калат, мындан Аллах сактасын!
- Аллах Субханаху мындай дейт:
﴿إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾
«Аллах силерди жалгыз диниңер туурасында силер менен урушкан жана силердиөз журтуңардан кууп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкан кимселерден – алар менен достошууңардан кайтарат. Эгерде ким алар менен достошсо, дал ошолор залим кимселердин өзү»60:9 [60:9]
Бул “умеренныйлыкты” кабыл алган мусулмандардын айрымдары “бул долбоорлорго катышуу аркылуу ийгиликтерге жетип, андан даъватты жаюу жолунда колдонобуз” деп айтышууда. Бирок, бул орунда алар эң маанилүү бир маселени эске албай жатышат. Ал маселе мындай: пенде хидаяттоочу эмес, жеткирүүчү гана, хидаятточу – Аллах Таала. Ошондуктан, ушуну менен “ийгиликтерге жетип”, элди хидаяттап жиберебиз деп ойлоо ката. Пенденин милдети – даъватты жеткирүү гана. Ал эми даъватты жеткирүүдө арам жол иштетилбейт. Анткени, максатка жетүү үчүн арам жол васита кылып алынбайт. Пенде ушундан жоопкер.
Мисалы, “парламентке намаз окуган адам барып калса, ал аркылуу даъватты жаюу жолдору кеңеет” деп жатышат. Биринчиден, бул орунда пенде кылыш же кылбашын чечип алышы керек болгон маселе – даъватты жаюу эмес – парламенттик шайлоого катышуу же катышпоо маселеси эле. Аны менен бетме-бет турган, шаръий өкүм боюнча амал кылуу талап кылынган иш ушул болчу. Пайгамбар а.с.га Мекке башчылыгы сунушталганда, “башчы болуп алсам даъватты жеткирүү оңой болот” деген эмес, тескерисинче мындай сунушту четке каккан.
Буга кошумча, “умеренныйлар” калыс даъватчыларга: ушуга ыраазы боло бербейсинерби, Өзбекстан же Тажикстандагыдай душмандык болуп кетсе эмне болот, — деп жатышат. Биринчиден, мусулман адам шарият талап кылгандай абалга гана ыраазы болот, залимдердин “ырайымына” ыраазы болууга, аларга кошаматтанууга болбойт. Экинчиден, абал Өзбекстандагыдай болуп кетеби, же башкача болуп кетеби – ал Аллахтын иши. Демек, пенде бул жаатта Аллахтын ишине кийлигишпесин!
Тыянак. Демек, капырлардын Исламга каршы күрөшүүдөгү айла-амалдары баскычма-баскыч колдонулуп келүүдө. Качан бири ийгиликсиздикке учураса, экинчисин тыгыштырууда. Бирок, мына ушул “умеренныйлык” алардын акыркы айласы болуп калса ажеп эмес. Урматтуу мусулман бир туугандар, биз баарыбыз биргеликте, куфрдун мындай куулук-шумдуктарынын акыйкатын түшүнүп жетип, ал долбоорлордун таш-талканын чыгарышыбыз важиб.
Устаз Фатих