Назарбаевдин пикиринче, Украинанын башына түшүп жаткан проблемалардын түпкү себеби биримдиктин жоктугунда. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 1-май Элдердин биримдиги майрамында сөз сүйлөп, биримдик болбогон мамлекетте эмнелер болушуна Украинаны мисал келтирди.
Назарбаев элди улуттук биримдикке үндөп, Украина окуяларын эске сала кетти. 2013-2014-жылдарда ишке ашырылып “Евромайдан” деп аталган митингдер мамлекеттин ошол кездеги президенти Виктор Януковичтин бийликтен кетишине себеп болгон эле.
“Украина бир кезде Советтер Союзундагы экинчи чоң өлкө болчу. Азыр экономикасы Казакстандыкынан эки эсе кем. Анткени, эл арасында ынтымак жок, уруш-талаш, жаңжал менен убара”, – деди Назарбаев.
Назарбаев жарандарды биримдикке чакырды. Себеби, мамлекетте эки аптадан бери нааразылык маанайы күчөп бара жатат. Жарандар айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөр сатып алышына уруксат бере турган жер реформасына нааразылык билдиришүүдө.
Туркистон:
Ар кандай авторитардык режим эртеби-кечпи өз жарандары тарабынан албетте кулатылат. Буга тарыхта мисалдар көп. Бирок, авторитардык режим үстүндөгү диктаторлор ушул күндөн коркуп, режимдерин дагы да күчөтүү үчүн жаңы чараларды издешип, кырдаалды ого бетер курчутуп жиберишет.
Назарбаевдин Казакстандагы кырдаалдан тынчсыздануусу орундуу. Ар кандай нааразылык аракеттеринин артында сөзсүз тышкы күчтөр турушун ал жакшы билет. Ошондуктан, Украинаны мисал келтирип жатат. Украинадагы революциялык аракеттер Батыш менен Россиянын ортосундагы тирешүүнүн натыйжасында келип чыккан. Бирок, ар кандай тышкы күч ошол мамлекеттин жарандарынан о.э. жарандар менен бийликтин ортосундагы пикир келишпестиктерден пайдаланат. Украинада да Батыш сакафаты менен сугарылган жарандар менен орус тилдүү калктар жана алардын сакафатынан таасирленген жарандар ортосунда карама-каршылыктарды келтирип чыгарышкан. Аныгыраагы, Батыш дүйнөсү украиндерди өз хазараты менен тарбиялай алды. Натыйжада, Россиянын СССРден калган дүйнө карашына каршы пикирий куралданган жарандар армиясын түздү.
Казакстан да Россиянын сакафий колониясы астындагы мамлекет. Назарбаев Батыш менен алакаларды орнотуп, жарандарын орустардын таасиринен алып чыгып кетүүгө канчалык аракет кылбасын, баары бир абал оӊолбойт. Себеби, сакафий колония, ондогон, кээде жүздөгөн жылдарда калыптанат. Ал улуттун үрп-адат жана баалуулуктары менен аралашып кетет.
Назарбаевдин орустарга каршы Батыш маданиятын мамлекетке алып кирүү аракеттери кырдаалды ого бетер курчутат. Дал ушул аракет Украинадагы сыяктуу абалга алып барат. Улуттук байламтаны күчөтүү аракеттери да, андан да жаманыраак абалдарга себеп болушу мүмкүн. Т.а. Россиянын улуттук баалуулуктарына тийип кетиши жана орус улуту менен кагышуусу Россиянын бул келишпестиктерге түздөн-түз аралашуусуна шарт түзөт.
Казак элин исламий идеология о.э. анын негизинде калыптанган мыйзам жана баалуулуктар гана сактап калат. Себеби, Ислам идеологиясы гана башка улут жана дин өкүлдөрүнө карата толеранттуулукка чакырат. Алардын акы-укуктарын анык белгилеп берип, бардыгын коргоосуна алат. Исламий хазарат гана куфрдун бөлүктөргө бөлүнүп, бири-бири менен кагышып жаткан жасалма хазараттарынан таасирленбейт. Куфрдун айла-амалдарына алданып, анын кызыкчылыгы үчүн бири-бирин өлтүрүүгө жол бербейт. Тарыхта буга көптөгөн мисалдар бар. Мисалы Усманий халифалык яхудийлерди Европанын куугунтугунан сактап калуу үчүн аларга Түркиядан баш баанек берген…..
Казакстанды дагы көптөгөн проблемалар күтүп жатат. Казакстан эле эмес, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан ж.б.у.с. куфр хазараты менен сугарылган жана анын сакафаты менен жашоосун калыптандырып алган бардык өлкө, улут жана элдерди дагы көптөгөн кырсыктар күтүп турат.