Халифалык мамлекетинин урааны (же гимни)

345
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Халифалык мамлекетинин урааны (же гимни)

Белгилүү бир топ башка бир топтон, бир мамлекет башка бир мамлекеттен бөлүнүп турушу үчүн кыйкырып айтыла турган ураан кабыл алуу мубах иштерден. Мусулмандар согушта башка мамлекеттер менен жолуккан кезинде бийик үн менен айтыла турган ураан тандап алышкан. Бул нерсе Расулулла с.а.в. дын доорунда, ал кишинин ыраазычылыгы менен колдонулган. Хандак жана Курайзада «Хо мим. Үстөм боло алышпайт» деген ураанды тандашса, Бану Мусталакда «Эй музаффар, өлтүр, өлтүр» деген ураанды… тандап алышкан жана башка ушул сыяктуу.

Мындан тышкары, Алла Субханаху адамга бир канча касиет-сыпаттарды берип, аны ушул сыпаттар менен жараткан. Мисалы, угуу, көрүү, сүйлөө… сыяктуу. Булар болсо мубах жаатындагы умумий далилдерге кирет. Демек, ал каалагандай көрөт, угат, сүйлөйт, кыйкырат. Бирок, алардын бирертесине тийиштүү атайын далил келген болсо, ага моюн сунулат.

Ошондуктан, Исламий мамлекет бийик үн менен айтылган, башка мамлекеттерден бөлүп турган бир ураан (же гимн) тандап алышы жайиз. Аны башка мамлекеттер менен болгон алакаларда колдонот. Т.а. халифанын сапарында же мамлекеттердин жетекчилери сапар кылган убактарда ыргак менен айтылат. О.э. адамдар аны жалпы жыйындарда, медреселерде, уктурууларда жана башка ушул сыяктууларда ырдап айткан абалда, өз алакаларында да пайдаланышы мүмкүн.

Эми бул ураандын кантип айтылышына келсек т.а. бийик үндөбү, төмөн үндөбү же маанай мененби, маанайсызбы… булардын баары жайиз. Анткени, мусулмандар өздөрү алып чыгып жаткан иштерге карап ураандарды таасирдүү үн менен айтышкан.

Мамлекеттин урааны болушу керектиги табанний кылынган. Керек болгон учурда андан пайдаланылат, халифанын башка мамлекеттердин жетекчилери менен болгон расмий учурашууларында ыргак менен айтылат. Үммөт да белгилүү бир жыйындарда, учурашууларда андан пайдаланат. Алланын уруксаты менен ТУУРА ЖОЛДОГУ ЭКИНЧИ ХАЛИФАЛЫК МАМЛЕКЕТИ тикеленген убакта анын ураанында төмөндөгүлөр этибарга алынат:

  1. Расулулла с.а.в. дын туура жолдогу экинчи Халифалыктын кайтып келиши жана «Укоб» роясы – Расулулла с.а.в. дын байрагы кайрадан көтөрүлүшү жөнүндөгү башараттары жүзөгө чыкканы айтылып өтүлөт.
  2. Расулулла с.а.в. дын Халифалык тикеленген убакта жер өз казыналарын чыгарышы, асман өз берекесин жаадырышы, жер зулумга толуп ташкандан кийин адилетке толушу жөнүндөгү башараттары айтылып өтөт.
  3. Мусулман өлкөлөрү Халифалык байрагы астына кошулгандан кийин дүйнө бойлоп жакшылыктын жайылышы жана футухат-жеңиштер, эң оболу зыярат үчүн барыла турган үч мечит: Масжидул Харам, Масжидун Набавий, – жөөт вужуду тамыры менен омкорулуп ташталгандан кийин – Масжидул Акса айтылып өтүлөт.
  4. Үммөт – Алла ирада кылгандай – инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөткө айланганы менен аякталышы. Анын эң улуу максаты Алла Субханахунун ыраазылыгына жетүү. Ошондой болгон соң, Өз Фазли, Рахматына жана улуу фирдавс бейишине жетиштирсин.
  5. Анда «Аллаху Акбар» такбирлеринин кайталанып айтылышы. Себеби, такбирдин Исламда да, мусулмандар жашоосунда да өзүнө гана тиешелүү таасири бар. Ушул себептен улам, ал алардын жеңиштеринде, майрамдарында кайра-кайра айтылат, таасирге ээ ар бир жыйындарда алардын тилинен такбир түшпөйт.

Ушул нерселердин негизинде бул китептин тиркемесине арзуу кылынган ураан жана анын кандай көрүнүштө болушу киргизилет. Ал – Алланын уруксаты менен – ыңгайлуу учурда жарыя кылынат.(“Халифалык мамлекетинин жихазы” китебинен).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here