Эми “террорист” жана “экстермисттер” өзүнчө камераларда кармалат

258
0

 Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 16-апрелде  терроризм жана экстремизм айыбы менен эркинен ажыратылган туткундарды башка туткундардан бөлүп кармоо туурасындагы мыйзамга кол коюп, бул аркылуу жаза мөөнөтүн өтөп  жаткан мусулмандардын башка туткундардан бөлүп кармалышы мыйзамдуу түскө кирген эле.

Жаза аткаруу башкармалыгынын маалымат катчысы билдиргендей, терроризм жана экстремизм беренелери менен эркинен ажыратылган туткундардын алгачкы тобу жума күнү мекемелердин бириндеги атайын даярдалган абакка көчүрүлдү.

Кабарда: “Бүгүн терроризм айыбы менен эркинен ажыратылгандардын алгачкы тобу атайын даярдалган абакка көчүрүлдү. Бүгүнкү күндө республика боюнча мындайлардын саны 150гө жетет”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here