Россиянын тышкы саясатында Борбор Азия мамлекеттери маанилүү орунду ээлейт

262
0

Россия Тышкы иштер министрлиги өзүнүн веб сайтында таркаткан билдирүүдө, Борбор Азия мамлекеттери Россиянын тышкы саясатындагы биринчи орунда турган маселе экендиги, айрыкча Өзбекстан мамлекети өзгөчө орунга ээ экендиги айтылды. Билдирүүдө айтылышынча, 2015-жылы Россия менен Борбор Азия жетекчилери ортосунда 25 жолу жабык эшиктер артында, 19 жолу ачык түрдө жогорку даражалуу жолугушуулар болуп өткөн.

Билдирүүдө Россия жана Өзбекстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерге өзгөчө маани берилген. Эки мамлекет ортосундагы алакаларды эң жогорку даражада кеӊейтүү, ошону менен бирге саясий диалог, аймактык коопсуздук о.э. экономикалык кызматташтыкты дагы да бекемдөө, маданий жана гуманитардык алакаларды кеӊейтүү баса белгиленди.

Россия Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстан менен да стратегиялык кызматташтык маанилүү экендигине басым жасалды.

26-апрель күнү Москвага барып, Россия президенти Владимир Путин менен жолугушкан Өзбекстандын президенти Ислам Каримов “Россиянын Өзбекстандагы кызыкчылыктарын” тан алган эле.

Туркистон:

Каримов Россияга барып, Путинден Борбор Азиядагы аралашуусун күчөтүүнү суранды. Акыркы кездерде Россия Борбор Азиядагы бир катар позицияларына кайдыгер болуп келүүдө. Путиндин өтө чоӊ каталары себептүү Россия эл аралык саясаттагы салмагын жоготуп барууда. Путин болсо бийлигин сактап калуу максатында Россиянын кызыкчылыктарына көӊүл бурбай койду. Кезек Орто Азия мамлекеттерине келди.

 Батыш сакафатынын Орто Азия мамлекеттерине олуттуу кирип келе жатканы Каримовду тынчсыздандырып жатат. Каримов Өзбекстанды тосуп алганы менен айланасындагы мамлекеттер, айрыкча Кыргызстан жана Казакстан аларга эшиктерин кеӊири ачып беришти. Бул болсо, жалпы регион үчүн өтө кооптуу абал. Каримов Россиядан АКШга каршы атаандаштыкты күчөтүүнү суранды. Себеби, Каримов Өзбекстанды саясий жана маалыматтык вакуумда түбөлүккө кармап тура албайт. Анын үстүнө АКШ Каримовго кызы аркылуу басым өткөрө баштады. Жакынкы күндөрдө анын башына да Россиянын абалы түшүп калышы мүмкүн. АКШнын туруктуу өнөктөштөрү болбойт. Анын туруктуу өнөктөшү кызыкчылык. Каримов муну жакшы билет. АКШ Афганистан маселесинде жана Россиянын Орто Азиядагы кызыкчылыктарын алсыратууда Каримовду иттей кызмат кылдырды. Бирок, эми АКШ үчүн Афганистан проблемасы артта калды. Россия да алдан тайып барууда. Эки жүздүү Каримов болсо, дагы кайрадан Россиянын кучагына бой таштап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here