Проблема гимнде эмес, шаръий өкүмгө байланууда

Белгилүү болгондой, 22-апрель күнүЖалал-Абад шаарында облустук казыяттын демилгеси менен “Салттуу Ислам дининин баалуулуктары” деген аталыштагы конференция өткөрүлгөн эле. Иш-чаранын башталышында мамлекеттик гимн аткарылган учурда “Айша-Сыдыка” медресесинин окуучу кыздары ордунан турбай коюшту. Бул нерсени айрым адамдар каралап чыгышты. Албетте, дин душмандары мындай учурду колдон чыгарбай, андан Исламга каршы күрөштө пайдалана башташты. Ошол себептен улам, биз бул окуяга тиешелүү айрым шаръий жана саясий маселелерге токтолуп өтөбүз.

 Бисмиллахир Рохманир Рохим

Аллах Таала мусулмандарды күмөндүү иштерден этият болууга жана алардан тыйылууга буйруду. Аллах Таала айтат:

 “Эй момундаркөп күмөндөрдөн четтегиле! Себеби, айрым күмөндөр күнөө!”   [49:12]

Пайгамбарыбыз Мухаммад салллоллоху алайхи ва саллам:

Сени күмөнгө салган нерсени койгун да, күмөн кылбай турган нерсени ал”,- деген. (Термизий жана Насаий риваяттары).

Мусулман адам өзү дуушар болгон ар кандай иштин шаръий өкүмүн билиши важиб. Ушундан келип чыгып, жогорудагы муслима карындаштарыбыздын аракеттерине оӊ баа беребиз. Себеби, алар шаръий өкүмүн билбеген ишке дуушар болгондо мусулман адам кылышы керек болгон ишти кылышты т.а.күмөндүү ишти ээрчип кетишпеди.

Алардын бул ишке карата амалдарында проблема жок. Проблема – ушул ишке баа берип жаткан мусулмандардын түшүнүктөрүндө жана уламаларыбыздын бул ишке карата ээлеген позициясында. Алар бул иште “мекенди сүйүү”, “мыйзамды урматтоо”сыяктуу иштерди шарияттан жогору коюп алышты. Мусулмандар үчүн проблема мына ушул.

 Муслима кыздар кылган иште шариятка тескери эч кандай амал жок. Ким гимн боюнча шаръий өкүмдү билип, ага амал кылган болсо аларда да шаръий өкүмгө тескери иш жок. Уламалар аларды чалгытып, башкача чечим менен жетектеген күндө да кыздарда айып жок, иншаАллах. Амалдарга жандашуунун түпкү мааниси – бул амалдар шаръий өкүмгө муктаж деп ишенүү.

Уламалардын милдети болсо,Үммөткө ар бир иштин шаръий өкүмүн баян кылып берүүдөн турат. Себеби, Набий с.а.в.:

 “الْعُلَماءُ وَرَثَةُ الأنْبِيَاءِ

“Уламалар пайгамбарлардын мураскорлору”,– деген (Абу Давуд жана Термизий риваяты).

 Эӊ негизгиси, мындай учурда уламалар жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон, чечимди Аллахтын өкүмүнө байлап баян кылып бериши керек. Эгерде түрдүү максат жана себептерди шылтоолоп кыянат кылышса, анда аларды ээрчиген аамий адамдардын күнөөлөрү кошулуп, алардын мойнуна илинет. Расулуллах с.а.в.дан эң жаман адам ким экендиги суралганда: “Уламалар, эгерде бузулушса”, – деп жооп берген. МынданАллах сактасын.

 Иштин саясий тарабына келсек, мындай иштер элдин көӊүлүн тартып мынчалык даражада таркатылбашы керек эле. Бирок, айрым бузуку күчтөр учурдан пайдаланып,исламий мухитти бузууга жана өкмөттүн Исламга каршы күрөшүн ого бетер күчөтүүгө шашылышты. “Муътадил” Исламга болгон чакырыктары канчалык туура экендигин коомчулук жана өкмөткө дагы бир жолу көрсөтүп коймокчу болушту. Бирок, аларАллахтын “айла-амалы” күчтүүрөөк экендигин унутуп коюшту.

Түпкүлүгүндө, бул конференция “Салттуу Ислам” деген аталыш менен коомду чыныгы Исламдан чалгытууну көздөгөн эле. Исламий иш чаралар Куран кырааты менен башталып, Куран менен аякташы керек болгондуктан, гимн аткарылганда бул кыздардын айрымдары ордунан турушпады. “Ыйман” фонду сыяктуу “салттуу Исламдын” өкүлдөрү болсо “чиркейден пил жасап”, ушундай окуялардын шылтоосу менен жаңы бузук мыйзамдарды чыгартып алууга аракет кылып калышты!

 Биз мусулмандар мындай бузук ниеттеги күчтөргө каршы мамиле билдирбесек, алар мечит-медреселерди жабууну о.э.алардын үстүнөн көзөмөл кылууну күчөтүп жиберишет. Күч түзүмдөрү болсо балдарыбызга басым өткөрүүнү дагы да күчөтүп, аларды манқурт кылып тарбиялоочу куфр долбоорлоруна кызмат кылып беришет.

 Эй мусулмандар, биз мойнубуздагы шаръий милдеттерибизди сезген абалда шариятка тескери келген ар бир ишке татыктуу мамиле билдиришибиз керек. Уламаларыбызга куфр түзүмү басым өткөрүп, шариятты бузуп көрсөтүүгө аларды мажбурлап жатышат. Биз мусулмандар аларды мындай зулумдар кысымына жардамсыз таштап койбошубуз керек. О.э. күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да биздин ага-инилерибиз, аларды да куфрдун басымы астындаташтап коюшубуз туура болбойт. Биз уламаларга да, орган кызматкерларине да туура мамиле кылып, тергеп-тескөө жана насаат кылуу менен алардын куфрга түшүп калышынын алдын алышыбыз керек.

Аллах Таала айтат:

 “Пендемдин ибадатынын Мен үчүн эң сүйүктүүсү – насаат” (Хадиси кудсий)

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

12 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago