Кыргызстан конституциясы дагы бир жолу өзгөрүшү мүмкүн

Президенттин коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси Бусурманкул Таабалдиев “Кыргызстандын баш мыйзамында мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан бөлүмдөр бар” экендигин айтты. Ал өзүнүн расмий билдирүүсүндө “конституциядагы бул бөлүмдөргө өзгөртүү киргизилиши керек” деди. Таабалдиевдин бул билдирүүсү, БУУнун Азимжан Аскаровду камактан чыгаруу жана Жогорку сот тарабынан чыгарылган өкүмдү жокко чыгаруу туурасындагы токтомунан кийин жарыя кылынды.

Акыркы кезде АКШ мамлекети өзүнүн колундагы бардык мамлекеттик эмес уюмдары менен Кыргызстанга бастырып кирип келе баштады. Кыргыз бийлиги аларга дарбазаны кеӊири ачып берип, “алар арабыздагы мусулмандарга каршы күрөшүп жатат” деп бейкапар отурушкан эле. АКШ болсо, учурдан пайдаланып Кыргызстанда өзүнүн сакафий таасирин орнотуп жатат. Ал ушул убакытта диний терроризм жана экстремизм проблемаларын шылтоолоп, Батыш дүйнө карашына ыктаган жаштарды жана саясий элитаны кандайдыр бир кубатка ээ кылып койду. АКШ Бишкекте көлөмдүү элчикана куруп, аны эӊ жаӊы заманбап разведка жабдыктары менен камсыздап алды. Анын жанына өтө чоӊ бир университет ачып, ал жерде Кыргызстандын эӊ жөндөмдүү жаштарын чогултуп окута баштады. Кыргыз элитасы болсо “ал биздеги мусулмандарды бир жаӊсыл кылып берүү үчүн ушунча аракет кылып жатат” деген ойдо кол куушуруп отура берди.

Эми кезек өздөрүнө келди. Т.а. АКШ 2010-жылы болуп өткөн окуяларды чукулап жиберүүнүн астында турат. Ошол кездеги бардык жийиркеничтүү иштер Таабалдиев сыяктуу бузуку күчтөр жана коопсуздук органдары тарабынан Россиянын колдоосу жана катышуусу менен ишке ашырылгандыгын жакшы билебиз. АКШ да бул иштерди ийне-жибине чейин жакшы билет. Кыргыз элитасы Аскаровдун ишинде ыӊгайлуу учурду колдон чыгарса, калган бардык иштери ачылып кетиши мүмкүн.

Ош окуясы менен Каримов ишке ашырган Андижан окуясы дээрлик бирдей иштер. Айырмасы, Каримов мамлекетти авторитардык режими менен бекем ороп, Батыштын маалыматтык чабуулуна каршы бекем тура алды. Кыргыз бийлиги болсо, тескерисинче Батышка караштуу уюмдар, маалымат каражаттары жана компаниялар үчүн кеӊири шарттарды түзүп берди. Алар ушундай мамиле менен Батышты ыраазы кылмакчы болушту. Бирок, бүгүнкү күндө катасын түшүнүп жеткени менен, ыӊгайлуу учур колдон чыгып кеткен болушу мүмкүн.

АКШнын Кыргызстанга кылып жаткан мамилесин көрүп турган Каримов Борбор Азия мамлекеттеринде теӊ салмактуулук бар болуп турушу канчалык маанилүү экенин түшүнүп жетип, дароо Россияга сапар тартты. Ал Путинди Орто Азиядагы кырдаалга таасир өткөрүү үчүн дагы кайрадан катышууга чакырып жатат. Себеби,, АКШ жеке өкүмдар болуп алары менен бул мамлекеттин жетекчилерине жаман мамиле кылып, аларга басым өткөрө баштады. Бул Каримовго да тийиштүү болуп, кезекте Андижан окуяларын иликтөө турганынан тынчсыздана баштады. Ал Россияга калктын жашылча-жемиштерине Россиядагы мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү үчүн баргандай болуп көрүндү. Бирок, ушул популисттик аракеттери менен өз калкынан корко баштаганы жана аларды бир аз болсо да кадыржам жана ыраазы кылуу үчүн аракет кыла баштаганы көрүнүп турат.

Кыргызстандагы иштер Украинадагы сыяктуу абалды көздөй бара жатат. Каримов Путинди мындан эскертет. Бирок, бул Россияга караганда Каримов үчүн өтө маанилүү жана кооптуу абал болуп эсептелет. Каримов АКШнын Батышча дүйнө карашынан ушунчалык кабатырда дейсиӊ, өзү ал жерге жөнөтүп, жогорку окуу жайларда окуткан бир нече студенттерди камап жиберүүдө. Ал Батыш көз карашына ыктаган ар кандай факторго каршы күрөшөт. Кыргызстандын бүгүнкү абалы Каримовду дагы да сак болууга үндөйт.

Кыргыз бийлиги бүтүндөй мамлекеттик аппаратты бир тараптагы саясатчылар менен алмаштырып алгандан кийин авторитардык бийлик орнотуп алмакчы болуп жатат. Кудум Россиядагы “Единый Россия” фракциясы сыяктуу, булар да “СДПК” таасири астындагы партиялар менен парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеп алышты. Эми авторитардык режим болбосо, булардын иш-аракети пайдасыз болот. Себеби, Кыргызстанда эми саясий аракеттер бир тарапка багытталат. Ички саясий чөйрөдө дээрлик тоскоолдук калбай бара жатат. Бирок, АКШнын эл аралык саясаттан келип чыгып өткөрүп жаткан басымдары, жакынкы келечекте жаңы саясий чөйрө пайда кылат. Бул болсо, Кыргызстанда граждандык согушка себеп болушу мүмкүн.

Бирок, Таабалдиевдердин аракеттери да өтө кооптуу абалга себеп болушу мүмкүн. Т.а. АКШнын иш-аракетин күчөтүп, абалды өзгөртүү жараянын тездетип жибериши мүмкүн. Күрөштүн натыйжалары АКШнын Кыргызстанда таасири канчалык орношуп алганына байланыштуу болот.

Абдураззак:

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago