Өкмөттүн динден башка проблемасы калбады

Улуттук статистика комитети 2015-жыл, 29-декабрда жарыя кылган маалыматка ылайык,  Кыргызстан калкынын 30,6 пайызы жакырчылыкта жашайт. “ЮНИСЕФ” уюму 21-апрель күнү жарыя кылган отчётто болсо, Кыргызстанда 1 миллиондон ашуун жаш балдар жакырчылыкта жана социалдык коргоого муктаж абалда жашап жатканы кабарланды. Мамлекеттин күндөн-күнгө начарлап бара жаткан экономикалык абалы болсо, бул көрсөткүчтөр мындан ары да көбөйүшүн билдирип турат.

 Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Кыргызстандын тышкы карызы 2015-жылы 169 миллион долларга көбөйгөнүн жана 2016-жылдын башында мамлекеттин тышкы карызы 3,6 миллиард долларга жетишин айтып өттү. Бул болсо, өз кезегинде Кыргызстан бийлиги үмүттөнүп жаткан тышкы инвестициянын келишине терс таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, мамлекетте жогорку деӊгээлдеги жумушсуздук, мектеп рэкети, окуучулар жана жаштар арасында өз өмүрүнө кол салуу сыяктуу проблемаларды расмий өкмөт кечиктирбестен чечиши керек эле. Чындыгында негизги көӊүлүн ушуларга каратышы керек эле.

 Өкүнүчтүүсү, расмий өкмөт калктын жашоо деӊгээлин жакшыртуунун, мамлекетте чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу жумушсуздук проблемасын чечүүнүн ордуна болгон көӊүлүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкө каратып келүүдө. Бул жолдо расмий бийлик АКШ жана Батыш мамлекеттери сызып берген жол менен жүрүп, мусулмандарды “салттуу” жана “радикал”га бөлүү аркылуу бир Үммөт өкүлдөрү ортосунда жарака жана душмандык пайда кылууга умтулууда.

Өкмөт куфр тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу максатында “2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат туурасында” концепцияны иштеп чыкты о.э. аны ишке ашыруунун алкагында түрдүү конференция жана жыйындарды уюштуруп келе жатат. Кечээ күнү Жалал-Абад казыятынын демилгеси менен “Салттуу Ислам дининин баалуулуктары” деген аталышта конференция уюштурулган болсо, ИИМ мамлекеттин бардык облустарында “Мамлекеттин келечеги биздин колубузда, экстремизм жана кылмыштуулукка жол жок” деген лозунгдар астында жыйындарды өткөрдү.

 26-апрель күнү Ош шаарында жана Араван районунда да диний абалды талкуулаган жыйындар болду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ички иштер министрлигинин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуусунда уюштурган жыйында да жарандарга мамлекет диний тармакта жүргүзүп жаткан саясат тууралуу маалыматтар берилди.

Мамлекеттик башкаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери, диний жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышкан жыйындарда диний саясат боюнча 2014-2020-жылдарга карата концепциянын аткарылышы талкууланып, диний уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөш тууралуу сөз болду.

Расмий өкмөт Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Өзбекстандын тажрыйбасынан пайдаланган абалда облус казыятынан, мечит имамдарынан жана элдин арасында таасирге ээ болгон диний уламалардан пайдаланууга аракет кылууда. Уламалар арасынан өзүнө кызмат кылууга ыраазы болгондорду ажыратып алуу үчүн “имамдарды аттестациядан өткөрүп, билимсиздеринин ордуна теологиялык билими бар имамдарды дайындоо” деген шылтоо менен менен аларды иргеп алууда.

 

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago