Мистура АКШ жана Россияны болгон күчү менен аракет кылууга чакырды

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура эгерде Сирияда ок атууну токтотуу келишимине амал кылынса, тараптар сүйлөшүү столуна отурушу мүмкүн экендигин билдирди. Ал үчүн АКШ менен Россияны келишимди сактап калуу үчүн болгон күчү менен аракет кылууга чакырды.

Де Мистура БУУнун Коопсуздук Кеңешин Женевадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу телеконференция аркылуу кабардар кылгандан кийин журналисттер үчүн атайын билдирүү берди. Сирияда чабуулдар уланып жаткандыгына көӊүлдү бурган Мистура мындай абалда сүйлөшүү өткөрүү мүмкүн эместигинен тынчсызданып жатканын билдирди.

Мистура: “Согуштарды токтотуу келишиминин тынчсыздандыруучу даражада начарлап кетиши сүйлөшүүлөргө зыянын тийгизди. Сүйлөшүүлөр учурунда күн сайын бирден окуя жүз берип турду. Бир нече саат мурда Халабдын чыгышындагы ооруканага уюштурулган чабуулдун натыйжасында акыркы педиатр (жаш балдарды дарылоочу доктор) да өлтүрүлдү. Акыркы 48 сааттын ичинде ар бир 25 мүнөттө бирден сириялык өлтүрүлгөн, ар бир 13 мүнөттө болсо бир сириялык жарадар болгон”, – деди.

Тараптар ортосундагы түшүнүктөрдө дагы деле өтө чоӊ айырма бар экендигине басым жасаган Мистура сөзүн улантып: “Июль айына чейин жок эле дегенде бир, же эки жолу сүйлөшүүлөр болот… Согуштарды токтотуу келишими ар кандай убакта жокко чыгышы мүмкүн, аны куткарыш керек. АКШ жана Россия февраль айында кылганы сыяктуу “согуштарды токтотуу келишимин” кайрадан ишке ашыруусу керек. Жолугушууларды май айында баштоону пландаштырып жатам, а бирок согуштарды токтотуу келшими жана зомбулукту азайтуу февраль айындагы деӊгээлине жетсе, мына ошондо гана кийинки раунддун кайрадан башталышы мааниге ээ болот. Ошондуктан, мен АКШ жана Россияны болгон күчүн жумшап, аракет кылууга чакырамын”, – деди.

Акыркы кабарларга ылайык, Америка менен Россия Сирияда согуштарды токтотуу туурасында келишип алышкан. Россиянын РИА жана ТАСС маалымат агенттиктери таркаткан кабарларда айтылышынча, Сирияда ок атууну токтотуу жумадан ишембиге өткөн түндөн баштап күчүнө кирген. Бул абал Мистуранын чакырыгынан эч канча убакыт өтпөстөн жүз берди.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

5 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago