Акыл – бул акыйданын негизи жана шаръий өкүмдөрдү түшүнүү каражаты

524
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Акыл – бул акыйданын негизи жана шаръий өкүмдөрдү түшүнүү каражаты,

бирок Аллахтын өкүмдөрүн өзгөртүүчү эмес

Ислам акылды өз ордунда иштетүүнү фарз кылды, анын иштөө орду болсо, акыйданы текшерүү жана шаръий өкүмдөрдү түшүнүү. Аллах Таала жүздөгөн аяттарда акылды иштетүүгө буйруган, мисалы: “Бакара” сүрөсүнүн 170-аятында: Качан (мушриктерге): «Алла түшүргөн өкүмдөргө моюн сунгула», – делинсе, алар: «Жок, биз аталарыбызды кандай жолдо тапкан болсок, ошого ээрчийбиз», – дешет. Эгер аталары эч нерсеге акылдары жетпе­ген, Туура Жолду таба алышпаган болушса дагыбы?!”

 “Зухруф” сүрөсүнүн 22-24-аяттарында: “Тескерисинче алар ушундай дешти: “Албетте биз ата-бабаларыбызды бир дин үстүндө тапканбыз жана албетте биз алардын изинен барып Туура Жолду табабыз”. (Эй Мухаммад) о.э. Биз сенден мурда да кыштак-шаарларга пайгамбарлар жиберсек, ал жайдын байлары: «Биз ата-бабаларыбызды бир дин үстүндө  тапканбыз. Албетте биз алардын изинен барабыз», – деш­кен. (Ошондо пайгамбарлары аларга): «Эгер мен силерге силер ата-бабаларыңарды тапкан динден туурараак динди алып келсем дагыбы?» – дегенде, алар: «Албетте биз, силер элчи кылып жиберилген динге кафирбиз», – дешти”. (43:22-24)

Ушул аяттардан келип чыгып, шарият талабы боюнча Ислам акыйдасын аклий далил негизинде, же болбосо негизи акылга негизделген накл негизинде кабыл алуу фарз. Аллах Таала бир нече аяттарда: “…аталары эч нерсеге акылы жетпей турган…” деп жахилияттагыларды каралоо менен, акылды иштетүүнү фарз кылып жатат…

Ал эми шаръий өкүмдөргө болсо толук моюн сунууну, ал тургай көӊүлдө эч кандай нааразылык калбастан, толук ыраазылык менен кабыл алууну талап кылууда, кимде-ким мындай кылбаса кафир болот:

– “Жок, Роббиңерге касам, тээ алар ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдү сени өкүмдар кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча, эч качан момун боло алышпайт. [4:65]

Демократтар тескерисинче болуп, жашоосунун жана келечегинин негизи болгон акыйда жөнүндө акылдарын иштетпей жатышат. Алар илгерки Европа элдериндеги “диндин” аты менен өз бийлигин бекемдеген падышалардын саясий жана экономикалык зулумдарынан кутулуу максатында, диндарлар менен келишүүнү камсыздап бере турган “ойлоп табылган” акыйданы сокурдук менен кабыл алышып, жашоосун ошол негизге куруп жатышат. Бүгүнкү күнгө келип, бул акыйда ушунчалык жийиркеничтүү натыйжаларга алып келгенине карабастан, аны кол астындагы элдерге да ар түрдүү ыкмалар менен малайлары аркылуу сиӊирүүгө аракет кылып жатышат. Биздегилер болсо аны маймылдардай кабыл алып, тоту куштай сайрап жатышат. Акылдарын бир аз эле иштетишсе мындай сөздү айтуунун өзү уят болчу. Бирок, алар акылдарын өз ордунда иштетишпестен, Аллах Тааланын ишине аралашуу жаатында биринен-бири ашып түшүп жатышат. Себеби, пендеге өкүмдү, эмне кылууну, качан кылууну же кандай кылууну Жаратуучусу т.а. Аллах Таала белгилеп бериши керек, пенденин милдети болсо аны түшүнүп, жакшылап ишке ашыруу болчу.

Ал эми шаръий өкүмдөрдү бузуу, же анын ордуна башкасын туура деп билүү, же кемчилигин толтурамын деп айтуу кудайлыкты дааба кылуу болот. Мындай кылгандарды ээрчүү болсо, аны Аллахтан башка “илах” деп билүү болот. Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хатам айтты: Мен Набий rдын алдына келдим – мойнумда алтын крест бар эле – ал зат мага «бутту алып ташта» деди. Жана «Бароат» сүрөсүнөн мына бул:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ

وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَهًا وَاحِدًا لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ

 Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин (монахтарын) о.э.Масих бинни Мариямды кудайлар деп билишти. Акыйкатта болсо, Жалгыз Аллахка гана пенделик кылууга буюрулушкан эле. Эч илах-кудай жок, Анын Өзү гана бар. Ал зат алардын (кошкон) шериктеринен таза.   (9:31) аятты окуп, … мындай дегенин уктум: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок, рохибдер бирер нерсени адал дешсе, адамдар аларды адал санашкан, бирер нерсени арам дешсе, аны арам дешкен. Мына ушул аларды (т.а. рохибдерин) кудай кылып алышы болот».

Мындай аяттардан кабары болбогон, бузук акыйданы жашоосуна негиз кылып алган демократтарды, көп аялдуулукка тоскоолдук кылуу максатында мыйзам чыгаруу ниетинде жүргөн динсиздерди түшүнсө болот. Алардын мыйзамдарды, ал тургай конституцияны да өзгөртүшү адаттагы эле көрүнүш. Аллах Тааланын Куранын кыраат кылып туруп, бирок, кээ бир жоопкерчиликти билбеген наадандардын жана пайда-зыян негизинде жашап жаткан фасыктардын15-16 жаштагы кыздарды никесине алып, таштап кетишин шаръий өкүмдөрдү бузуу үчүн себеп кылуу мүмкүнбү. Ушул кызды никесине алган “жигиттин” жоопкерчиликти түшүнбөгөнүнө таалим-тарбиянын туура жолго коюлбагандыгы экенин билип туруп, Аллахтын өкүмдөрүнө каршы чыгып жаткан аалымдарыбызды кандай түшүнөбүз? Балдарды жаш кезинен баштап “Үй-бүлө Аллах Тааланын улуу неъматы, аны арзыбаган нерселер менен бузуу, өз жоопкерчилигин сезбестик наадандык болот” деп тарбиялабаган мектептердин жана ата-эненин айыбы себептүү шариятты бузуу туурабы? Үй-бүлө курууга даяр болгондугун белгилөөнү шарият кыздын валийине жүктөгөн го.

Ал үчүн диндеги ар бир адамдын т.а. үй-бүлө башчысынын, мектептин жана нике келишимин түзүп жаткан жигит жана кыздын милдетин жакшылап түшүндүрүү керек. О.э. таалим-тарбия шаръий негизде болушун жолго коюу менен ишке ашуусун адамдарга түшүндүрүү керек.

Колонизатор кафирлер Исламдан бизди тосуу максатында “бир жыныстуу нике” т.а. эркек менен эркек, аял менен аял үй-бүлө курушун киргизүүнү талап кылса, анда да алар менен бир катарда туруп, шариятты бузууга киришилеби? 30-40 жаштагы эркектер да 2-3 балалуу болуп, үй-бүлөсүн таштап кетүүдө, аялы аларды багуу үчүн кыйналып жатат деп никени биротоло жокко чыгарып, эркек-эркек менен үй-бүлө курушун жаиз кылуу үчүн т.а. жийиркеничтүү мыйзамды актоо үчүн Шариятты бузуу жолдору изделеби? Субханаллах.

Эй устаздар! Эй Пайгамбарыбыздын мураскорлору!

Силердин милдетиӊер динди бузуу эмес, тескерисинче, үйрөтүү. Үммөт өз Исламын билбесе динди кафирлердин каалоосуна карап таъвил кылуу, алардын кыска акылдарына ылайыкташтыруу оор кылмыш. Аллах Тааланын алдында эсеби катуу болот. Аллах Таала айтат:

أَفَمَنْ يَمْشِي مُكِبًّا عَلَى وَجْهِهِ أَهْدَى أَمَّنْ يَمْشِي سَوِيًّا عَلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

 Акыры жүз төмөн (т.а. бутунун астынан башка тарапка карабастан) жүргөн кимсе акыйкат жолду жакшыраак табабы же бою тик абалда акыйкат жолдо жүргөн кишиби?!  [67:22]

Түшүндүрмө. Ушул аят кафир менен момун туурасында келтирилген үлгү болорлук бир мисал. Аны мындай түшүнүү керек. Динсиз-кафир кимсе бирер илахий колдонмосуз, өткөн күнүн да, келечегин да унутуп, жалаӊ гана бүгүнкү күнүн кандай өткөрүү түйшүгү, бүгүнкү күндүн проблемалары менен убара болуп т.а. жалаӊ гана бутунун астын карап күн өткөрөт. Демек, анын эртели-кеч жолунан чыгып калышы анык болгон ар кандай ташка-тосмого чалынып, жүз төмөн кулашы турган сөз. Ал эми, ыйман-ишеним ээси болсо Жаратуучу жиберген илахий Колдонмо көрсөтүп койгон Туура Жолдо, боюн ырас тутуп, кыла турган ар бир иш-аракетинде жалаӊ гана азыркынын үзүрүн көздөбөстөн, тескерисинче эртеӊки – Кыямат Күнүндөгү эсеп-китеп жана жаза-сыйлыкты ойлоп барат. Андыктан бүгүндүн т.а. өткүнчү дүйнөнүн арзан маталары, аны өзү тандап алган Туура жолунан адаштыра албайт. Аллах Таала айтат:

قُلْ يَاأَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْا إِلَى كَلِمَةٍ سَوَاءٍ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا اللَّهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِ شَيْئًا وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضًا أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُولُوا اشْهَدُوا بِأَنَّا مُسْلِمُونَ

 (Эй Мухаммад) айткын: Эй ахли китеп, бизге да, силерге да бирдей болгон бир сөзгө келгиле – Жалгыз Аллахка гана ибадат кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы жана Аллахты кою бири-бирибизди кудай кылып албайлы. Эгер алар (т.а. ахли китептер) ушул даъваттан баш тартышса, анда силер (эй момундар): «Күбө болгула, биз мусулмандар – жалгыз Аллахка моюн сунуучуларбыз», деп айткыла!

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here