“ТАСС” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Россия Кыргызстан жана Тажикстан менен биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын курууну пландаштырууда. Бул тууралуу Россия аба-космостук күчтөрү командачысынын орун басары Павел Кураченко билдирген.
Ал: “Россия Федерациясы Кыргызстан жана Тажикстан менен биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү туурасындагы келишимдин долбоорун иштеп чыккан жана тастыктоо баскычында турат”,- деди.
Борбор Азия аймагында коллективдүү коопсуздукту түзүү туурасында сөз кылган Кураченко, кудум ушундай келишимге 2013-жылы Россия менен Казакстандын ортосунда кол коюлгандыгын эскертип өттү.
Анын айтымында, учурда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасына киргизилген аскерий башкаруу органдарынын ыйгарым-укуктары, башкаруу пункттары, бирикме жана аскерий бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүн ылайыкташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Туркистон:
Борбор Азияда өлкөлөрүндөгү саясий, сакафий жана экономикалык таасирин күндөн-күнгө жоготуп бара жаткан Россия бийлиги негизги көӊүлүн аскерий тармакка каратууда. Региондогу мамлекеттер, айрыкча, экономикалык жана саясий жактан начар болгон Кыргызстан менен Тажикстан анын негизги бутасы болуп калууда. Россия бул өлкөлөргө жалпы баасы 1,5 миллиард долларга барабар болгон аскерий жардам берүү аркылуу региондогу аскерий аралашуусун бекемдеп алган эле. Эми болсо абадан коргонуу системасын түзүү аркылуу муну ого бетер күчөтүп алууда.
Путиндин – Россиянын ичинде да, тышкарысында да – аскерий кубатка таянуудан башка чарасы калбады. Кол астындагы мамлекеттерде аскерий аралашуусун күчөтүү аркылуу таасирин сактап калмакчы болуп жаткан болсо, Россиянын өзүндө карапайым калкты аскерий кырдаалды күчөтүү аркылуу кармап турууга умтулууда. Кечээ күнү түздөн-түз Путинге моюн суна турган Улуттук гвардиянын түзүлүшү да Россияда аскерий абалды киргизүү үчүн ташталган кезектеги кадам болду. Улуттук гвардияга кеӊири мүмкүнчүлүктөр берилди. Т.а. массалык нааразылыктарды күч менен бастыруу, аскерий жана атайын техникалардан пайдалануу укугу берилди. Улуттук гвардия эч бир эскертүүсүз күч же курал колдонуу укугуна да ээ болду.