АКШ мамлекеттик катчысы Москвага келди

258
0

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвага келди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабар берген.

Керри сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен о.э. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анын Москва сапары 2 күнгө созулат. Керринин 24-мартта Сергей Лавров жана президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө. Жолугушууларда Сириядагы саясий кризис, Украинадагы кырдаал жана Жакынкы Чыгыштагы абал о.э. эл аралык коопсуздук проблемалары боюнча талкуулашуу пландаштырылган.

РИА Новости агенттигинин кабарчысы 21-март күнү Гаванада Керриге Москвадагы жолугушуу тууралуу суроо берип, жолугушуудан эмнелерди күтүп жатканы туурасында сураганда АКШ жооптуусу: “Биз Жакынкы Чыгыш жана Украинадагы абалды о.э. коопсуздук маселелерин талкуулашабыз”, – деп жооп берди.

Сүйлөшүүлөр учурунда өзгөчө темалар да талкууланабы деген суроого Керри: “Өзгөчө темалар көп”, – деп жооп берди. Бирок, ал кайсы темаларды айтып жатканы тууралуу токтолуп өтпөдү.

О.э. Россия жетекчилиги менен “Минск келишимдери толук ишке ашырылышы зарыл экендигин” талкуулашат. Ошол себептен да Россиянын тышкы иштер минисрлиги Жон Керринин бул сапары Россия-Америка мамилелери нормалдашуусуна түрткү болушунан үмүттөнүп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here