Мигранттар агымы Папанын да үшүн алды

317
0

Папа Франциск Жакынкы Чыгыштан Европага келип жаткан качкындар агымын “Араб баскынчылыгы” катары баалады. Европа мамлекеттеринде төрөлүүнүн азайышына нааразы экендигин билдирген Папа жүз берген кризистен үй-бүлө маселесин негизги орунга чыгаруу аркылуу гана чыгуу мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Европа Союзунун качкындар кризисине чечим табуу боюнча өткөрүлгөн талкуусуна католиктердин руханий башчысы папа Франциск да катышты. Качкындар кризиси боюнча Ватикандын “Osservatore Romano” басылмасына интервью берген папа Франциск Жакынкы Чыгыштан Европага келип жаткан мигранттар агымы “социалдык акыйкат” экендигин билдирди.

“Бүгүн биз Араб баскынчылыгы жөнүндө сөз кылышыбыз мүмкүн”, “Европа өзүнүн тарыхында канча жолу баскынчылыкка дуушар болду?” – деди Франциск.

Европа мамлекеттериндеги төрөлүү деӊгээли төмөндөп кеткендигине көӊүлдү бурган Франциск Испания жана Италияда төрөлүү даражасы нөлгө жакындап калганына басым жасады. Папанын баса белгилешинче, бул кризистен чыгуунун бирден-бир жолу үй-бүлө куруу маселесин биринчи орунга коюу менен гана болот.

Папа өзүнүн кайрылуусунда: “Биз адамдык кризиске кайдыгер карашыбыз мүмкүн эмес”,“Европа мамлекеттери бириккен абалда гана көчмөндөр кризисин чече алышы мүмкүн”, “Европа улуттук, саясий оюндар жана кичинекей эсептерге алаксып калбашы керек”, “Сүйлөшүү столуна кайтуу өтө маанилүү. Жеңишке жетүү үчүн кээ бир кичине нерселерди жоготууга даяр болушубуз керек”, – деген сөздөрдү айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here