Азаттык радиосунун башкы бетиндеги Рашод кары Камалов туурасындагы макала эмне үчүн жарым саатта алынып салынды
Туркистон:
1-март күнү Азаттык радиосунда
абакта Рашод Камаловдун сакалын мыйзамсыз жана мажбурлоо жолу менен кырып жиберишкени туурасындагы макала жарыяланды. Кызык жери, бул макала болжол менен жарым саат убакыт өтүп Азаттык сайтынын башкы бетинен алынып салынды.
Белгилүү болгондой, 19-февралда Ош областынын Кара-Суу шаарында болуп өткөн өздөрүн милицияга тапшыруу акциясы учурунда Азаттыктын кабарчысы да ошол жерде болгон. Милиция кызматкерлери жүздөгөн акция катышуучуларынын көз алдында кабарчынын электрондук жабдыктарын тартып алышкан. Кабарчынын өзүн болсо, күч колдонуу менен кармап ичкериге алып кирип кетишкен. Болуп өткөн окуя тууралуу Азаттыктын өзү да жана башка маалымат каражаттары да кабар же нааразылык билдирүүсүн таркатышкан жок.
Жогоруда, Азаттык радиосунун өз кабарчысына болгон мамилеге кайдыгер карашы жана Рашод кары Камаловго карата ишке ашырылып жаткан зомбулуктар жөнүндөгү билдирүүнү тездик менен баракчасынан алып салууга мажбур болушу Азаттыктын эркин маалымат тармагы эместигин дагы бир жолу далидейт. Ал АКШнын 100% таасири астында ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Акыркы кездерде, АКШнын Кыргызстан менен мамилеси кайрадан бекемделе баштады. Бул нерсе Россиянын экономикалык кризиске тездик менен кулап бара жаткандыгына байланыштуу. АКШ учурдан пайдаланып, Кыргызстандагы өзүнүн абалын мурдагы калыбына келтирип алмакчы. Ал Кыргызстанда адам эркиндигин коргоочу чүмбөтүндөгү өзүнүн тыӊчылар армиясын күчөтөт. Бирок, жогорудагы Азаттык радиосунун аракеттерин көрүп туруп айтуу мүмкүн болгондой, адамдардын укуктары бир нече стандартка бөлүнгөн абалда корголот.
Алгачкы этибар, АКШ жана Россиянын таасирлери астында иштелип чыгып, колдонулуп жаткан Ислам жана мусулмандарга каршы долбоорлорду коргоого каратылат. Ушул багыт менен бара жаткан бардык аракеттер үчүн атайылап кеӊири шарттарды түзүп берет. Буга Чубак ажы же муфтият өкүлдөрүнүн чыгышы болобу, айырмасыз, алар үчүн маалымат каражаттарында кеңири жол ачып берилет. Шарты ушул, Ислам жана мусулмандарга каршы жүрүп жаткан жалпы багыттарга ылайык аракет же пикирлер баян кылынышы керек. Мисалы, жакында эле өздөрүн кыргыз Исламий элитасы деп атаган бир топ адамдар депутат Салянова парламентке сунуштамакчы болуп жаткан нике туурасындагы кайры исламий долбоорду бир добуштан колдоп беришти.
Бирок, 19-февралдагы күч түзүмдөрүнүн муслималарга каршы жүрүштөрү жөнүндө, ал жасалма элитанын бири да өзүнүн шаръий мамилесин билдирген жок. Кантип эле Рашод карынын азыркы абалы бул даанышмандарды ыйманынан кечип жиберүү даражасына чейин коркутуп койгон болсо. Кантип эле АКШ жетектеп Батыштын куфр системасы, дүйнөлүк маалыматты өзүнүн көзөмөлү астында кандай кармап келе жаткан болсо, бул Исламий интеллигенцияны да кудум алардай көзөмөл астына алууга жетишкен болушса.
Азаттык ар түрдүү тилдерде чыга турган куфрдун маалыматтык машиналарынын бири. Ал катуу көзөмөлдөнүп, ага анык багыттар берип турулат. Бирок, куфрдун ушул таасир кубаты Чубак ажы сыяктуу Аллах кадыр-барк берген Исламий уламаларга да таасирин тийгизе баштаганы өтө аянычтуу абал. Бул жаатта, Исламий позициядан караганыбызда, Рашод карынын абалы алардыкынан бир топ пайдалуураак болуп эсептелет. Аялдарды коргоо үчүн өздөрүн милицияга тапшырган чыныгы эркек мусулман боордошторубуздан Аллах ыраазы болсун. Ар кандай куфрдун колунан пайдалана турган жана мусулмандардын кырсыктарына кайдыгер карай турган аалым-уламалар Аллахтын алдында жогорудагы аялдарды коргогон мусулмандардын чыпалагына да туура келишпейт.
Адамдардын укуктарын коргоочулар да, Батыштын кызыкчылыктары негизинен четтей алышпайт. Алар да кожоюндары сызып берген сызыктан четке чыга алышпайт. Кимдерди жана качан коргошу керек, же кимдерди таптакыр коргоого болбойт, ушулардын бардыгын куфр системасы белгилеп берет.
Бул куфрдун өтө чоӊ бир тармагы болуп, бул тармакка алып кирүү кыйын болгон адамдар диндарлар болуп эсептелишет. Себеби, диний адамдар, куфр кызыкчылыктарына алгач Исламий түс берип алышы керек болот. Т.а. арамдарды адал кылып алышы керек болот. Ал үчүн алар аят жана хадистерди таъвил кылышып, аларга ката маанилерди бериши керек. Андан соӊ ал Исламий уламалар куфрдун бардык ыпылас аракеттери үчүн кеңири Исламий жолдорду ачып берүү үчүн бар болгон күчүн аябай турган манкурттарга айланышат. Алар да кудум Азаттык радиосу сыяктуу куфр системасы тармагын өнүктүрүүчү кубат жана кайры исламий аракеттердин негизги коргоочуларына айланып калышат. Алардын көздөрү Исламий каршылык аракеттерин гана көрө ала турган болп калат. Сойкукана, кумаркана, арак заводдордон түшө турган акчалардан имамдардын тамагын булгоо максатында стипендия төлөп берип жаткан өкмөттүн жийиркеничтүү иштерин көрүшпөйт же көрүшсө да, бул иштерге кантип Исламий түс берсек болор экен деген пикирлер жөнүндө баш катыра турган куфрдун куралына айланып калышат.
Учурдан пайдаланып, Кыргызстан уламаларына жана расмий диний кызматкерлерге кайрылабыз. Убакыт бар, эс-учуӊарды жыйгыла. Ыйманыӊарды куфрга күрөөгө койбогула. Алар менен ал тургай жалган кызматташтык кылууга да аракет кылбагыла. Себеби, ыйманды коргоо өтө назик жана этият болууну талап кылат. Жаманатты кылуучунун жаманатты кылуусунан коркпогула, себеби, бардык абал жана тагдыр жалгыз Аллахтын колунда. Куфрдун материалдык кызыкчылыктарынан үмүткөр болбогула, себеби ырыскы Аллахтан жана Ал зат ар бирибиз үчүн аны белгилеп койгон. Балээден куфр кубаттары бизди сактап кала албайт, себеби каза жана кадар бир гана Аллахтан экенин унутпайлы. Акыйкат үстүндөгү жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпойлу, себеби азап жана кыйынчылыктар Пайгамбарлардын, айрыкча пайгамбарыбыз Мухаммад САВдын тагдыры болгон.
Аллахтан жеӊилдик сурайбыз. Бирок, Ал бизди кыйынчылыктар менен сынай баштаса, сабыр жана бекемдик менен туруп берүү аркылуу Андан соопторду дагы да көбүрөөк кылып беришин сурайбыз. Себеби, биз Анын кулубуз.