Москвада даъватты жеткирүүчү боордош камакка алынды

265
0

Москва шаарындагы Мещан райондук соту Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү, 1986-жылы төрөлгөн Мунирхон Бабаевди камакка алуу туурасында өкүм чыгарды. Мунирхонго РФ Кылмыш кодексиндеги 205-берененин 1-пунктуна ылайык айыбы угузулду. Бул берене террористтик уюм түзүү жөнүндө айтылган берене болуп, анда 15 жылдан баштап өмүр бою камак жазасы белгилениши мүмкүн.

Хизб ут-Тахрирдин эч кандай террористтик иш-чарага тиешеси жок экендиги акыйкат. А бирок, Россия коопсуздук кызматы буга таптакыр көӊүл бурбай, Хизб мүчөлөрүн куугунтуктоону жана чоӊ-чоӊ кылмыштарда айыптоону улантууда. 2015-жылдын аягына чейин Москва шаары жана областында эле Хизб ут-Тахрирде ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүк айыбы менен ондогон мусулмандар камакка алынды. Россиянын калган региондорунда жүздөгөн Хизб мүчөсү камакка алынып, дагы деле абакта жатышат.

Орус өкмөтү исламий саясий партия болгон Хизб ут-Тахрирдин үстүнө курулай дооматтарды жаадырып, аны террористтик уюм деп жарыя кылууда. О.э. мубарак Шам жеринде Расулуллах Aдын тарыйкаты негизинде рошид Халифалыкты кайрадан тикелөөгө аракет кылып жатканы себептүү Сирия калкын да террористтер деп дааба кылууда. Россия сөздөн башка куралы жок адамдарды камакка алуу менен бир убакта, миӊдеген мусулмандардын үстүнө бомбаларды жаадырып жатат.

Аллах Тааладан Ислам Үммөтүн мындай бактысыздыктан куткарышын жана мусулмандарга карата кылмыш кылган кимселер жазалана турган күндү жакындатып беришин сурайбыз. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّـهَ غَافِلًا عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ ۚ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ * مُهْطِعِينَ مُقْنِعِي رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ ۖ وَأَفْئِدَتُهُمْ هَوَاءٌ

«(Эй Мухаммад) Сен эч качан: «Аллах заалим адамдардын кылып жаткан иштеринен бейкапар», деп ойлобогун! Бар болгону Аллах аларды (жазаларын), көздөр (айбат-коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө гана калтырууда. (Ал күндө) алар баштарын (асманга) көтөрүшкөн бойдон (чакырылган тарапка эсеп-китеп үчүн)жүгүрүшөт. Көздөрү өздөрүнө кайтпайт (башкача айтканда коркунучтан катып калып, өздөрүнүн кандай абалда экендиктерин да көрүшпөйт). Дилдери (коркунучтун айынан) боп-бош болуп калат» [14:42-43]0hizb

 

Хизб ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Расмий сайт: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here