Жашыруун түрдө коркутуу

Аялдарды коргоо үчүн өзүн милицияга тапшыруу акциясына катышкан жигиттерди Кыргызстандагы орган кызматкерлери жашыруун түрдө коркутуп көрүшкөн

Кыргызстанда 19-февраль күнү башталган муслима аялдарды коргоо акциясы, алгач Ош областынын Кара-Суу шаарында болуп өттү. Акциянын бир нече катышуучулары өздөрүнүн акцияга катышуудагы максаттары тууралуу баян кылышкан видео кайрылууларын социалдык тармактар аркылуу дүйнөгө таркатып жиберишти.

Кыргызстан өкмөтү жарандарын коркутуудагы негизги ыкмасы болуп эсептелген камакка алуу ыкмасы жокко чыгып бара жатканынан тынчсыздана баштады. Кээ бир орган кызматкерлери болсо, алгач колдорун байлаган абалда, “бизди камакка алгыла, биз, силер экстремист деп эсептеген Хизбдин мүчөлөрүбүз” деп милиция бөлүмүнүн ичине кирип барышканда камакка алышпады. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин ал боордошторубуздун кээ бирлерин жакынкы күндөрдө камакка алышы мүмкүн экендигин айтып, алардан акча талап кылууга аракет кылышкан. Кээ бирлери, ал тургай бул акция уюштуруучулары жана катышуучуларын, өзбек улутчул кыймылдарга байланыштыруу үчүн социалдык тармактарда кабарларды таркатып жатышат. Бул сыяктуу чалгытуу жана зулумдар уланышы, бул акцияда башка улут өкүлдөрүнүн да чыгышы менен аяктайт, инша Аллах.

Кыргызстан өкмөтү Россия жана Батыш мамлекеттеринин басымы астында өз жарандарына зулум кылып жатканы анык. Бирок, алардын бул алсыздыктары, аларды актай турган фактор болуп эсептелбейт. Тескерисинче, бул кыянат, кордук, паскечтик жана ыймансыздык болуп эсептелет. Себеби, муслималарды коргоо үчүн башталган акциянын себепкерлери болгон 20 аялдын бири да Хизбге мүчө эместиги аныкталган. Алардын арасында депутаттардын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин жакындары да болгон имиш. Демек, мазлумалар арасында ошол орган кызматкерлеринин жакындары да болушу мүмкүн. Бүгүн болбосо башка күнү….

Кыргыз өкмөтү, эми Хизб-ут-Тахрирге каршы кантип күрөшүү жөнүндө баш катырып жатат. Себеби, Хизб жигиттери үммөт кызыкчылыктарын, анын ар-намысын коргоо үчүн бардык нерсеге даяр экендигин сөз менен эле эмес, иштери менен дагы бир жолу көрсөтүп койду. Өкмөт мусулмандарга каршы зулумдарын токтотпосо, Хизб да аларга каршы исламий шаръий саясий жүрүштөрүн уланта берет.

Бирок кыргыз өкмөтүнө эскерте кетүүчү нерсе, Россия Сирия жана Украинада согушту убактылуу болсо да токтотту. Ал эми биздин өлкөлөргө көӊүл бура баштады. Көӊүл бурган болсоӊор, Россия расмийлери Кыргызстан жөнүндө “Кыргызстан менен алакабыз өтө жакшы” деген билдирүүлөрдү таркатып, мурда кол коюлган документтер негизинде бажыканаларыбызды ээлей башташты. “Кыргызстанда Ислам Мамлекети уюмунун мүчөлөрү көбөйүп бара жатат” деген ызы-чууларды көтөрүшүп, аскерий бастырып кирүү үчүн шарт түзүүгө аракет кылып жатышат.

Жогорудагы орган кызматкерлеринин мусулмандарды өздөрүнө каршы провокация кылуу максатында кылган бардык аракеттери Россиянын басымдары астында ишке ашырылып жатат. Ошондуктан, биз Кыргызстан мусулмандары, мамлекетке же өкмөткө каршы эмес, куфр түзүмүнө, анын ыпылас жана колонизатор системасына каршы күрөшүүбүз керек. Кыргызстан мамлекети эки жолу бийликти кулатып жиберди, андан эмне өзгөрдү, тескерисинче, абал начарлап бара жатат. Себеби, түзүм жана куфр системасы өзгөрбөдү.

Бирок, ошол куфр системасын колдонуу менен мусулмандарга каршы аракеттенип жаткан ар кандай мамлекет же өкмөткө каршы саясий күрөш алып баруу важиб болот. Бирок, ушул күрөш да куфр системасына каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш болуп эсептеле берет. Себеби, проблема адамдарда эмес, тескерисинче аларды башкарып жаткан куфр негизиндеги идеологияга таянган дүйнөлүк капиталисттик системада.

Орустун же АКШнын бул саясий айла-амалдарын түшүнө албай жаткан кыргыз бийлиги Кыргызстанды жогорудагы куфр мамлекеттери үчүн жаӊы согуш майданына айландырып берүүгө аракеттенүүнү улантып жатат.  

 

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

10 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago