Сирияда аскерий операцияларды токтотууга тиешелүү Керри жана Лавров ортосундагы «алгачкы келишим»
Американын тышкы иштер министри Жон Керри орус кесиптеши Сергей Лавров менен Сирияда аскерий операцияларды токтотуу боюнча «алгачкы келишимге» жетишти. Керри Иорданиянын тышкы иштер министри Насир Жавда менен Омманда жолугушкан кезде Лавров менен телефон аркылуу ок атууну токтотуу жөнүндө сүйлөшкөнүн о.э.кырсыктын бардык тараптарын талкуулашууга келишип алышкандыгын баса белгиледи.
Керри жалпысынан: «Биз ок атууну жана аскерий операцияларды токтотуу жаатында алгачкы келишимге жетиштик, бул жакынкы күндөрдө күчүнө кириши күтүлүүдө», – деди. Андан соӊ, президент Барак Обама менен президент Владимир Путиндин ок атууну токтотуу келишим ишке ашыра баштоо үчүн жакынкы убакта сүйлөшө тургандыгынан үмүттөнө тургандыгын билдирди.
Бирок, ал келишимди аткаруунун тафсилаттары жана жолдорун эки тарап теӊ үйрөнүп жаткандыгын о.э. «эл аралык коомчулук ок атууну токтотууга ар дайымкыга караганда бүгүнкү күндө жакыныраак келип калганын» баса белгиледи. (Би-Би-Си арабий).
Роя гезитинин комментарийи:
Америка «аскерий операцияларды» токтотууга жетишүү үчүн Россия менен сүйлөшүп жаткандай болуп көрүнүү менен Шам калкын, согушкер топторду жана башка мамлекеттерди алдап жатат.
Америка үчүн Шамдагы проблема Россия да, Иран да жана анын Хизби да эмес. Себеби, булардын бардыгы Америка саясатына кызмат кылат. Ал үчүн Шамдагы проблема азыркы малайы Башар Асаддын ордуна башка бир альтернативаны пайда кылып алууда. Ошондуктан да Россия менен Иран Шам калкына каршы күлүн көккө сапыруу саясатын ишке ашырып алышы үчүн Америка аларга шарт түзүп берип, убакытты созуп жатат. Ошол эле убакта, Сирия туурасында Америка каалаган чечимди кабыл алышы үчүн козголоңчуларга басым өткөрүп келе жатат. Эгерде козголоңчулар бир аз эле чегинишсе, ого бетер убакытты созуп, Россия жана тарапкерлери дагы да көбүрөөк кыргындарды ишке ашырышына жол ачып берет о.э. козголоңчулардын тынымсыз чегинүүсүнө жетишүү үчүн аларга дагы басым өткөрүүгө киришет. Качан өзүнүн планы ийгиликтүү чыкканына көзү жеткенден кийин, ок атууну токтотууну жарыя кылып, өзүнүн саясатын ишке ашырат…
Америка пландарын жокко чыгаруунун жолу – бул Шам калкынын бекемдик менен туруп, Аллах Субханахунун арканын бекем кармоо менен Анын өзүнөн гана жардам суроодо.
Роя гезитинин 2016-жыл, 24-февралдагы 66-санынан