Хизб-ут-Тахрир амири аалым, шайх Ато ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы зыяратчылардын берген суроолоруна жоопторунан (фикхий):
Iman Thawabtehнин биоэнергия менен дарылануу туурасындагы суроосуна жооп
Суроо: Ассаламу алайкум, мен Халил университетинде медициналык адистик боюнча билим алып жаткан студент кызмын. Бизге сабак берип жаткан профессор аял энергия менен дарылоо курстарын баштады, ал мына ушул тема боюнча толук изилдөө жүргүзүп, тажрыйбасын ашырмакчы болуп жатат.
Бирок, бир курсташыбыз бул тема тууралуу талкуулашып, анын арам экендигин айтып жатат. Бирок, профессор аял андан мунун арамдыгына бир катъий шаръий далил келтиришин талап кылды. Себеби, бул аял ушул тема боюнча өзүнүн изилдөөлөрүн толук аягына чыгармакчы болууда. Бирок, ошол курсташыбыз бул тема жөнүндө Куран жана Сүннөттөн бир анык далилди келтире албады. Сиз бул тема боюнча өз райыӊызды билдирип, далил келтирүүдө мага жардам бере аласызбы? Ушуну суранамын.
Жооп: Энергия менен дарылоо дегенде эмнени назарда тутуп жатканыӊыз суроодон анык эмес. Суроо берген бул кыз энергия менен дарылоо маанисин ачыгыраак баяндаса жакшы болот эле. Ошондо биз анын суроосуна карай жооп берет элек…
Ошого карабастан, бул темага арам деген талкуу кошулгандыгы себептүү “бул кыз нур чыгаруучу энергия сыяктуу хис кылына турган маддий энергия жана лазер менен дабалоо тууралуу сурап жаткан жок” деп күмөн кылдым. Нурдуу дабалоо рак оорусун дарылоодо колдонулат. Мында энергиянын жогорку даражадагы нурлары колдонулат же Magnetic resonance imaging (MRI) (ал магнит нурларды өткөрүү деп аталат) же ушуга окшогондор колдонулат. Бул жана ушул сыяктуулар менен дарылоодо эч бир күнөө жок. Суроо берген кыз “биоэнергия деп аталуучу энергия жөнүндө сурап жатат” деп божомол кылып жатам… Эгерде ушул энергия менен дарылоо жөнүндө сурап жаткан болсо Аллахтан тавфик сурап төмөнкүлөрдү айтамын:
Биоэнергия менен дарылоо темасы боюнча биз кабардар болгон маалыматтарга ылайык, анын буддизм фалсафасы негиздериндеги дарылоонун бир түрү экендиги белгилүү болду. Бул фалсафа ээлеринин айтымында ал психологиялык жисманий жана рухий дабалоо болуп, ал адамга гоиб болгон таасир кылуучу нерселерди түшүнүп жетүү негизине курулган имиш, көзгө көрүнбөгөн бул таасир кылуучу нерселерди байыркы чыгыштыктар ойлоп тапкан имиш, алардын эң маанилүүсү ааламда кезип жүрүүчү «и», «ци» «прана» деген аталыштагы бир кубаттын бар экендиги имиш. Адам айыгышы кыйын болгон жисманий оорулардан айыгууга жана рухий азаптардан, кысылуудан сактанууга жетишүү үчүн т.а. таасир кылуучу психологиялык кудуреттерге жетишүү үчүн мына ушул кубаттан күч алышы жана өз денесинин көзгө көрүнбөгөн бөлүктөрүндө агып жатканын сезиши мүмкүн имиш. Бул кубат адамга ийгиликке жетишүү, адамдарды өзгөртүү, алардын денелерин жана рухиятын дабалоо мүмкүнчүлүгүн берет имиш. Ал кээ бир алдамчылык жана көз боёочулук иштери менен аралаш «дабалоо» болуп эсептелет… Мындай «дабалоо» арам экендигине эч кандай шек-күмөн жок. Себеби, ал Исламга тескери болгон буддизм фалсафасы негиздерине таянат о.э. алдамчылык жана көз боёочулуктун бир түрү болуп эсептелет…
Ушундай болгон соӊ, арам деп айтуу үчүн бул жерде Китеп же Сүннөттөн биоэнергия деген нерсе менен дарылоо жөнүндө сөз кыла турган бирер насстын болушу зарыл эмес. Тескерисинче, бул дарылоо буддизмдин бутпараст негиздерине таянгандыгы жана ага кээ бир алдамчылык жана көз боёочулук иштери аралашкандыгынын өзү аны арам деп айтуу үчүн жетиштүү болот…
Эгерде мына ушул нерсе суроонун темасы болсо, анын жообу ушундай болот. Эгерде башка түрдөгү тема болсо, инша Аллах ага жооп беришибиз үчүн анык кылып айтылсын.
Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта
8–жумадул-аввал, 1437-х.
17-февраль, 2016–м.