Россия менен АКШ Сирияда ок атууну “токтотууга” макулдашты

353
0

Россия президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Барак Обама Сирияда ок атууну токтотууга келишип алышты. Бул тууралуу Путин “Россия 1” телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн атайын билдирүүсүндө айтып өттү.

 “Азыр эле АКШ президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Сүйлөшүү демилгеси Россия тараптан болду, бирок, эки тарап теӊ буга кызыкдар. Сүйлөшүү учурунда Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча Россия менен АКШнын ортоктош билдирүүсүн макулдаштык”,- деди Путин.

Президент Сирияда ок атууну токтотуу боюнча келишимди кан төгүүнү токтотуу үчүн реалдуу кадам деп атады.

 “Америкалык тарап менен биргелешкен аракеттер Сириядагы кризистик кырдаалды радикалдуу түрдө өзгөртөт деген ишенимдемин. Көп жылга созулган кан төгүүнү жана кыянатчылыкты токтотуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк жаралды”,- деп баса белгиледи Путин.

Путиндин айтымында, Россия келишимди ишке ашыруу үчүн Дамаск менен зарыл ишти жүргүзөт, АКШ болсо мындай ишти өзү колдоп кубаттап жаткан топтор менен жүргүзөт.

Келишимге ылайык, аскерий аракеттер 27-февралдын түн ортосунан токтошу керек. Ал эми, 26-февраль күн ортосуна чейин Сирияда өз ара каршылашкан топтор Орусияга же АКШга ок атышууну токтотууга даяр экендигин кабарлашы керек.

Путиндин билдиришинче, келишим күчүнө киргенден кийин да “ИШИМ” жана башка террорчу уюмдарга сокку берүү улана берет.

Туркистон:

Россия Сирияда авиа соккуларын баштагандан бери АКШ белгилеп берген чекиттерге гана сокку берип келе жаткан эле. АКШ тараптан белгилеп берилген чекиттер болсо негизинен куфр тараптан коюлган шарттарды кабыл албай жаткан исламий жамааттар ээлеп турган аймактар эле. Россия Сирияда уюштуруп келе жаткан кыргындан «ИШИМ» дээрлик зыян тартпады. Себеби, орус учактары тараптан ишке ашырылган авиа соккулардын 90 пайызы «ИШИМ»дин көзөмөлүндө болбогон аймактарга каратылган эле. Россия учкучтарынын негизги бутасы мечиттер, оорукана, наабайкана, мектеп жана бала бакчалар болуп, негизги курмандыктар да карапайым калк болууда.

 Ушундай болгон соӊ, Россия менен АКШ ортосунда ок атууну токтотуу боюнча түзүлгөн келишим, болгону бир символдук мааниге ээ жана алардын эсеби боюнча муътадил болгон о.э. куфр тараптан уюштурулуп жаткан түрдүү конференцияларга катышып жаткан топторго гана тиешелүү болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here