Өзүн милицияга тапшыруу саясий оюн эмес, тескерисинче жүрөктөрдү эзип келе жаткан суроолордон кутулуунун жолу

430
0

بســـــم الله الرحمن الرحيم

Өзүн милицияга тапшыруу саясий оюн эмес, тескерисинче жүрөктөрдү эзип келе жаткан суроолордон кутулуунун жолу

 Чарчап кирип келген эркекти үй-бүлөсү күтүп алат да, төмөнкүдөй суроолорду берет: Кенже баласы; менин да оюнчук ойногум келип жатат, шоколад жегим келип жатат. Телевизордо көрсөткөн оюнчуктардан, шоколаддардан качан алып бересиз? Ал жердеги балдардын өздөрүнүн бөлмөсү бар экен, оюнчуктары аябай көп экен, мага качан өзүмө бөлмө кылып бересиз?

Мектепке бара жаткан кызы; Ар дайым акча сурасам бербейсиз, мугалим катуу дайындап жатат, акча алып келбегендерди жазалап жатат, мектепке жоолук оронуп барсам эжекебиз жоолугуӊду чеч деп тилдеп жатат, эжекем менен качан сүйлөшөсүз, мен окушум керек, мектепке барганы коркуп жатам? Сүйлөшүп келгени качан барасыз?

Мектепти бүтүргөн уулу; Ата, иштейин десем бул жерде иш жок, Россияга барышыма эмне үчүн көнбөй жатасыз? Россияга баргандардын бардыгы эле бузулуп кетпеген го? Мен Сирияга кетип калбаймын. Бир аз акча иштеп келемин, тааныштарым менен бара берейин.

Аялы болсо; Үйдө жегени эч нерсе калбады, кризис деген менен этсиз тамак кылганы болбой жатат. Балдардын кийимдери да болбой калды, жаӊыртыш керек, Кытайдын буюмдары бир сезонго да жетпей жатат. Качан базарга барабыз? Светке да төлөш керек, карызыбыз бар экен. Тез арада төлөбөсөӊөр үзүп кетебиз дешти, аны эмне кылабыз?…

Туура, мындай суроолор министрлердин, депутаттардын үй-бүлөсүнөн чыкпайт же сот-прокурорлордун үй-бүлөсүнөн, орган кызматкерлеринин, салыкчылардын үй-бүлөсүнөн да чыкпайт. Министрлердин, депутаттардын абалы белгилүү, мыйзамдуу жолдор менен алганы жетишпегендей, кыянаттык менен берилген бир гана “добуштун” акысына миллиондогон арам акчалар алардын банктагы эсебине түшөт. Ошондуктан, мамлекеттин карызы көбөйгөн сайын алардын байлыктары да көбөйүп бара жатат. Сот-прокурорлор болсо, бир бейкүнөө адамды “актап чыгарып жиберемин” деп соттолуучуну карыздарга батырып болсо да пара алуу менен алардын үй-бүлөсүндө да жогорудагыдай суроолор чыкпайт. Орган кызматкерлерине да, салыкчыларга да мыйзамда белгиленген акча жетпейт. Алардын проблемаларды кантип чечип жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Туура алардын арасында да адамгерчилиги жоголбогон, туура жашоону көздөп, анын жолун издеп жүргөндөр да бар.

Жогорудагы суроолор болжол менен 10% бюджетниктердин көпчүлүгүнөн чыкпайт. Мындай суроолор көбүнчө 85-90% карапайым үй-бүлөлөрдөн чыгат. Бул суроолор катарында чет өлкөлөргө саякат кылуу, курорттордо эс алып келүү боюнча суроолорго таптакыр орун жок, бирок дагы кошуу мүмкүн болгондору бар. Мисалы: Ысык-Көлгө чет өлкөлүктөр келип эс алып кетишет экен, биз качан барабыз, биз ушул жерде ушунча жыл жашап бир жолу да барбадык, качан барабыз? – деген сыяктуу суроолор бар.

Эгерде камакта болгондо эле, дилиндеги жарааттары кетпесе да, жакындарынан берилип  жаткан мындай суроолордон “мен камактамын, буту-колум байлануу” деп кутулат эле. Бирок, ал тышкарыда… Ал эми булар да жетишпегендей, көпчүлүгү өмүрүндө чымчык да сойбогон, элдин арасында жалаӊ гана жакшылыктар менен таанылган адамдардын үйүнө орган кызматкерлери 15-20 чакты маскачан, автоматтар менен куралданган атайын даярдыктагы топту баштап түн жарымында бастырып кирип, жаш балдарды, аялдарды коркутуусун кандай түшүнүүгө болот? Элди кыргын кылып жаткан душмандан коргоп жатышабы? “Форманы” ошол үчүн кийишкенби? Ал да жетишпегендей, аялдарга орой мамиле кылып, алып кетишин  кандай түшүнсө болот? Буга эмне кылуу керек? Мамлекет буларды көрбөй жатабы?

Жок, түпкүлүгүндө орган кызматкерлерин да каракчы, тилемчи кылып коюп жаткандар мына ушул бийликтегилер. Кыянаттары ачылып калганга чейин каалаган шерменделиктерди кылышып, чыныгы жүзү көрүнүп калганда Россия, Европа же АКШга качып кетишет. Арам жолдор менен элдин байлыгынан өздөштүрүп алган миллиарддаган доллары менен аларды ар кандай мамлекет жакшы күтүп алат. Качанга чейин буларга сүкүт сактап тура беребиз?

Бир аз болсо да мындай суроолордон алаксуу максатында телевизор көргөн адамдын маанайы ого бетер бузулат, себеби анда бузукулук, канкордуктар менен “жасалгаланган”, демократиянын жемиши болгон жашоо образы негизиндеги сериалдар көрсөтүлөт. Ал сериалдардын мааниси болсо төмөнкүдөй, материалдык тараптары өтө жогору, бирок жубайлыкта бири-бирине кыянат кылуу адаттагы көрүнүшкө айланган абал, же перзентинде ата-энесине болгон ишеним, сый-урмат таптакыр жок, бала бар, бирок башка бирөөдөн. Эркек да кайгыда, жүрөгү жараланган, эмне кылышын билбейт. Бала да кимдин перзенти экенин билбейт, атасы ким экендигин бузуку энесинен башка эч ким билбейт… Баланын башы каткан, энесин да, чыныгы атасын да жек көрөт. Же башка үй-бүлөдөгү аял келип, баласын “бул сенден болгон, сенин балаӊ, менин күйөөм мунун чыныгы атасы эмес, чыныгы атасы сенсиӊ” деген даабалар ж.б.у.с… Коомдо болсо, адамдар бири-бирине ишенбейт, ар дайым башкаларды алдоо ниетинде жүрүшөт. Митаамдар, пайда үчүн ар кандай жийиркеничтүү иштерди кайра тартпастан кылып жаткан зордукчулдар колунда турмуш изден чыккан…

“Жаӊылыктар”да болсо; Чыккынчыларды, куфр малайларын “баатырлар” кылып, жырткыч душмандарды мээримдүү дос кылып көрсөтүүлөр. Мурда “чыныгы жигит”, “элдин уулу”, “чебер жетекчи” деген сөздөр менен мактап жүрүшкөн, бирок, бүгүнкү күндө качып кеткен мурдагы жетекчилерди бардык жамандыктарга себепкер кылып көрсөтүүлөр. Ак жүрөк, элге күйүмдүү, акыйкат үчүн аракет кылып жаткандарды болсо, террорист-экстремисттер кылып көрсөтүүлөр…

Түпкүлүгүндө жашоо да демократиянын таасири менен сериалдагыдай болуп бара жатат. Жашоо куфр системасы негизинде болгон соӊ, аткаминерлердин кээ бирлери алмашат да, жашоо дагы кайрадан ушундай абалда улана берет. Дагы деле бардык жерде пара менен иш бүтүрүү кайталанып, акыйкат, тууралыкка жашоодо таптакыр орун жок.  Акыйкатты айткан адам эл душманына айланат да, мыйзам жолу менен камакка алынат…

Жок, турмуштук түзүмдү өзгөртүү керек. Негизи акыл менен текшерилген, бир ууч алдамчылардын пайдасына карай өзгөрүп кете бербей турган, бардыгы бирдей ишенген, туруктуу негиздеги турмуштук түзүмгө өзгөртүү керек. Бул түзүм – Мээримдүү жана Ырайымдуу Жаратуучу Аллах Таала тарабынан түшүрүлгөн, кемчилик-зулумдан, акыйкатсыздыктан таза о.э. пенделерине “НЕЪМАТ” жана “РАХМАТ” кылып Расулуллах(с.а.в) аркылуу жеткирилген – Ислам. (уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here