Түндүк Кореянын алыскы аралыкка учуучу ракетаны сыноодон өткөрүшү «Вашингтонду тынчсыздандырууда»

314
0

Түндүк Кореянын алыскы аралыкка учуучу ракетаны сыноодон өткөрүшү «Вашингтонду тынчсыздандырууда»

АКШ стратегиялык командачылыгынын өткөн жекшемби күнү чыгарган билдирүүсүндө Түндүк Кореянын алыс аралыкка учуучу ракетаны учурганы кабарланды. Билдирүүгө ылайык, Америка өкмөтү ишемби күнү кечинде Кошмо Штаттардын убагы менен саат 18:29 да Түндүк Кореянын алыскы аралыкка учуучу ракетаны учургандыгын каттаган.

Түндүк Корея өкмөтү мындан бир нече күн мурда жер орбитасында күзөтө турган жасалма спутникти асманга чыгаруу ниети бар экендигин айтып, Кошмо Штаттарды кабардар кылган эле.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Сьюзан Райс айымдын расмий билдирүүсүндө айтылышынча, Түндүк Кореянын 6-январда ядролук сыноолорду өткөрүүнүн артынан таштаган бул кадамы Коопсуздук Кеңешинин көптөгөн токтомдорун бузуу болуп эсептелип, региондун туруктуулугуна коркунуч туудуруучу провокациялык аракет болуп эсептелет.

Райс дагы кошумчалап: «Түндүк Кореянын ядролук жана баллистикалык куралдар программасы биздин кызыкчылыгыбызга, ошону менен бирге, айрым жакын союздаштарыбыздын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудуруп жатат, региондогу тынчтык жана коопсуздукка коркунуч туудуруп жатат», – деди.

Американын тышкы иштер министри Жон Керри тарабынан берилген билдирүүдө, анын мамлекети «Коопсуздук Кеңешинин баллистикалык ракеталар технологиясынан пайдаланууга тиешелүү токтомдорун ачыктан-ачык бузуу болуп эсептелген Түндүк Кореянын ушул ракеталарды сыноосу» катуу каралаганы билдирилди. (Анадолу маалымат агенттиги).

Роя гезити комментарийи:

Түндүк Кореянын ядролук сыноолорду өткөрүшүн же жекшембидеги баллистикалык ракеталарды учуруу сыяктуу мындай операцияларын көӊүл коюп күзөткөн адам, бул нерсе Кошмо Штаттарды эмес, тескерисинче Кытай жана Россия сыяктуу башка мамлекеттерди тынчсыздандырып жаткандыгын көрөт. Себеби, Америка “Түндүк Корея коркунучун жок кылуу” деген нерсени жана анын ушул операцияларын шылтоолоп, Кытай жана Россияга жакын болгон жерлерде базаларын кеӊейтүүнү о.э. таасирин бекемдеп алууну көздөп жатат. Кытай тышкы иштер министрлигинин Түштүк Кореянын «Йонхап» маалымат агенттигинде келтирилген билдирүүсү да муну тастыктап турат. Бул жерде иш мындай, Кошмо Штаттар менен Түштүк Корея ортосунда расмий сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн эле. Анда Түндүк Корея туудуруп жаткан коркунучтарга каршы жооп катары Американын ракеталарга каршы коргонуу системасын Түштүк Кореяга жайгаштыруу жөнүндө талкууланган. Мунун артынан Кытайдын тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Вашингтон менен Сеулдун бул токтомуна жооп иретинде өзүнүн «катуу тынчсызданып жаткандыгын», «Ракетага каршы коргоо системасы маселесинде Кытайдын позициясы анык жана өзгөргүс» экендигин билдирди. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин баса белгилешинче: «Өз коопсуздугун камсыздоону каалап жаткан бардык мамлекеттер башка мамлекеттердин да коопсуздукка тиешелүү кызыкчылыктарын о.э. регион тынчтыгы жана туруктуулугун эстен чыгарбашы шарт». О.э. Россиянын позициясы да Кытайдын позициясындай эле болду. Мисалы, Россия тышкы иштер министрлиги чыгарган билдирүүдө «Түндүк Кореянын ракета учурушу кескин каралоо менен кабыл алынышы керектиги, мындай иш-аракеттер союздаштык саясатынын кызыкчылыктарына тескери келип, куралдуу кагышуулар коркунучун дагы да күчөтүп, бүтүндөй регион, эӊ оболу, Түндүк Корея коопсуздугуна зыян жеткириши» баса белгиленди. Мына ушулардын бардыгы Кошмо Штаттардын позициясын көрсөтүп турат. Акыйкатта болсо, Кошмо Штаттар өзүн жана союздаштарын коргоо үчүн бардык чараларды көрүүнү мойнуна алган о.э. ал «кооптуу аракет аянычтуу натыйжаларга алып барышы анык экендигин» далилдөөгө эл аралык коомчулукту чакырып келет.

Роя гезитинин 2016-жыл, 10-февралдагы 64-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here