Ош областындагы Кара-Суу РИИБинин алдында Хизб-ут-Тахрир жигиттери уюштурган мусулман эркектердин нааразылык акциясы болуп өттү
Бүгүн 19-февраль саат 11-30да Кара-Суу шаарында мусулман эркектердин милиция кызматкерлеринин зулумдарына каршы акциясы болуп өттү. Акцияда 500 дөн ашуун эркектер катышты. Акциянын биринчи бөлүгүндө 40 эркек өз ыктыяры менен колдорун байлаган абалда милиция бөлүмүнүн алдына келди. Калгандары болсо аларды колдоп-кубатташын билдиргени келишти.
Милиция кызматкерлери демонстранттардын арасына тизилип, бөлүп жиберип, аларды коркутуу аркылуу таркатып жиберүү үчүн бир катар аракеттерди кылып көрүштү. Андан соӊ, демонстранттардын бир бөлүгү милиция бөлүмүнө киришине уруксат беришти. Калган демонстранттарды ичкериге киргизбей коюшту. Тышкарыда калгандардын арасында өзүн милицияга тапшырууну көздөгөн адамдар калып кетишкен. Аларды – кайра-кайра талап кылышына карабастан – ичкериге киргизбей коюшту.
Кудум мурунтан даярдап коюшкандай, бир заматта шаардын акимин жана бир катар активисттерди чакыртып келишти. Бардык демонстранттарды жыйындар залына киргизип, тарбиялык жыйын өткөрө башташты. Шаар акими бардык иштерден кабарсыз калгандай көрүнүп, болуп жаткан зулумдар тууралуу алгач ага жазуу түрүндө кайрылышпагандыгын айтуу менен азыркы жүрүп жаткан нааразылык аракеттери мыйзамсыз болуп жатканын эскертти. Бирок, ар кандай акимдин өзүнүн бийлиги астындагы жарандардын турмушунда болуп жаткан иштерден кабарсыз калышы, аны калк аким деп тааныбагандыгына же анын колунан бирер иш келбестигине ишара кылат.
Райондук милициянын башчысы бир сааттай убакыттын ичинде акцияга катышкандардын бардыгын бошотуп жиберген. Демонстранттардын жана өзүн камакка алууну талап кылган адамдардын биринин да талаптары аткарылбады. Аларды азырынча коё беришти.
Бир нече жылдардан бери орган кызматкерлери көчөлөрдө балдардын телефондорун тартып алышып, андан соӊ ата-энелерин шантаж кылуу менен алардан миңдеген долллар пара алышат. Хизб уюштурган акция бир күндө, же бир эле зулумдун артынан пайда болгон жок. Бул акция күч түзүмдөрү Хизбдин мүчөлөрүн камап жаткандыгынан да пайда болгон жок. Тескерисинче, бул акция үммөттүн үстүндө бир нече жылдардан бери жүз берип жаткан бир нече багыттардагы зулумдардын натыйжасында келип чыкты.
Жарандардын көпчүлүгү орган кызматкерлеринин камап жиберишинен коркушуп, алар айткан акчаны – карызга алып болсо да – таап беришет. Башына түшкөн зулумду жашырышып, айыптуу деп эсептелген балдарын тезинен чет өлкөгө чыгарып жиберүүгө аракет кылышат. Шаар акиминин болсо, орган кызматкерлери ишке ашырып жаткан зулумдардан кабары жок имиш.
Хизб бул акциялар аркылуу үммөттү коркутууга аракет кылып жатышкан камак жазасы мусулман үчүн эң кооптуу жаза эместигин эскертип коймокчу болду. Ар-намыс, аялдарды коргоо, колубуздагы аманат болгон мал-дүйнөнү арамдан этият кылуу, динибизди таза сактоо сыяктуу мойнубуздагы Аллахтын талаптары бар болуп, аларды аткаруу үчүн колубуздан келишинче күрөшүүгө милдеттүүбүз.
Ушул жолдо бир нече жылдардан бери мусулмандарды токтотуу максатында орган кызматкерлери коркутуу иштерин жүргүзүп келишет. Алардын коркутуу ыкмасы болсо, камакка алып, ал жерде кыйноого алуу. Жогорудагы акциянын негизги максаты да мына ушул бузуку ыкма жана аракеттерге каратылган. Алар мусулмандарды коркутуп, коомдон бүтүндөй четтетип жиберишмекчи. Аларды хижаб, сакал, конок күтүү, аялды сактоо, намаз окуу… сыяктуу исламий көрүнүштөргө душмандык болуп жаткан учурда аралаша албай турган, керек болсо, буга каршы пикирин билдире албай турган кылып коюшмакчы.
Мусулман шахсия үчүн Аллах буюрган амалдарды аткарып жаткан учурда же Ал Зат кайтарган иштерден баш тартуу учурунда куфр малайларынын камакка алышы анын эки дүйнөдөгү даражасын көтөрө турган амал болуп эсептелет. Хизб ут-Тахрир ушул исламий дүйнө караштан келип чыгып, мусулмандарды акыйкаттын жолунда жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостукка – муну өзү иш жүзүндө көрсөтүп берүү менен – чакырат.
Мусулман орган кызматкерлерин болсо, кызматтык абалынан пайдалануу менен мусулмандарга, айрыкча муслима эже-карындаштарыбызга зулум кылуудан кайтарат. Аларды Аллахтан коркуп, куфрдун айла-амалдары негизинде жүрүп жаткан шариятка тескери бардык иш-чаралардан тыйылууга жана мусулмандарга каршы тыӊчылык кылуудан баш тартууга чакырат. Антпесе, Аллах аларды Өзүнүн аяттарындагы убадасына ылайык, эки дүйнөдо кор кылышынан эскертет.
Хизб-ут- Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы
19.02.2016.