Казакстан жарактуулук мөөнөтү аяктап жаткан ок-дарыларды Кыргызстанга берет

187
0

Казакстан Кыргызстанга кайтарымсыз аскерий-техникалык колдоо көрсөтөт. Кошуна мамлекет Кыргызстанга жарактуулук мөөнөтү аяктап калган беш миллион даана окторду (патрондор) берүүнү пландаштырууда, себеби, аларды берип жиберүү кайрадан иштетүүгө караганда арзан болгону турат. Ушул токтом сенаторлор тарабынан 18-февралдагы пленардык жыйында кабыл алынды.

“Жогорудагы келишимде Кыргызстанга С-75МЗ зениттик-ракета системасынын запастык бөлүктөрү, ок-дарылар, граната жана шашкаларды кайтарымсыз түрдө сунуштоо айтылган. Буларды жеткирип берүү Казакстан куралдуу күчтөрүнүн жүк машиналары менен Кыргызстандын Кой-Таш калктуу пунктуна чейин жеткирип берилет”, – деди коргоо министринин орун басары Окас Сапаров депутаттарга берген отчётунда.

 О.э. ал Жакынкы Чыгышта жана Афганистан аймагында Борбор Азия региону үчүн ачык коркунуч туудуруучу жараян өнүгүп бара жатканын эскертип өттү.

 “Ушуга байланыштуу аскерий-техникалык колдоо көрсөтүү Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүгүн күчөтөт о.э. коркунучтарды жоюу жана Борбор Азия аймагында коопсуздукту бекемдөө мүмкүнчүлүгүн берет”, – деди Окас Сапаров.

Депутаттар болсо кошуналарга курал-жарак берүү аркылуу “казак толеранттулугун көрсөтүү” ушунчалык зарылбы деп сурашты.

 “Биз беш миллион ок беришибиз керек. Демек, алар бизде ашыкча же башка системага тиешелүү. Өзүбүздө ушул кезде ок-дары заводу жок. Менин билишимче, биз ушул кезге чейин ок-дарыны тышкарыдан сатып алабыз. ЖМКлардан угушумча, Түштүк Казакстан областындагы аскерий бөлүктө ок-дарылар жетишпегени себептүү аскерий прокуратура кылмыш ишин козгогон. Аларды же атып түгөтүшкөн же таптакыр болбогон”, – деди сенатор Дулат Куставлетов.

Коргоо министринин орун басары Казакстан мамлекет үчүн ашыкча болгон окторду берип жатканын, мындан тышкары, жакынкы убакта алар жараксыз болуп калышын айтып өттү.

 “Ар кандай ок жана башка нерсенин мөөнөтү бар. Биз берип жаткан ок жана гранаталардын жарактуулук мөөнөтү аяктап жатат. Биз аларды бөлүп койдук, жарактуу же жараксыз экендигин көрүп чыгып, ушуга негизделип берип жатабыз”, – деп түшүндүрдү Сапаров.

“Берилип жаткан октордун санына келсек, биз беш миллиондон ашыгыраак ок берет экенбиз. Бизде болсо миллиарддан да көп. Мындан тышкары, алардын мөөнөтү аяктап бара жатат. Биз кийинчерээк аларды кайрадан иштетишибиз керек болот, бул нерсе чыгымды талап кылат. Биз зыян көрбөстөн, тескерисинче утуп жатабыз. Аларды жок кылуу керек болот, алар болсо пайдаланышат”, – деди сенатор Мухтар Алтынбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here