Россия менен Кытайдын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Казакстан аймагы аркылуу жүк ташуулардын убагы кыскарды т.а. бажыкана пункттарынан өтүү тартиби жеӊилдетилди.
Бул окуя Кытайда Кытай-Европа эл аралык транспорт жолун пайда кылуу туурасындагы “Улуу жибек жолу экономикалык аймагы” демилгесин ишке ашыруу жаатындагы маанилүү кадам катары бааланып жатат.
“Жэньминь жибао” басылмасы XinjiangXindeInternationalTransportation транспорт компаниясынын өкүлдөрүнөн цитата келтирип: “Буга чейин жүк машиналар Россияга бир аптада жетип барган болсо, эми мөөнөт эки суткага кыскарды”, – деди.
Россия тарапта да мына ушундай тыянак кылынган: “Мамлекетибиздин транспорттук сиситемасы өнүгүп бара жаткан бир мезгилде Кытай менен жүк жана жарандарды ташуу багытындагы алакалардын өнүгүшү биз үчүн өтө маанилүү”, – деди Росавтотранстын башкы директору Алексей Двойних.
Басылманын кабар беришинче, Россия менен Кытай жүк ташуучуларына ушул жылы чегаралардан өтүүдө жеӊилдик берүүчү 1000 даана уруксат кагазы тапшырылат.
Туркистон:
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонго чейин Кытай товарларын реэскпорт кылуудан түшкөн киреше улуттук экономиканын 50 пайызын түзөт эле. Ошондой болушуна карабастан, Кыргызстан өкмөтү элдин кызыкчылыктарын көздөбөстөн, тескерисинче өздөрүнүн саясий келечегин ойлоп мамлекетти эч бир даярдыксыз ЕАЭБге алып кирди. Мунун натыйжасында Кытай товарларын реэкспорт кылуудан куру калганы жетишпегендей, улуттук продукцияларды биримдикке мүчө мамлекеттерге жеткирип берүү да колдорунан келбей жатат. Буга Россия жана Казакстан тараптан коюлган фитосанитариялык жана ветеринардык көзөмөл себепкер экендигин шылтоо кыла башташты.
Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө болгонго чейин Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болууну создуктуруп келе жаткан Казакстан уюмга мүчө болуп кирди жана Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына ылайык 1,5 миӊ түрдөгү продукцияларга бажы төлөмдөрүн азайтуусунун натыйжасында Кытайдан товарлар кирип келе баштады. Булардын бардыгы кошулуп Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 24,6 пайызга төмөндөп кетти. Улуттук статистикалык комитеттин билдиришинче, 2015-жылы экспорт 11 пайызга, импорт болсо 29 пайызга кыскарган.
Эми Россия да Казакстан аркылуу Кытай товарларын алып келе баштаса Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан Кытай товарларына болгон талап дагы да азайып кетет. Мындан болсо карапайым калк зыян тартат.