Кара-Суу шаарында мусулмандарга зыяпат уюштурууга тыюу салынып жатат

262
0

Аталган шаарда “Биз мындай жашоо образына ыраазы эмеспиз, муслима эже-карындаштарыбыздан ыпылас колуӊарды тарткыла, бизди камакка ал, Хизбди шылтоолоп мусулмандарга зыян жеткирүүдөн токто” аттуу акция башталды.

 Кыргызстандын Ош областына караштуу Кара-Суу шаарында мусулмандарга зыяпат уюштурууга жана үйүнө мусулмандарды конокко чакырууга тыюу салынууда.

2016-жыл, 17-февраль күнү пешим намазынан кийин саат үчтөр чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндөгү үйдөн 20 муслима аялды орган кызматкерлери кармап алып чыгып кетишкен. Аялдар ал үйдө мейман болушканы жана адатка айланып кеткен зыяпат отурушу б.а чогулуп тамак үстүндө маектешүү болуп жатканын айтышкан.  Зыяпатка чогулган аялдардын арасында 55 жашка чыккан энелер болушуна карабастан, алардын бардыгын Кара-Суу шаардык ИИБине күч менен алып барышкан. Аялдардын айтышынча, аларга өтө орой мамиле кылышкан. Аларды түн жарымына чейин кармап турушуп, андан кийин коё беришкен.

Февраль айынын башынан бери Кара-Суу райондук ИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери мектептерде рейд жана жыйындарды уюштуруп, кезектешип зыяпат отурушуна тыюу салынгандыгын жана жаштардын бул ишти кылышы мүмкүн эместигин айтышкан. О.э. мектеп окуучуларынын жума намазга барышына тыюу салынгандыгы айтылып, балдарды коркутуу үчүн атайын иш-чаралар уюштурулган. Орган кызматкерлери зыяпаттар уюштурулушу адат болуп калган чайканаларга да барып, ал жердеги ашпоздорду коркутууга аракет кылышкан.

Кыргызстан өкмөтү өз калкына ушунчалык көп зулум кылды дейсиӊ, эми бул зулумдарын жашыруу жана жарандарды чалгытуу максатында мусулмандардын ар-намысына тийип, аларды өзүнө каршы провокация кылуу аркылуу элди маалыматтык чабуул менен алдамакчы болуп жатат. Өкмөттүн зулуму албетте жисманий болушу шарт эмес. Ал элдин мүлкүн уурдоо, жер жана имараттарды сатып жиберүү, салыктарды көтөрүү, куфр уюмдарына мамлекетти олжо кылып жиберүү… жана башкалар болушу мүмкүн.

Бул өкмөт түрмөдөгү туткундарды атайылап качырып, андан соӊ кууп жүрүп атып таштоо сыяктуу зулумдары өтө көп жасады. Эми ушул ыплас иштерге катыштыгы бар министр жана чиновниктер өздөрүнүн ыйгарым-укугунан жана таасири астындагы күчтөрдөн пайдаланып, жогорудагы чалгытуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Эми жаз жакындап күн жылый башташы менен бийлик да мурункулар сыяктуу өз элинен коркуп, тынч турган мусулмандарды провакация кыла баштады. Күч түзүмдөрү Сириядагы окуяларды шылтоолоп жүздөгөн мусулмандарды камакка алып, алардан миӊдеген доллар пара алгандан кийин бошотуп жиберишүүдө. Булардын бардыгы тизме жана документтер аркылуу белгилүү.

Бирок, жогору жакка отчёт берип жатышканда Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн үйлөрүнө бир четинен бастырып киришип, ал тургай ондогон муслима эже-карындаштарыбызды Хизбдин мүчөсү деген айып менен узак мөөнөттөргө камап жиберишүүдө. Ал тургай, Бишкекте бир эжебизди – анын кароосуна муктаж болгон майып кызы бар экендигине карабастан – 8 жылга кесип жиберишти. Бир карындашыбызды да бир жашка чыга элек баласы менен камап коюшту. Дагы бир карындашыбызды Ноокаттагы айт майрамы окуясында камакка алышып, наалаты тергөөчү карындашыбыздын боюндагы баласын уруп түшүргөн эле. Себеби, мыйзам боюнча аны курсактагы баласы камак жазасынан сактап калышы мүмкүн болчу.

Кечээги 20 эже-карындашыбыздын биринин да Хизбге тиешеси жоктугу аныкталган имиш. Бирок, муслималарга болгон бул коркутуулар эркек мусулмандардын намысына тийүү максатында атайын уюштурулду. Өкмөт Өзбекстан жана Россия басымдары астында мусулмандарга кудум алар сыяктуу мамиле кылышмакчы. Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн  Батыштан берилиши күтүлгөн садаканы алуу үмүтүндө жогорудагыдай бала-чакалуу аялдарды коркутууга батынып жатышат.

Ушулардан келип чыгып, Кыргызстандагы Хизб жигиттери – азырынча Кара-Суу шаарындагы мүчөлөрү – күч органдарына ыктыярдуу түрдө түшүп берүү акциясын баштап жиберишти. Жигиттер колдору байланган абалда, “биз мындай жашоо образына ыраазы эмеспиз, муслима эже-карындаштарыбыздан ыплас колуӊарды тарткыла, бизди камакка ал, Хизбди шылтоолоп мусулмандарга зыян жеткирүүдөн токто” деп өздөрүн милицияга тапшырышат. Бул иш куфрдун жүрүштөрү токтотулганга чейин бир нече баскыч менен уланат. Аллах боордошторубуздун кадамын бекем кылсын. Аларга кайраты үчүн бериле турган соопторун миӊдеген эсеге көбөйтүп берсин.

Нааразылык акциясына Хизб мүчөлөрү эле эмес, куфр малайларынын зулумунан тажаган бардык жарандар катышуусу мүмкүн. Эгерде күч түзүмдөрү расмий түрдө чыгып, жогорудагы кылмыштарына тообо кылуу менен куфрдун жүрүштөрүн токтотушпаса, анда акция улана берет.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here