Түркистон:
Казакстандын Жамбул областына караштуу Бурыл айылында 17-февраль күнү 6 жаштагы казак баланы 11 жолу бычактап өлтүргөн шектүү жаран түрк улутунан болуп чыккан имиш. Ошол күнү казак улутундагы жүздөгөн адамдар түрк улутундагы жарандардын көчүп кетишин талап кылып көчөгө чыгышты.
Казак элитасы ондогон жылдардан бери атайылап казак улутундагы жарандардын улуттук туйгуларын көтөрүп, аларды башка улуттар үстүнөн өкүмдар болуу руху менен тарбиялап келет. Натыйжада, уйгур, дунган, өзбек.. жана башка Казакстан жарандарга казак улутундагы адамдарга моюн сунган абалда иш кылуудан башка чара калтырышпады. Бул кудум 2010-жылдагы Ош окуясынан кийинки Кыргызстандагы элитаны кыргыздаштыруу саясаты менен бирдей ыкмада жүргүзүлдү. Натыйжалары да бирдей акыбеттерге алып барды. Т.а. улуттун ичинде өз ара жаӊжалдар, коррупция жана уруучулук сыяктуу алсыратуучу элементтердин күчөшүнө алып барды.
Казак элитасы орустардын экспанциясынан тынчсызданып, казак улутун мамлекет бойлоп атайылап күчөттү. Алар ал тургай түштүктөгү казактардын түндүк аймактарга көчүп өтүшүнө өтө ыӊгайлуу шарттарды түзүп беришти. Казак улуту башка улуттар үстүнө экспанция кылып жиберүүнүн астында турат. Буга жакында өзү баштаган иштен тынчсыздана баштаган Назарбаевдин мамлекеттик кызматтагыларды эскертип: “Эмне үчүн орусча кайрылган жарандарга казакча жооп кайтарасыӊар?”- деген сөзү мисал болот.
Улутчулдук эч качан, эч кайсы улут же мамлекет үчүн пайдалуу болгон эмес. Улутчулдук убактылуу кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга да жарабай турган, согуштук абалда гана убактылуу жарактуу болгон, же тынымсыз согуштарды келтирип чыгаруучу бузук робита (байламта) болуп эсептелет. Казакстан, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер улуттук идеология деп атап алышкан робитаны күчөтүү менен үчүнчү күчтөрдүн мамлекетти жок кылып жиберишине өтө ыӊгайлуу шарттарды түзүп коюшту. Алар өз улутун бир нече кылымдардан бери калыптандырып келген исламий менталитеттин бир бөлүгүн бузук Батыштын дүйнө карашы негизинде калыптандырууга аракет кылышып, улутчулдук сыяктуу ыпылас менталитет өкүлдөрүн пайда кылып алышты.
1989-жылы Өзбекстанда болуп өткөн Фергана окуясы да орустар тарабынан атайын уюштурулганы кийинчерээк белгилүү болгон ээле. 1990-жылы Кыргызстандын Ош областында болуп өткөн кыргыз-өзбек жаӊжалы да, кийинчерээк 2010-жылдагы Ош окуясы да ошол үчүнчү күчтөр деп аталган орус тыӊчыларынын жана снайперлеринин провокациясы менен атайылап уюштурулганы эч кимге жашыруун сыр эмес.
Бирок, Россия эле эмес, андан да жийиркеничтүү болгон Батыш фитнакечтери да биздин чыккынчы жетекчилерибиз пайда кылып берген шарттардан өз кызыкчылыктары үчүн пайдалана алышат. Проблема үммөт жана мамлекет кызыкчылыктарын жеке кызыкчылыктарынан жогору койгон бузуку жана ач көз жетекчилерге бийликти берип койгонубузда. Алар өз бийликтерин сактап туруу үчүн улутчулдук, уруучулук, тарапкечтик сыяктуу куфрдун бузуку робиталарын арабызга киргизип жаткандыгында.
Адам өлтүргөн киши жазаланышы шарт. Бирок, анын улуту, тууган-уругу, дини жана диндештери ага кошуп жазаланышпайт. Тарыхта яхудийлер Европадан кууп чыгарылганда Усманийлер Халифалыгы аларды Стамбулда кабыл алган. Алардын ата-бабалары көп жолу кылган кыянат жана бүгүнкү күнгө чейин алардан келип жаткан фитна жана азаптар, ошол кездеги Халифанын чечимин катага чыгарган жок. Ислам мусулмандардын эле эмес, бүтүндөй адамзаттын кадырын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн Аллах тарабынан түшүрүлгөн дин. Ислам дининин астында кафирлер да тынч-бейпил өмүр сүрүшөт. Шариятка жана тарыхка кайрылуу менен бул сөздөрдүн акыйкат экендиги белгилүү болот.
Ислам жана анын системасын турмушубузга кайрадан алып келип, анын өкүмдөрүн ишке ашыруу гана Казакстандагы о.э. бүт дүйнөдөгү согуш жана бузукчулуктарга чек коё алат.
Саясатчыларыбыз нажат сурап жаткан куфр ситемасы болсо, биздин үстүбүздөгү кызыкчылыктарын коргоо үчүн жана аны көбүрөөк убакыт сактап туруу үчүн атайын бузукчулук үрөнүн сээп жатышат. Алардын улутчулдук, гей жана лесбиянкаларды коргоо, мектеп программасына жыныстык алакалар жөнүндөгү маалыматтарды киргизүүгө басым өткөрүүсү… жана башка көптөгөн бузукчулуктарын мисал кылып келтирүүгө болот. Ушулардын бардыгы коомубузду бузукчулукка алып баруучу ар түрдүүү жаман көрүнүштөрдү алып келүүдө.