Эрдоган: Эгерде зарыл болсо, сириялыктарга чегараларыбызды ачып беребиз!

163
0

Эрдоган: Эгерде зарыл болсо, сириялыктарга чегараларыбызды ачып беребиз!

Өткөн ишемби күнү Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган «Эгерде зарылдык болсо» сириялык качкындарга чегараларды ачып коюуга Түркия даяр экендигин билдирди. Ал Халаб шаарынын бир бөлүгүнөн негизги камсыздоо жолу тосуп коюлганы себептүү Анкара «коркунуч астында» экенин баса белгиледи.

Россиянын авиа соккулары жардамында Сирия режими ишке ашырып жаткан чабуулдардан качуу үчүн көпчүлүгү аялдар жана жаш балдардан турган миңдеген сириялыктар өткөн жума күндөн баштап Халаб шаарынан Түркия чегараларын көздөй жолго чыгышты.

Эрдоган Сенегалдан кайтып келе жатып учакта журналисттерге берген интервьюсунда: «Сирия режими Халабдын бир бөлүгүн тосуп койду… Түркия коркунуч астында калууда», – деди.

Ал сөзүн улантып: «Дарбазаларыбызга чейин жетип келишсе – албетте, аларда мындан башка тандоо жок – эгерде зарыл болсо, биз боордошторубуздун киришине уруксат берүүгө мажбур болобуз», – деди.

Роя гезитинин комментарийи:

Таӊ калычтуу жери, Эрдоган өзүнүн бул билдирүүлөрүндө Түркиянын Сирия менен болгон чегаралары сириялык качкындар үчүн дагы деле жабык экендигин тастыктап жатат. Акыйкатта болсо, буга чейин тышкы иштер министри Мавлют Чавушоглу: «Түркия сириялык качкындар алдында ачык эшиктер саясатын улантат… Аларды ошол жерде жалгыз калтырышыбыз мүмкүн эмес. Себеби, Россиянын авиа соккулары дагы деле мектептерди, оорукана жана карапайым жарандарды бутага алып жатат», – деп билдирүү берген эле! Демек, Сирия калкынын чегарада топтолушу Түркия өкүмдарларын ыӊгайсыз абалга салып койгондуктан да тышкы иштер министри мына ушундай билдирүү берген окшойт! Миңдеген сириялыктардын дагы деле жабык турган Түркия чегараларында топтолушуна карата о.э. Сирияда жүз берип  жаткан бардык окуяларга карата Түркия өкүмдарлары ээлеген мына ушундай шерменде позиция алар мусулмандарга жана алардын маселелерине канчалык даражада кыянат кылгандыгын көрсөтүп турат.

Роя гезитинин 2016-жыл, 10февралдагы 64-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here