Россия мусулмандарды камакка алууну улантып жатат

163
0

Россия басып алган Крым жарым аралында мусулмандарга карата кысым көрсөтүүлөр күчөп барууда. Крымдын россиячыл прокурору Наталья Поклонская, Россияда ишмердүүлүгү тыюу салынган Хизб ут-Тахрир уюмунун төрт мүчөсү камакка алынгандыгын жарыя кылды.

Поклонскаянын билдиришинче, Россиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “Крым кафедрасы” Крым татарларынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү учурунда кармалган төрт адам “террорчу уюмга мүчө болгондукта жана террордук чабуулдарды ишке ашыргандыкта” айыпталып жатышат.

 “ФСБнын прокуратура кызматкерлери менен кызматташтыкта жүргүзгөн операцияларынын натыйжасында шектүү төрт адам кармалды. Алардын үстүнөн Россия Кылмыш кодексинин 205.5 беренеси боюнча кылмыш иши козголду”, – деди Наталья Поклонская журналисттерге берген билдирүүсүндө.

Крым татарларынын үйлөрүндө жүргүзүлгөн тинтүүлөр туурасындагы кабарларга айкындык киргизген орус прокрору бул адамдардын кармалышы алардын улутуна тиешеси жок экендигин айтып: “Булар татарлар эмес, булар террорчу уюм. Биз улутка карап жикчилдик кылып жаткан жокпуз”, – деп өздөрүнүн кылмышын актоого аракет кылды.

ФСБнын жооптуулары 11-февраль бейшемби күнү Крымдын түрдүү жерлеринде мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү операцияларын өткөргөн болчу. Крымдык адвокат Эмил Курбединовдун билдиришинче, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн 9 адам кармалган. Камакка алынган адамдар террорчу уюмга мүчө болгондукта шектелип жаткан болсо да, бирок, кандай уюм экендиги айтылбаган.

Туркистон: 

Путин убагы келип Крымда Украина менен же Батыштын калканы болгон НАТО менен кагышуусу мүмкүн экендигин жакшы билет. Ошондуктан, ал жердеги исламий чөйрөнүн негизги жетекчиси болгон Хизб-ут-Тахрир жамаатын коомдон четтетүү керек болду. Себеби, согушка даярдык көрүү үчүн Россия Крымда кыянатчылар армиясынан турган күчтүү россиячыл үгүттөөчү топ түзүшү керек. Алар өз кезегинде Россиянын позициясын колдоп берүү үчүн көпчүлүктөн турган жарандык гвардияларды түзүшү керек болот. Антпесе, согушта Крымдын ичинен жарандык топтор калыптанып, Россиянын өзүнө каршы ал тургай аскерий уюмдар түзүлүп жана күчөп кетиши мүмкүн. Путин Батыштын ушул ишти уюштурушунан тынчсызданууда.

Бирок, бул кыянатчылар тобун түзүүгө негизги тосук болуп жаткан күчтүү исламий чөйрө жана аны аймакта калыптандырган Хизб жамааты болгондуктан, Путиндин режими Хизб жигиттерин кысымга ала баштады. Мында муфтийлер, аким жана депутаттар о.э. бүтүндөй Крымдын саясий элитасы орустардын үгүтчүлөрүнө айланышын көздөп жатат.

Ислам дини коомдо жарандардын үрп-адаттарын башкара башташы аймакта исламий чөйрөнү пайда кылат. Исламий чөйрө болсо, чыккынчылар, кафир жана мунафыктарды, кыянат кылуудан корко турган кылып коёт. Россия үчүн бул исламий чөйрө өтө чоӊ тоскоол болуп келди. Ал тургай, бирде Крым муфтийи “хизб жигиттери өзүбүздүн балдарыбыз, биз аларды эч кимге берип койбойбуз” деген эле. Бүгүнкү күнгө келип, орустардын зулуму күчөп барышы жана мусулмандарды кысымга алуу күчөшү менен бул аалымдар жана муфтийлер, ал тургай раддия билдирүүгө да алсыз болуп калышты.

Кыянат байрагын бийик көтөрүүгө аракет кылып жатышат. Россия исламий даъват үчүн 20 жылга чейинки камак жазасын белгиледи. Ушул аракеттердин баары Россиянын бирер жамаатка эмес, Ислам жана мусулмандарга каршы аракет кылып жаткандыгын түшүндүрөт. Ушуну билип туруп, муфтийлик кылуу менен болсо да ага бирер кызмат көрсөтүү Ислам динине кыянат кылуу болуп эсептелет. Ыймандуу адамдын ар кандай башкарууга жана диний кызматтарга келүүдөн баш тартышы туура болот. Себеби, Россия Сирияда жүргүзүп жаткан согушу менен иш жүзүндө согуштук абалдагы куфр мамлекети болуп эсептелет. Мусулмандардын канын төгүп жаткан куфр мамлекети менен кызматташуу; ага бирер пайда келтирүү; ага каршы күрөшүп жаткан исламий күчтөргө каршы аракеттерди кылуу, – булардын бардыгы мусулман адам үчүн кыянат болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here