Пан Ги Мун: Бириккен Улуттар Уюмун реформа кылуу татаал маселе

178
0

Пан Ги Мун: Бириккен Улуттар Уюмун реформа кылуу татаал маселе

 БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Бириккен Улуттар Уюмун реформа кылуу «татаал, көп кырдуу жана көп убакыт талап кылуучу маселе» экендигин айтты. Ал өткөн жекшемби күнү Африка Союзунун Аддис-Абебадагы штабында берген маалымат жыйынында «БУУну жана Коопсуздук Кеңешин реформа кылуу Африка эле эмес, бүт дүйнөдөгү мамлекеттердин талабы» экендигин кошумчалады. Пан Ги Мун муну проблема бир нече мамлекеттерге, ошону менен бирге, вето укугуна ээ болгон мамлекеттерге байланыштуу экендиги менен түшүндүрдү. Белгилүү болгондой, Африка Союзуна төрагалык кылуу мөөнөтү аяктаган Зимбабве президенти Роберт Мугабе Африка Союзунун 26-саммитинин ачылышында БУУну реформа кылууга чакырган эле. (Арабий 21).

Роя гезитинин коментаррийи:

Пан Ги Мун БУУ жана Коопсуздук Кеңешин реформа кылуу туурасындагы сөздөрү менен адамдарды алдап жатат. Себеби, ал БУУ жана Коопсуздук Кеңеши ири мамлекеттердин, айрыкча, Американын дүйнө бойлоп жүргүзүп  жаткан саясаттарын ишке ашыруудагы бир курал экенин өтө жакшы билет. Ушундай болгон соӊ, БУУнун башкы катчысы эмне үчүн бул акыйкатты жашырып жатат? Бул акыйкатты түшүнгөн, улуу мамлекеттер таасиринен жана алардын өкүмдарлыгынан азат болууга аракет кылып жаткан ар бир киши бул уюмдарды реформа кылууга эмес, тескерисинче, бул уюмдарды талкалоонун, аларды жаңы дүйнөлүк уюмга алмаштыруунун мазмуну катары аларга каршы эл аралык коомчулуктун пикриин пайда кылууга аракет кылышы керек. Бул жаңы уюмга колонизатор мамлекеттер өкүмдар боло албастыгы, ал ынсапка жана зулумдун алдын алууга негизделиши, бүтүндөй адамзат ортосунда адилеттүүлүктү жайышы керек. О.э. бул уюм бирер мамлекеттин эсебине аракет кылбай турган, тескерисинче бүтүндөй адамзат кызыкчылыгы үчүн аракет кыла турган уюм болушу үчүн моралдык күчкө, аны урматтаган жана колдоп-кубаттаган эл аралык коомчулуктун пикирине таянышы керек.

Роя гезитинин 2016-жыл, 3февралдагы 63-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here