Керри: Алдыда мындан жаманы турат

252
0

Сирия кризисине чечим табуу үчүн уюштурулган сүйлөшүүлөрдө оппозиция өкүлдөрү Россиянын чабуулдарын тилге алган кезде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “Али мындан да жаман болушу” жөнүндө башарат кылды. Бул тууралуу Нью-Йорк Таймс гезити кабар таркатты.

Гезиттин жазышынча, өткөн апта Лондондо принц Чарльз тарабынан донор мамлекеттер үчүн уюштурулган кабыл алуу ырасымында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия оппозициясынын өкүлдөрүн айыптагандай сөз сүйлөгөн. Буга болсо Женева-3 сүйлөшүүлөрү учурунда оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушууга чыкпай койгондугу себеп болгон. Гезитте келишинче, Сирия оппозициясы үмүтсүздүккө түшүп калган.

Кабыл алуу ырасымында катышкан бир сириялыктын кабар беришинче, оппозиция өкүлдөрү бир күндө Сириянын Халаб шаарына 230 жардыруучу бочка ташталгандыгын айткан кезде Керри “180 болчу” деп оӊдоп койгон.

Нааразы болгондой маанайда сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы: “Дагы да коркунучтуу болот. Бул нерсе үч айга созулат жана оппозициянын чоӊ бөлүгүн жок кылат”, “Силер менин эмне кылышымды каалайсыӊар? Россияга каршы согуш ачалыбы?” –  деди.

Туркистон:

Нью-Йорк Таймс гезити Сирия оппозициясынын үмүтсүздүккө түшүп калгандыгын жазды, бул туура. Себеби, алардан кожоюндары күткөн натыйжа жүз бербей жатат. А бирок, оппозиция өкүлдөрү эмес, АКШнын өзү чыныгы үмүтсүздүккө түшкөн. Себеби, анын Сирия туурасында түзгөн бардык пландары жокко чыгып жатат, өткөргөн жолугушуу жана сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа чыкпай жатат. Керрини капа кылган нерсе мына ушул.

Оппозиция өкүлдөрү жолугушууга чыкканы менен эч нерсе өзгөрбөстүгүн Керри өтө жакшы билет. Эгерде оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушууга чыгышы бирер нерсени өзгөрткөндө, анда Керринин бир гана ишара кылып коюшу алардын жолугушууга чыгышына жетиштүү болмок.

Демек, сөз оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушууга чыгышы же чыкпашында эмес, тескерисинче Сирия калкынын шарияттан башкасына ыраазы болбой койгондугунда. Ошондуктан, Керри чабуулдар дагы уланышы менен коркутууда. Бул коркутуу оппозиция өкүлдөрүнө айтылып жаткан болсо да, түпкүлүгүндө Сирия калкына каратылган. Себеби, Россиянын чабуулдарынан карапайым жарандар өлүп жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Оппозиция өкүлдөрүнүн болсо, мурду канап да койгон жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here