Медведев дүйнөлүк согуш чыгып кетишинен эскертти

172
0

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев эгерде Сирия кризиси чечилбесе жана ага АКШ менен араб өлкөлөрүнүн кургактагы аскерлери киришчү болсо, бул чатак “туруктуу” же дүйнөлүк согушка” айланып кетишинен эскертти.

Ал Мюнхенде чыгуучу Handelsblatt гезити менен 11-февраль күнү өткөргөн маекте Вашингтон менен Москва согуш отун өчүрүү үчүн ага тиешелүү бардык тараптарга өз таасирин колдонушу керектигин белгиледи.

Россия премьер-министри, эгер Саудиянын армиясы Сирияда АКШ баштаган кургактыктагы операцияларга катышса, согуш Афганистан же “башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй” токтобогон согушка айланып кетиши мүмкүндүгүн айтты.

Медведев АКШ менен араб өлкөлөрү бул чатакка мындан ары да кийлигишүүдөн мурда кылдат ойлонуусу керектигин о.э. дүйнөлүк согуш отун тутантканча бардык тараптарды келишим түзүүгө мажбурлоо керектигин баса белгиледи.

Туркистон: 

Россия  – АКШ Асад режиминин ордун ээлей турган жаңы жетекчи топту калыптандырып алганча – регионду башка күчтөрдөн коргоп туруу үчүн байлап койгон дөбөткө окшойт.

АКШ Женева-3 конференциясын да Асад режиминин өкүлдөрү аркылуу ар түрдүү шылтоолор менен кечиктирип жатат. Жогорудагы эки багыт т.а. Россиянын Сирия аймагында эркин аракеттенип, убактылуу ал жерди кайтарып турушу жана АКШ өзү уюштуруп келе  жаткан конференцияларды кечиктирүү АКШнын долбоору негизинде болуп жатат.

Долбоор исламий ынкылаптык аракетке каршы турууга каратылган болуп, аны коргоп жаткан бардык кыймылдарды куфрдун тузагына түшүрүү негизинде иштелип чыккан. Куфр тузагы Женева келишимдерине мүчө болуунун астына коюлган болуп, исламий кыймылдарды бул тузакка кууп келүү максатында Россиянын аскерий кубатынан пайдаланып жатышат. Россия аскерий аба күчтөрү жардамында Сирия калкын кыргын кылуу менен бүтүндөй регион жарандарынын жогорудагы келишимдерге бара жаткан исламий кыйылдарга каршылык көрсөтүү рухун сындырмакчы.

Жогорудагы Медведевдин кайрылуусу кезектеги Женева конференциясы ийгиликсиз болуп, кечиктирилгенден кийин айтылып жатат. Т.а. куфр тузагына исламий кыймылдардын барбай жатканы алардын ачуусун келтире баштады.

Путин режиминин максаты болсо, Медведев көтөрүп жаткан дүйнөлүк ызы-чуулардан пайдаланып алуу. Путин – эгерде  АКШ уруксат берсе – Сирияда согуш чыгарууну көздөп жатат. Ал Россияда аскерий башкаруу пайда кылып, өз режимин күч менен кармап калмакчы болууда. Сирияда тынчтык орношуп, Путин ал жерден согуш таба албаса, анда Кавказ, Крым, Казакстан же Орто Азия региондорунда согуш пайда кылышына туура келет. Медведевдин – дүйнө жүзү Россиянын аталыгына муктаж болуп калгандай – өзүн АКШ менен бир катарга коюп билдирүү бериши болсо орус элитасынын кезектеги саясий популисттик билдирүүсүнөн башка нерсе эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here