Мындан бир аз мурда т.а. 3-февраль күнү Казакстанга АКШ аскерий кызматташтык тобунун жооптуулары келишкен эле. Алар эки күндүк жыйын өткөрүп, жыйындын соңунда АКШ менен Казакстандын куралдуу күчтөрү ортосунда 2016-2017-жылдар үчүн план түзүлгөндүгү жарыя кылынган болчу. Казакстан менен АКШ аскерий кызматташтыгынын негизги багыттары – биргеликте аракет кылуу, куралдуу күчтөрдүн кесиптик жөндөмүн көтөрүү, аскерий жардамдашуу жана кызматташтыкта аскерий машыгууларды өткөрүүдөн турушун белгилеп алышкан эле.
Бул жолугушуудан эки күн өтүп т.а. 6-февраль күнү Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу эки күндүк расмий сапар менен Казакстанга келди. Казакстан президентинин маалымат кызматы Назарбаев Ахмет Давутоглу менен соода жана энергетика тармагындагы кызматташтык тууралуу о.э. эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулаша тургандыгын кабарлаган эле.
АКШ аскерийлеринин жана Ахмет Давутоглунун сапары аяктагандан эки күндөн кийин Россия президенти Владимир Путин Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кабар берилишинче, телефон аркылуу болгон маекте Путин Назарбаев менен Украина чыгышындагы абал жана начарлап кеткен орус-түрк алакаларын талкуулашкан.
Казакстан президентинин маалымат кызматы билдиришинче, Путин орус-түрк мамилесинин начарлашына Түркия себепкер деп, биринчи кадам ал тараптан жасалышы керектигин айткан.
Туркистон:
Россиянын ушул абалга келип калышына Путиндин өзүн-өзү өтө жогору баалап жибергендиги жана текебердиги себеп болду. Ал Россияны туӊгуюкка кептеп алып эми эмне кылуу керектигине көзү жетпей жатат.
Назарбаевдин болсо АКШ менен кызматташтыкты күчөтүп жиберүү менен Россиядан кооптонушу аяктаган жок. Себеби, АКШ өз кызыкчылыгы жолунда Казакстан менен Россияны атайын уруштуруп жибериши мүмкүн. (Муну учурда Сирия маселесинде көрүп жатабыз). Ошондуктан, Назарбаев Путиндин абалын көрүп турган жана анын абалына Путиндин өзүнөн да аныгыраак баа бере ала турган тажрыйбалу саясатчы катары, Россия менен Батыштын ортосун оӊдоодо ортомчулук кылып берүүнү сунуштайт. Себеби, Түркия – Россия проблемасы АКШнын саясий долбоору негизинде жүрүп жатканын алардын бардыгы билишет. АКШ күрттөрдү Түркияга каршы багыттоодо да Россиядан пайдаланмакчы.
Россия Путиндин кежирдиги жана текебердиги себептүү алдан тайып бара жатат. Бул болсо, Путиндин режими үчүн да өтө кооптуу абалдарды пайда кылышы мүмкүн. Бул абалдан чыгып кетүү үчүн Путинде эки гана жол бар. 1) Батышка тообо кылып, Россиянын дүйнөлүк жетекчиликке болгон умтулуусунан баш тартуу менен учурдагы чыныгы позициясына ыраазы болуп, үзүлүп бара жаткан алакаларды тикелейт. Бирок, эми мурунку абалынан үмүтүн үзүшү керек. Батыш да негизги талап катары ушул шартты коёт. 2) Кырдаал дагы да курчуп бара беришине ыраазы болуу менен согуштук абалды пайда кылып, Россия бойлоп же анын белгилүү бир аймактарында аскердик абал жана аскерий башкаруу киргизет. Тарыхта Муссолини, Гитлер, Пиначет, Саддам Хусайн жана башкалар мамлекетин аскерий күч менен башкарып өтүшкөн. Мындан тышкары Мисир, Ливан, Түркиядагы аскерийлер башкаруусуна окшогон долбоорлор сыяктуу аскерийлер мамлекетти өздөрүнүн таасир кубаты астында кармап келишкен. Бул аскерий диктаторлук режиминин да өмүрү кыска болот. Натыйжасы болсо эч качан жакшы көрүнүштө аяктаган эмес.
Путин түрктөргө каршы Сирия аймагында согуш уюштуруу максатында бир катар провакациялык операцияларды ишке ашырып жатат. Мындан тышкары, Крым, Чеченстан, Ингушетия жана Дагестанда да мусулмандарга каршы атайын провакациялык операцияларды уюштуруу менен кырдаалды кооптуу абалда кармап турат. Казакстандын түндүк аймактарында да кескиндиктерди пайда кылуу максаты бар. Аырынча Казакстанда орус тилдүү улуттар менен казактардын ортосундагы абал өзүнөн-өзү курчуп бара жатат.
Назарбаев Путинди 1- абалдагы шарттарга ыраазы кылуу үчүн Батышка ортомчулук кылып берүүгө аракет кылат. Бирок, анын Россия менен Украина ортосундагы ортомчулугу да ийгиликсиз болгон эле. Ал эми Казакстандын бүгүнкү күндөгү экономикалык начар абалы да Россияныкынан калышпайт. Назарбаев да абалдан курук чыгып кетүүнүн жолдорун аскерий операциялардан издеп калбаса болду.