Түркиянын премьер-министри Казакстанга келди

172
0

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу эки күндүк жумушчу сапар менен Казакстанга келди. Премьер-министрди  сапар учурунда Түркиянын Транспорт, кемечилик жана коммуникация министри  Бинали Йилдирим коштоп жүрөт.

 Казакстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Ахмет Давутоглунун Назарбаев менен соода, энергетика тармагындагы кызматташтыкты о.э. эл аралык жана региондук маселелерди талкуулашуусу күтүлүүдө.

Учурда Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү 4 млрд долларды чапчыйт. Түркия Казакстандын өнөктөшү катары АКШ, Түштүк Корея жана Улуу Британиядан кийин 4-тепкичте турат.

Мындантышкары, Казакстандын аймагында 1800дөй түркиялык компаниялар иш алып барып, алардын жалпы баалуулугу 17,5 миллиард долларга барабар.

Акыркы жылдарда эки мамлекет ортосундагы сооданын көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2 миллиарддан 4 миллиард долларга жетти. “Жаңы кызматташтык” программасынын алкагында эки мамлекеттин башчылары бул көрсөткүчтү 10 миллиард долларга жеткирүүгө келишип алышкан болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here