Россия азыркы экономикалык абалында келишим түзүлгөн ири долбоорлорду каражат менен камсыздай албастыгын моюнга алган соӊ Кыргызстан өкмөтү 31-декабрь күнү Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатация кылуу боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу туурасында токтом кабыл алып, ГЭСтердин курулушуна сарпталган 37 миллион долларды Россияга кайтарып берүү керектигин билдирген эле.
Өкмөт бул акчаны кийинчерээк ушул долбоор үчүн табыла турган жаңы инвестордун мойнуна жүктөп, ал аркылуу карыздан кутулууну көздөгөн эле. Карызды кайтаруудан мурда анын сарпталган ордун жана көлөмүн аныктоо максатында парламенттик комиссия түзүлүп, ал комиссияга аткарылган иштин көлөмүн аныктоо милдети жүктөлгөн болчу. Нарынга барып, ГЭСтерге сарпталган материалдар, аткарылган иштер менен таанышып кайткан депутаттар Нарын ГЭСтерин курууда 37 миллион доллар сарпталганы айтылып жатканы менен бул сумма аткарылган иштерге караганда өтө көп экендигин билдиришүүдө.
Бул арада өкмөт да чыгашаларды аныктоо максатында мекемелер аралык комиссия түзүүгө аракет кыла баштады. Буга чейин Россиянын “Русгидро” ишканасы Нарында ГЭСтерди куруу үчүн 37 миллион доллар сарптаганы жана муну Кыргызстан тарап төлөп бериши керектиги айтылган эле.
Жогорку Кеңеште ГЭСтерди курууга сарпталган каражатты аныктоо максатында түзүлгөн парламенттик комиссиянын биринчи жыйынында бир нече шектүү цифралар келтирилди. Комиссиянын төрагасы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Жогорку Нарын каскады” ишканасынын расмий сайтында 7 миллион доллардык иш туурасында отчёт бар экендигин, ал эми курууга сарпталган материалдар, көрсөтүлгөн кызматтарды текшергенде болсо баалар эки-үч эсе көбөйтүлүп көрсөтүлгөндүгү аныкталгандыгын айтты.
“Кичинекей бетон заводун курууга 75 миӊ доллар жумшалыптыр. Бирок, алар документте 500 миң доллар деп көрсөтүшкөн. Көпүрө курууга 500 миң доллар сарпталды деп көрсөтүлгөн. Биз сайттарды көрүп чыгып, алардагы маалыматтар боюнча көпүрө куруу мындан эки-үч эсе арзан болушун аныктадык. ГЭСтерди курууда жаратылышка тийгизе турган зыянын аныктоо үчүн тендер жарыя кылышкан. Тендерде утуп чыккан жеке менчик лабораторияга 200 миң доллар төлөнгөн. Мен ал кандай лаборатория экендигин, кызматын эмне үчүн 200 миң долларга баалагандыгын түшүнбөй жатам. Менин оюмча, аны адистер миң долларга деле аныктап бериши мүмкүн”, – деди Шыкмаматов.
Шыкмаматовдун маалыматына ылайык, мындан тышкары күзөт агенттигине 200 миң доллар, реклама үчүн 40 миң доллар, 10 даана жүк машинасын сатып алууга 1 миллион доллар сарпталган.
Туркистон:
Бийлик үммөттүн (элдин) колунда. Эл өзүнүн арасынан эң татыктуу деп билген адамга бийликти шайлоо жолу менен тапшырат. Пайгамбарыбыз С.А.В. “силер кандай болсоӊор, үстүӊөргө ошондой акимдер келет” деген. Т.а. жарандардын жалпы дүйнө караштары жана программалары кандай болсо, өздөрүнө окшогон дүйнө караштагы эң алдыӊкыларынын арасынан бир адамды өздөрү үчүн жетекчи кылып алышат.
Бирок, ар кандай үммөт өздөрү тандаган укук ээлеринен бир гана нерсени талап кылат, жарандар өкмөттөрдөн өздөрүнүн ар бир кызыкчылыктарын коргоп беришин о.э. ушул иште кыянатсыз жана калыстык менен кызмат кылышын каалашат. Жетекчилер да үммөттөн ыйгарым-укук сурап жаткан кезде өздөрүн кудум ушундай патриот кылып көрсөтүшөт.
Эми, кыргыз өкмөтү үчүн убада кылган нерселерин аткаруунун убагы келди. Алар жарандардын мүлктөрүн орустардан коргой алышпады. Газ, нефть жана башка көптөгөн тармактарды аларга тарттырып жиберишти. Үммөттүн мүлкүн талап-тонотуп жиберишти. Ушул иштерди ишке ашырышпаса, алар болгону кызматынан гана айрылышы мүмкүн эле. Бирок, акимдер ач-жылаӊач кыргыз жарандары үчүн кээде арзыбаган бир нече миң сом садака кылгандыгы менен мактанышат. Орустар болсо, миллиондогон доллор акчаларыбызды алып чыгып кеткенден тышкары, дагы мойнубузга карыздарды илип жиберүүгө аракет кылып жатышат.
Өкмөт алсыздыгын жашыруу максатында диний катмардын өкүлдөрү менен жана анын бул кылмыштарын ашкере кыла турган оппозиция өкүлдөрү менен күрөшүүнү улантып жатат. Аны проблеманын кыргыз эли үчүн пайдалуу болгон чечимдери кызыктырбайт. Жетекчилер бул абалдагы өздөрүнүн каталарын жашырууга аракет кылышат. Эми комиссиялар менен кылмышкер өкмөттүн ортосунда соодалашуу башталат.
Россия Кыргызстан өкмөтүн кыпындай да урматтабайт. Эгерде бул 37 миллион афёрасынын ичинде кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү да бар болсо, анда бардык айыпты аларга жүктөп жиберишет. Россияны болсо Кыргызстан эмне кыла алышын эми тамаша кылабыз. Бул орустарга болгон чаралар бийликтин өз жарандарына жана алардын мүлк жана каражаттарына болгон мамилесин иш жүзүндө көрсөтүп берет. Бийлик өз элине берилгендигин көрсөтүү жана далилдөө үчүн ыӊгайлуу учур пайда болду.